Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Евразия экономикалык бирлиги батыштагы да, чыгыштагы да өнөктөр менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар»

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: «Евразия экономикалык бирлиги батыштагы да, чыгыштагы да өнөктөр менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар»

30.07.15

29-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция менен макроэкономиканын негизги багыттары боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валоваянын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин (ЕАЭБ) аймагында бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар чет өлкөлүк ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Америкалык соода палатасынын аянтчасында болду. Иш-чарага 60тан ашуун чет мамлекеттик компаниялардын, ошондой эле Финляндия, Швейцария жана АКШнын дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү катышты.

Салтка ылайык ЕЭК Министри ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн аймагында иш алып барган чет өлкөлүк бизнес чөйрөлөр менен баарлашууга өзгөчө көңүл бурат. Татьяна Валоваянын чыгып сүйлөгөн сөзү Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелерине, ошондой эле калыптанып калган эл аралык экономикалык мамилелердин алкагында ЕАЭБнин жаңы интеграциялык бирикме түрүндө иштешинин алгачкы натыйжаларына арналды.

Чет өлкөлүк бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен баарлашып жатып, Татьяна Валовая ЕАЭБ тууралуу Келишимде каралган товарлар, кызматтар, капитал жана жумушчу күчү базарларын либералдаштыруу баскычтары тууралуу кеңири айтып берди. ЕЭК өкүлү Бирликке мүчө мамлекеттерде бизнес долбоорлорун ишке ашырууну пландап жаткан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн келечектүү багыттарды ачыкка чыгарды.

Мындан тышкары, ЕЭК Министри эл аралык уюмдар жана БУУ системинин атайын мекемелери, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен иштешүү контекстинде эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө Комиссия жүргүзүп жаткан ишти чагылдырды.

Татьяна Валовая белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ Европа бирлиги сыяктуу салттуу батыштагы өнөктөрү менен кызматташууну улантууга гана эмес, «Чоң Евразиянын» жалпы экономикалык мейкиндигин түзүү максатында Азия-Тынч Океан чөлкөмүнүн интеграциялык бирикмелери жана чыгыш өлкөлөрү менен тыгызыраак иштешүүнү жолго койууга да умтулат.

Жолугушууну аяктап жатып, ЕЭК Министри Казакстан Республикасынын ДСУна кошулушунун башка ЕАЭБ мүчө мамлекеттери үчүн кесепеттерине, ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы эркин соода тууралуу макулдашуунун күчүнө киришине, ошондой эле дарылар жана медициналык буюмдар базарын либералдаштырууга байланышкан компания өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.