Sign In
«Евразия жумалыгы» форумунда «ЕАЭБдин Жаш лидерлер мектеби» ачылат

«Евразия жумалыгы» форумунда «ЕАЭБдин Жаш лидерлер мектеби» ачылат

30.07.19

Жаштардын күн тартиби 25-27-сентябрда Бишкекте (Кыргызстан) болуп өтө турган «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун көңүл борборунда болот. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрликтеринин жаш дипломаттарынын бирикмелери менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) караштуу Жаштар кеңешинин түзүлүшү бул теманы өзгөчө актуалдуу кылууда.

«Бул жылы Евразия экономикалык бирлиги ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын беш жылдыгын белгилөөдө. Биздин Бирлик – жаш регионалдык бирикме. Анын ишмердигине жаш адистерди активдүү тартуу зарыл деп эсептейм. Биз ЕАЭБдин интеллектуалдык ресурстарынын сакталышына жана, негизги бизнес-процесс – товарларды өндүрүү эмес, жаңы билимдерди өндүрүү болуп саналган билим коомун түзүүгө байланыштуу, жаштардын Евразиялык интеграциядагы ролун күчөтүүгө чоң маани беребиз»,
– дейт Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян.

Жаштар трегинин алкагында Бирликтин жаштарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, жаш муундун билим деңгээлин жогорулатууга, жаштар демилгелерин ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө, билим алуу жана жумушка орношуу перспективаларын талкуулоого багытталган «ЕАЭБдин Жаш лидердер мектеби» өтөт. Ар бир катышуучу ЕАЭБдин ишмердигинин ар түрдүү аспектилерине тереңдеп, анын актуалдуу өнүгүү багыттары жана ал жаштар үчүн ачып жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу биле алат.

«Жаштар келечекте өздөрүнүн кесиптик карьерасын биздин экономикалык бирикме менен байланыштырып, Евразиялык элитага айланышы биз үчүн маанилүү. «Евразия жумалыгынын» алкагында Евразиялык интеграция идеясын колдоо боюнча жаштар үчүн бир катар иш чаралар пландаштырылган, анткени Бирликтин ийгилиги биздин идеяны ким алып жүрүшүнөн көз каранды», ­
– деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы өз пикирин билдирди.

Форумда Тигран Саркисян ЕАЭБдин жаш лидерлери менен жолугушат, жаштар аларды кызыктырган суроолорду ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына түздөн-түз бере алышат, ошондой эле Бирликтин перспективалары тууралуу өз идеяларын жана ойлорун айта алышат. Жаштар үчүн бул биринчи булактардан билим жана тажрыйба алуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Мектептин иш чараларынын бири – ЕАЭБдин жаш лидерлери үчүн «Өзүңдүн Евразиялык компанияңды жарат» бизнес-оюну, ал жаштарга Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнүн жетекчилиги астында өзүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Ишкердик программанын иш чараларына катышуу жаш лидерлерге жетекчилер тарабынан берилген тапшырмаларды аткарууга жардам берет.

Жаштар трегине
ЕАЭБдин ЖОЖдорунун Евразия тематикасы боюнча билим берүү программаларынын, ошондой эле ЖОЖдордо бул тема боюнча өткөрүлүп жаткан изилдөөлөрдүн презентациясы кирет.

Маалымат
«Евразия жумалыгы» форуму – ЕАЭБ өлкөлөрү жана ЕЭК тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш чара. Форумду өткөрүү жөнүндө чечим 2015-жылдын май айында мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынган. Иш чара ишкердик жана көргөзмө бөлүктөн турат, B2B- жана B2G-байланыштарды орнотууга өбөлгө түзөт.

Форум алгачкы жолу 2016-жылдын октябрь айында Россияда «Ачык инновациялар» Москва эл аралык форумунун аянтчасында өткөрүлгөн. Экинчи форум 2017-жылдын август айында Астанада (Казакстан), ЭКСПО аянтчасында өткөрүлгөн жана Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн ишкердик бөлүгүнүн 18 эң маанилүү иш чараларынын тизмесине киргизилген.
2018-жылы «Евразия жумалыгы» Ереванда (Армения) өткөрүлгөн жана ЕАЭБ мамлекеттеринин, Сингапурдун, Европа бирлигинин, Түштүк Кореянын, Чилинин, Вьетнамдын, Египеттин, Ирандын жана башка өлкөлөрдүн бизнесинин, мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана эксперттик коомдоштуктарынын өкүлдөрүнөн турган 3100 ашуун катышуучуларды топтогон.