Sign In
ЕЭК министри Тимур Жаксылыков: «Ишенимдүү мамилелерди камсыз кылуу үчүн жөнгө салуучулардын жана бизнес-коомдоштуктун өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарыл»

ЕЭК министри Тимур Жаксылыков: «Ишенимдүү мамилелерди камсыз кылуу үчүн жөнгө салуучулардын жана бизнес-коомдоштуктун өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарыл»

30.09.19
«Евразия жумалыгы – 2019» IV Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында өткөрүлгөн «Бизнес, акча, адам: ЕАЭБде интеграцияны тереңдетүүгө карата мамилелер» деп аталган панелдик сессиянын катышуучулары бизнес-климатты жакшыртуу, айрыкча кызмат көрсөтүүлөр тармагында ишкердик ишмердикти активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Иш-чара Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында болуп өттү. Сессиянын спикерлеринин катарында – Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарынын кызмат адамдары, ошондой эле Казакстандын, Россиянын бизнес-коомдоштуктарынын жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Ишкердик кеңешинин өкүлдөрү.

Сессиянын катышуучулары бирдиктүү рыноктогу тоскоолдуктарды карап чыгышты, аларды жоюу, ошондой эле Бирликтин ичиндеги экономикалык процесстерди жеңилдетүү боюнча аспаптарды сунуш кылышты. Мүчө мамлекеттердин жана бизнес-коомдоштуктун пикири боюнча, бул ЕАЭБдин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууда принципиалдуу мааниге ээ.

Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары Елена Перминова айтып өткөндөй, көп учурларда техникалык жөнгө салуу керектөөчүнү коргоо үчүн эмес, Бирликтин башка өлкөлөрүнүн рынокторуна кирүүнү чектөө үчүн колдонулат. Ошондой эле, ал Беларуста 2019-жылдын февраль айынан тарта жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосу киргизилгендигин белгиледи. Беларустун экономика министринин орун басары кызмат көрсөтүүлөр рыногунун көйгөйлөрүн чагылдырган айрым учурларга токтолуп өттү. Бул, атап айтканда, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн персоналына кош салык салуу, лизинг тармагында чектөөлөрдүн киргизилиши. Елена Перминова Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн милдеттенмелерин имплементациялоо жана аларды ак ниеттүү аткаруу зарылчылыгына көңүл бурду. 

Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин вице-президенти, ЕАЭБдин Каржы-банк ассоциациясынын координациялык кеңешинин төрагасы Александр Мурычев белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин № 16 тиркемесинде каржы кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн эсептерди ачууда, акча которууда жана төлөмдөрдү жасоодо чектөөлөрдү колдонбоого байланыштуу укуктарынын корголушуна кепилдиктер белгиленген. Бирок иш жүзүндө аталган кепилдиктер катуу жөнгө салуучулуктун жана чектөөлөрдүн болушунан улам колдонулбай келет, аларды биргелешкен аракеттер менен гана жоюуга болот.

ЕАЭБдин Ишкердик кеӊешинин катчылыгынын жетекчиси Станислав Наумов Бирликтин кепилдиктерин ири компаниялар үчүн гана эмес, Бирликтин өлкөлөрүнүн жергиликтүү рыноктордогу бардык бизнестери үчүн да аткаруу зарылчылыгы жөнүндө билдирди. Ошондой эле, ал ар бир улуттук аткаминердин Бирликтин милдеттерин аткаруу зарылдыгы жөнүндө «билүү презумпциясын» киргизүү аркылуу ЕАЭБдин ичиндеги «баррикадаларды» жоюу керектигин баса белгиледи.

«Катуу жөнгө салуучу чаралардын жана бизнес үчүн чектөөлөрдүн болушу кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн чоңойтуу үчүн стоп-фактор болууда. Өз кезегинде, бирдиктүү рыноктун пайдалары ички жөнгө салууну либералдаштыруу деңгээлинен көз каранды, ал эми буга мыкты, кыйла азыраак оорлотуучу иш-тажрыйбаларды киргизүү аркылуу жетүүгө болот. Мындан сырткары, ишенимдүү мамилелерди камсыз кылуу үчүн жөнгө салуучулардын жана бизнес-коомдоштуктун өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарыл», – деп Тимур Жаксылыков тыянактады.

Толугураак маалыматты «Евразия жумалыгынын» сайтынан алууга болот www.eurasianweek.com.