Sign In
Молдова ЕАЭБ менен кызматташууну пландаштырууда

Молдова ЕАЭБ менен кызматташууну пландаштырууда

67b67e83e567bb13e946db2b56d95132.jpg
30.11.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Молдова Республикасынын ортосундагы толук кандуу соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүүнүн жана андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Молдованын ортосунда өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун экинчи отурумунун негизги темасы болду.

Иш-чарага молдовалык бизнестин өкүлдөрү, Молдованын Президентине караштуу Экономикалык кеңештин катышуучулары, ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин Молдовадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, Росайылчарбакөзөмөлүнүн, Россиянын Федералдык бажы кызматынын жана ЕЭКтин өкүлдөрү катышышты.

Отурумду Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон ачып, ал өз сөзүндө ЕАЭБтин бардык өлкөлөрүнө молдовалык продукциянын экспортунун өсүшүн белгилеп, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытты туруктуу жана системалуу колдогондугу үчүн ЕЭКке ыраазычылыгын билдирди.  “ЕАЭБ өлкөлөрү - Молдова үчүн абдан маанилүү рынок жана экспорттун негизги каналы. Биздин биргелешкен топтун бүгүнкү отурумун колдойм жана келерки жылы байланыштар мындан да жигердүү жана жемиштүү болоруна ишеним билдирем”, - деп билдирди ал.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая да евразия-молдова диалогунун азыркы этабына оң мүнөздөмөсүн билдирип, Молдованын Президентинин  өз ара пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүүгө багытталган күч-аракеттерине жогору баасын берди.   ЕАЭБтин 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктарын баалоодо ЕЭК министри үч негизги учурду бөлүп көрсөттү - Биримдиктин жалпы фармацевтикалык рыногун ишке киргизүү, даярдалган жаңы Бажы кодекси (ал 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүсү пландаштырылат) жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө жана Биримдиктин жалпы санариптик күн тартибин түзүүгө багытты ЕАЭБ президенттери колдоосу.

Татьяна Валовая Биримдиктин макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат менен бөлүштү, алар ЕАЭБтин бардык өлкөлөрү экономикалык төмөндөөнү жеңип өтүп жана өсүш траекториясына чыккандыгын күбөлөндүрөт. Ушул жылдын январь-сентябрында өз ара сооданын 27%га, тышкы сооданын - 25%га өсүшү, өнөр жай өндүрүшүнүн - 2,5%га өсүшү, айыл чарба продукциясынын өндүрүшүнүн - 3,2% өсүшү байкалууда. Ошол эле учурда оң динамика ЕАЭБтин ар бир өлкөсүндө бар, ал эми өз ара сооданын өлүшүнүн өсүшү салттуу болуп калган. “Мунун бардыгы интеграциянын үзүрү, алар биздин өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүүсүн колдоп жана жасалган тандоонун тууралыгын тастыктап турат. Биз Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттери менен өз ара пайдалуу кызматташтыкка Молдованын кызыгуусун колдойбуз. КМШ өлкөлөрү менен биздин мамилелер өзгөчө жакын. Молдованын Президенти Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумдарына эки жолу катышты, жана биз республиканын өкмөттүк түзүмдөрүнүн, улуттук министрликтеринин жана ведомстволорунун атынан өзүбүздүн визавилерди тапканыбызга кубанычта болдук”, - деп билдирди ЕЭК министри. 

ЕЭК өкүлдөрү молдовалык тараптан жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыктары боюнча алынган суроолордун жана сунуштардын тизмесин иштеп чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө докладдар менен чыгып сүйлөштү, кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты жана молдовалык ишкерлердин жана бизнес-ассоциациялардын суроолоруна жооп беришти.