Sign In
ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун күн тартибин талкуулашты

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун күн тартибин талкуулашты

06.03.17
.
ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу болуп өттү. Тараптар   Евразия өкмөттөр аралык кеңештин   7-мартта Бишкекте өтө турган отурумунун күн тартибин талкуулашты.

Биримдик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык биримдигинде санарип күн тартибин ишке ашырууга, көбүрөөк интеграциялык потенциалга ээ перспективалуу тармактарды колдоого, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди карашат.  

Евразия өкмөттөр аралык кеңештин  отурумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлуп, басма сөз үчүн маалымат берилет.

Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Евразия экономикалык биримдиги ага мүчө мамлекеттердин ортосунда тике диалогду колдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктү сунуштай турган, интеграциялык биримдик экендигин баса белгиледи.  Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшө берээрин маалымдады.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Комиссиянын кеңешинин 3-мартта Москвада мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде өткөн отурумунун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.