Sign In
Татьяна Валовая: “Өз ара сооданын негизги кыймылдаткычынын бири болуп, макроэкономикалык кырдаалды жакшыртуу менен мажбурланган ички суроо-талап саналат”

Татьяна Валовая: “Өз ара сооданын негизги кыймылдаткычынын бири болуп, макроэкономикалык кырдаалды жакшыртуу менен мажбурланган ички суроо-талап саналат”

2018_02_02_ЕМПС_10_министры.JPG
06.02.18

Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ортосундагы 2017-жылдагы өз ара соода жогорку динамикасы менен мүнөздөлөт. Акыркы жылдардагы байкалган ЕАЭБдин ички товар айланымынын өз ара төмөндөөсү 2017-жылы олуттуу өсүү менен алмашты. Тогуз айдын жыйынтыгы менен Биримдиктин өз ара соодасынын көлөмү 26,9%га көбөйдү. ЕАЭБдин бардык негизги экономикалык көрсөктүчтөрү боюнча оң динамика байкалууда. 2017-жылы мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын абалы жөнүндөгү жана катышуучу өлкөлөрдүн макроэкономикалык кырдаалы боюнча мындай берилмелер, 2-февралда Алматыдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда сунушталган Евразия экономикалык комиссиясынын докладында камтылган.

“Динамика өтө туруктуу. Биз өз ара сооданын өсүшүнүн негизги кыймылдаткычынын бири  болуп, макроэкономикалык кырдаал менен мажбурланган ички суроо-талап эсептеле тургандыгын аныктай алабыз”,- деп белгиледи ЕЭКтин интеграциялоо жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Ички суроо-талапты жогорулатууга, экономикалык саясатты стимулдаштыруучу чаралар жана жеке керектөөнү калыбына келтирүү маанилүү салым кошту. Ошону менен бирге бул процесстин ылдамдыгы ички суроо-талапты жана фискалдык саясатты стимулдаштыруучу чараларды жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун ар кандай түрдүү масштабдары менен айырмаланат.

ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттерине салыштырмалуу Армениянын жана Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү кыйла жогору, ошондой эле бул өлкөлөрдүн катышуусу менен товардык агымдардын өсүүсүнүн озуп кетүү темптери, алардын ЕАЭБдеги мүчөлүгүндө жакшы таасир берүүдө. ЕАЭБди негиздөөчү өлкөлөрдүн өз ара соодасынын 2017-жыл ичиндеги жагымдуу мүнөздөмөлөрү Беларусия, Казакстан жана Россия үчүн бирдиктүү рыноктун жана анын кирешелүүлүгүн сактоонун маанилүүлүгүн тастыктайт. “Чындыгында, биздин Биримдик интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн орду болуп жатат,”- деп баса көрсөттү ЕЭК министри  Татьяна Валовая.

2017-жылы Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди бекемдөө ЕАЭБдин бизнесинин узак мөөнөттүү өз ара кызыкчылыктарынын күбөсү болуп саналат. ЕЭК министринин пикири боюнча, евразия интеграциялык бирикменин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын андан аркы сапаттуу өнүгүүсү, Биримдиктин иштөөсүнүн бекем негизин камсыз кылуу менен, ЕАЭБдин өз ара соодасынын товардык түзүмүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана товарларды айырмалашууга мүмкүндүк берет.