Sign In
ЕЭКте пандемиядан кийинки экономикалык өнүгүүнүн перспективаларын талкуулашты

ЕЭКте пандемиядан кийинки экономикалык өнүгүүнүн перспективаларын талкуулашты

30.11.20
COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан каатчылык жаңы илимий-технологиялык жана дүйнөлүк чарба жүргүзүү тартиптеринин маңызынын калыптанышын тездетүү менен, дүйнөлүк экономикадагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн катализатору болду.  Мындай шарттарда мамлекеттин стабилдештирүү чараларын ыкчам иштеп чыгуудагы ролу олуттуу түрдө өсөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Мамлекеттер аралык банк менен биргеликте уюштурулган "COVID-19 пандемиясы: симптомдору жана дүйнөлүк экономиканы дарылоо" деп аталган эл аралык макроэкономикалык семинарда сөз болду.

Семинарды интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьев жана Мамлекеттер аралык банктын президенти Игорь Суворов ачышты. Алар COVID-19 каатчылыгынын экономиканын келечектеги өнүгүүсү жана коом үчүн кесепеттеринин түзүмдүк мүнөзүн белгилешти.

Семинардын маселелеринин биринчи блогу дүйнөлүк экономиканын "жаңы ченемдүүлүгүнүн" мүнөздөмөлөрүнө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн кесепеттерине байланыштуу болду.

ЮНКТАДдын глобалдаштыруу жана өнүгүү стратегиялары бөлүмүнүн башчысы Игорь Паунович дүйнөлүк экономиканын пандемиядан кийинки мезгилдеги өнүгүү сценарийлерин көрсөттү. Анын пикири боюнча, дүйнөлүк экономиканы "V" же "U" түрүндөгү калыбына келүү эмес, "K" формасындагы калыбына келүү – жакырлардын абалынын начарлашынын фонунда байлар үчүн кирешелердин өсүшү күтүүдө, бул өз кезегинде теңдешсиздиктин өсүшүнө алып келет.

ЮНИДОнун өнөр жай саясаты жана изилдөөлөр маселелери боюнча сунуштамалар багытынын башчысы Нобуя Харагучи каатчылык кубулуштарынын өнөр жай тармактарындагы кошулган нарктын өзгөрүшү жагынан алгандагы масштабдарын баалоону көрсөттү. "2020-жылдагы каатчылыктын натыйжасында өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү 2008-жылдагы каржылык каатчылыктын алкагындагы төмөндөөдөн бир кыйла күчтүүрөөк болду, бирок анын калыбына келүү темптери да бир кыйла жогору", – деп белгиледи ал.

Семинардын кийинки блогунун спикерлеринин көңүл борборунда COVID-19 пандемиясынын регионалдык интеграция үчүн чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү болду.

"Валдай" Эл аралык талкуу клубунун программалык директору Ярослав Лисоволиктин пикири боюнча, "регионалдык интеграциялык бирикмелерге жана өзүнчө алынган өлкөлөргө жөн гана кийинки экономикалык каатчылыкты күтүп отуруу жетишсиз, каатчылыктар мезгилинде иштешүү (кызматташуу) механизмдерин алдын ала иштеп чыгуу зарыл".

Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия департаментинин регионалдык кызматташтык бөлүмүнүн экономисти Лилия Алексанян Кавказ регионунун өлкөлөрүндөгү жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык калыбына келүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди, ал жерлерде фискалдык мүмкүнчүлүктөр каатчылыкка чейинки мезгиде эле чектелген болчу. Пандемиянын Азия өлкөлөрүндөгү кесепеттерин талдоону улантып жатып, ЭСКАТОнун соода, инвестициялар жана инновациялар боюнча бөлүмүнүн башчысы  Мия Микич нарк түзүүнүн глобалдык чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында аларды кайра түзүүнүн багыттарын белгилеп өттү.

РИАнын Латын Америкасы Институтунун Экономикалык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Людмила Симонова COVID-19 каатчылыгынын Латын Америкасы жана Кариб бассейни регионундагы кесепеттеринин масштабдарын баалоону көрсөттү, ошондой эле чаралардын тереңдиги, мүнөзү жана катышуучу өлкөлөрдүн иш-аракеттерди координациялоого даярдыгы жагынан алганда региондун интеграциялык бирикмелеринин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы орчундуу айырмачылыктарды баса белгилеп өттү.

Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары Ерик Ашимов учурдагы каатчылык жагдайдын натыйжасында ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кооперациянын чоң ролун белгиледи. "ШКУнун "шанхай духунун" принциптеринин негизинде пандемиянын саясий жана социалдык-экономикалык, эпидемиологиялык кесепеттерин жеңүү боюнча жамааттык чараларды иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу аянтча катары талап кылынгандыгы олуттуу түрдө бекемделди", – деди ал.

Макроэкономикалык талдоо жана кыска мөөнөттүү болжолдоо борборунун макроэкономикалык процесстерди талдоо жана кыска мөөнөттүү болжолдоо багытынын жетекчиси Дмитрий Белоусов валюталык каржы тутумдарын регионалдаштыруу ишке ашырылган жок деген пикирин билдирди. Учурда калыптанган жагдайда ЕАЭБ үчүн каржылык суверенитетти камсыз кылуунун маанилүү шарты мүчө мамлекеттердин атаандаштык артыкчылыктарына таянган технологиялык өнүгүү болуп саналат.

Семинардын аяккы бөлүгүндө чыгып сүйлөнгөн сөздөр туруктуу өнүгүү жаатындагы долбоорлорду талдоого арналды. Семинардын катышуучулары каатчылыкка карабастан, туруктуу жана жоопкерчиликтүү корпоративдик өнүгүүнүн принциптери экономикалык субъектилер үчүн өзүнүн приоритетин сактоодо деп белгилешти.

КМШнын катышуучу мамлекеттеринин 2030-жылга чейинки Мамлекеттер аралык инновациялык кызматташтык программасын талкуулоонун алкагында Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Михаил Брюханов инновациялар, маалыматтык технологиялар, коммуникациялар, биомедициналык технологиялар, экология, транспорт, космос, жаңы энергетика, билим берүү тармактары кызматташтыктын бириктирүүчү багыттары болуп калышы мүмкүн деп белгиледи.

ПРООНдун Россия Федерациясындагы өнөктөштүктү колдоо боюнча кеңсесинин жетекчиси  Александр Аверченков КМШ регионунда ишке ашыруу үчүн долбоорлорду тандап алуу боюнча Трасттык фонддун иши жөнүндө айтып берди. Алсак, Трасттык фонддун Кеңеши тогуз долбоордун ишке ашырылышын жактырды, алардын арасында – Армения Республикасынын айрым алыскы райондорундагы жергиликтүү коомчулуктардын туруктуулугун бекемдөө боюнча долбоор.

Москва соода-өнөр жай палатасынын туруктуу өнүгүү боюнча гильдиясынын башчысы Анна Золоторевская каатчылык МСӨП платформасында түзүлгөн биринчи социалдык биржанын ишмердигин токтоткон жок деп билдирди. Аталган биржа каржылык ресурстарды социалдык жоопкерчилик критерийлерине шайкеш келген шарттарда гана берүү менен, жоопкерчиликтүү корпоративдик саясаттын түзүлүшүнө өбөлгө түзөт.

ЭВФтин Россия Федерациясындагы туруктуу өкүлү Аннет Киобенин презентациясы семинарды аяктады, ал дүйнө өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каатчылык мезгилиндеги экономикалык өнүгүүсүнүн эң актуалдуу тренддерин жана көрсөткүчтөрүн ачып көрсөттү, ошондой эле ЭВФтин экономикалык өнүгүүнүн жаңыланган болжолдоолору көрсөтүлдү. Аннет Киобе баса белгилеп өткөндөй, ыкчам таасирденүү чараларынын кабыл алынышына карабастан, каатчылык кыска мөөнөттүү гана эмес, орто мөөнөттүү макроэкономикалык динамикага да артка тартуучу таасирин тийгизүүдө.

Аягында Сергей Глазьев рецессиядан чыгуу дүйнөнүн бардык мамлекеттери үчүн бир мезгилде болбойт деп баса белгиледи. Мындай шарттар эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөнүн өзгөчө маанилүүлүгүн аныктайт. ​