Sign In
ЕЭК Министри Гегам Варданян: "Проактивдүү ченемдик жөнгө салуу - Бирликтин санариптик долбоорлорун өнүктүрүүнүн драйвери"

ЕЭК Министри Гегам Варданян: "Проактивдүү ченемдик жөнгө салуу - Бирликтин санариптик долбоорлорун өнүктүрүүнүн драйвери"

30.09.20
ИT-бизнеси индустрияны ченемдик жөнгө салууда мамлекеттердин проактивдүү колдоосуна муктаж, деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян "Өнөр жайлык Россиянын санариптик индустриясы" (ЦИПР 2020) конференциясынын алкагында өткөн "Санариптик платформалар: экономика үчүн конструктор" пленардык отурумунда.

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, акыркы жылдары ИТ-бизнесинин милдеттери өзгөргөн: "Рынок менен тынымсыз диалогдо болуу менен, акценттердин кандайча өзгөргөндүгүн көрөбүз, ченемдик-укуктук базанын өзгөрүшү сезимтал темага айланды".

Гегам Варданян санариптик технологиялар өтө тездик менен өнүгүп жаткандыгын жана бизнес-процесстерге жигердүү киргизилип жаткандыгын, бирок масштабды жогорулатуудагы тоскоолдук - санариптик трансформация менен салыштырууга боло турган ченемдик  базанын жоктугун белгиледи.

ЕЭК министринин пикири боюнча, бул тоскоолдукту жоюуга өбөлгө боло турган өнүгүүнүн эки багыты бар. Биринчиси - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду түзүү. Экинчиси - ишканаларга жана мамлекетке санариптик долбоорлорду рыноктун катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарда жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген жөнгө салуучу "кум коргондор". 

Гегам Варданян 2017-жылдын аягында Евразия экономикалык бирлигинин беш өлкөсүнүн мамлекет башчылары Бирликтин 2025-жылга чейинки санарип күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарын бекиткенин эске салды. Документте мамлекеттердин санариптик чөйрөдөгү кызматташтыгынын максаттары, принциптери, милдеттери, багыттары жана механизмдери аныкталган. 

"ЕЭКтин негиз салуучу долбоорлорунун бири болуп Интеграцияланган маалыматтык тутуму (ИМТ) саналат. Бул жалпы процесстерди жүзөгө ашыруу, маалыматтарды жана электрондук документтерди мамлекеттер аралык алмашуу, ошондой эле Бирликтин органдарынын ишин колдоо үчүн маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган гео-бөлүштүрүлгөн маалымат тутуму ", - деп баса белгиледи Гегам Варданян.

Ал бир күн мурун ЕЭК Кеңешинин жыйынында Бирликтин ИМТсын трансформациялоону баштоо боюнча чечим кабыл алынгандыгын кошумчалады. Аны өнүктүрүүнүн жолдору, балким платформалык моделдерди карап чыгуу пландаштырылууда.

ЕЭК министринин айтымында, санариптик күн тартибинин алкагында Комиссия ар кандай чөйрөлөрдөгү демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырат. Мисалы, "Өнөр жай кооперациясынын, субконтрактациянын жана технологиялардын трансферинин евразиялык тармагы" долбоору ири өндүрүүчүлөрдүн өндүрүштүк чынжырчаларына чакан жана орто ишканаларды тартуу аркылуу мүчө мамлекеттердин ишкердик субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Дагы бир долбоор - “Чек арасыз жумуш” бирдиктүү издөө тутуму" - бул жумушка орношуу жана жумуш менен камсыз кылуу жаатында мүчө мамлекеттердин маалыматтык тутумдарында камтылган бош жумуш орундары жана жумуш издөөчүлөр жөнүндө маалыматты издөө тутуму. Комиссия ошондой эле санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууда - бул логистикалык маалымат алмашуунун ачык санарип чөйрөсү.

Гегам Варданян белгилегендей, Интеграцияланган маалымат тутуму менен катар бардык долбоорлор ЕАЭБдин санарип кызматтарынын экосистемасынын негизин түзөт.

Талкууга ошондой эле Россиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Владислав Федулов, "Россия Почтасы" ААКтын башкы директору Максим Акимов, "Сколково" фондунун төрагасы Аркадий Дворкович, ABBYY башкы директору Дмитрий Шукшин, Mail.ru Санариптик технологиялары башкаруучу директору Павел Гонтарев, "ВЭБ Венчурс" ЖЧКсынын башкы директору Олег Теплов, "Ростех" МКнын санариптик трансформация боюнча директору Рачик Петросян, "Санарип экономика" AКЭУ башкы директору Евгений Ковнир катышышты.

Пленардык отурумдун жүрүшүндө ошондой эле, ИТ-бизнес тармагы үчүн жеңилдетилген салык режими, санариптик платформалардын "өлүмдүүлүгүнүн" себептери жана мамлекеттер тарабынан бизнести мүмкүн болгон каталардан эскертүүчү өбөлгөлөөчү инструменттер боюнча маселелер кызуу каралды.​