Sign In
ЕЭК ЕАЭБге алып келинген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө 2020-жылга карата тарифтик квоталарды белгиледи

ЕЭК ЕАЭБге алып келинген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө 2020-жылга карата тарифтик квоталарды белгиледи

31.07.19
31-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы бажылык-тарифтик жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык, экономиканы санариптештирүү, статистика, коомдук укук, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБге алып келинген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө 2020-жылга карата тарифтик квоталарды, ошондой эле тарифтик квоталардын көлөмдөрүн белгиледи. Алсак, Беларус үчүн кийинки жылга карата төмөнкү көлөмдөгү квоталарга жол берилет: чочко эти – 20 миң тонна, үй тоокторунун сөөктөн ажыратылган эти – 10 миң тонна, күрптөрдүн сөөктөн ажыратылган эти – 0,9 миң тонна. Казакстан үчүн ири мүйүздүү малдын этине квота 21 миң тонна көлөмүндө белгиленет, куш этине – 140 миң тонна. Кыргызстан үчүн ири мүйүздүү малдын этине квота 5 миң тоннаны түзөт, чочко этине – 3,5 миң тонна, куш этине – 58 миң тонна. Россия үчүн ири мүйүздүү малдын этине 570 миң тонна көлөмүндөгү квота каралган, куш этине – 364 миң тонна, сүт сары суусуна – 15 миң тонна. Армения 2020-жылга карата квоталарды белгилөөнүн зарылдыгынын жоктугу тууралуу маалымдады.

Ошол эле мезгилде, ЕЭК Коллегиясынын чечиминде мүчө мамлекеттер тарифтик квоталардын көлөмдөрүн тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын ортосунда улуттук мыйзамдарга ылайык бөлүштүрөт деп каралган. Алардын ыйгарым укуктуу органдары белгиленген тарифтик квоталардын алкагында продукцияны импорттоого лицензияларды беришет. Россия тарифтик квоталардын көлөмдөрүн үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда улуттук мыйзамдарга жана анын БСУнун алкагындагы милдеттенмелерине ылайык бөлүштүрөт.

Белгиленген тарифтик квоталардын алкагында айыл чарба продукциясын үчүнчү өлкөлөрдөн Бирдиктүү бажы тарифине салыштырмалуу алып келүү бажы алымдарынын кыйла төмөн коюмдары боюнча алып келүүгө жол берилет.

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Европа коомдук укук уюмунун (ЕКУУ) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жактырылды.

Бажылык жөнгө салуу тармагындагы бир катар жалпы процесстер аракетке киргизилди. Алар бажы өкүлдөрүнүн, убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин, бажы кампаларынын ээлеринин жана бажы ташуучуларынын жалпы реестрлерин түзүүнү, алып барууну жана пайдаланууну камсыз кылат. ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүү үчүн Коллегиянын тийиштүү тескемелери кабыл алынды.