Sign In
Тимур Жаксылыков Кыргызстандын мугалимдерине жана студенттерине ЕАЭБде бизнес алып баруунун шарттарын жакшыртуу тууралуу айтып берди

Тимур Жаксылыков Кыргызстандын мугалимдерине жана студенттерине ЕАЭБде бизнес алып баруунун шарттарын жакшыртуу тууралуу айтып берди

30.09.19
ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков Бишкектеги Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөргөн лекциясынын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бизнес алып баруунун шарттарын жакшыртуу, интеллектуалдык менчик укуктарын сактоо жана коргоонун деңгээлин жогорулатуу жана жалпы эле кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдардын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылуу боюнча иши тууралуу айтып берди. 

ЕЭК министри жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосун киргизүүнүн аркасында ишкерлердин Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун коомдук талкуулоодо алар боюнча келип түшкөн сунуштарынын дээрлик үчтөн эки бөлүгү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагындагы улуттан жогорку жөнгө салуу документтерин иштеп бүтүрүүдө эске алынарын баса белгиледи. 

Тимур Жаксылыков ЕАЭБде кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө карата мамилелер тууралуу билдирди. «Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу – бул эркиндиктин эң эле жогорку деңгээли, ал кайрадан катталуусуз жана чектөөлөрсүз, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн персоналынын уруксаттарын жана квалификациясын таануу менен, Бирликтин башка өлкөлөрүнүн жарандарынын кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет», – деди ЕЭК министри.