Sign In
"Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди

"Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди

30.09.20
29-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы аларды ыктыярдуу негизде колдонуу "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин (ББ ТР 018/2011) талаптарын аткарууну камсыз кылган стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзгөртүүлөр түстүү-графикалык маркалоону колдонуу, ыкчам  кызматтардын унааларына атайын үн жана жарык сигналдарын орнотуу маселелерин жөнгө салуучу Казакстан Республикасынын улуттук стандартын анын актуалдуу версиясына алмаштырууга байланыштуу болду.​