Sign In
ЕЭК Министри Татьяна Валовая Кубанын РФдагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Кубанын РФдагы Элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту

29.07.15

28-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция менен макроэкономиканын негизги багыттары боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валоваянын Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин иштериндеги убактылуу ишенимдүү кызматкери Натача Диас Агилера менен жолугушуусу болуп өттү.

Диас Агилера жолугушууда евразиялык экономикалык мейкиндикте болуп жаткан процесстерге жана Евразия экономикалык комиссиясы менен байланыш түзүүгө кызыгуусун билдирди.

Татьяна Валовая Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) түзүлүш тарыхын жана евразиялык экономикалык мейкиндиктин учурдагы абалын ачып берип, ЕЭК Латын Америка чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен байланыштарды кайра жандандырары тууралуу билдирди.

Кубанын Элчилигинин өкүлдөрү алардын өлкөсүндө евразиялык экономикалык мейкиндикте болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу ишбилги маалымат жетишсиздигин белгилешти. Ушуга байланыштуу Куба тараптын Евразия экономикалык комиссиясы менен кызматташууну жолго койууга кызыкдар экендиги эскертилип өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө кубалык эксперттик, ишкердик жана өкмөттүк чөйрөлөр үчүн евразиялык экономикалык интеграцияны тартуу кылууну уюштуруу менен аракеттешүүнү баштоо сунушу келип түштү. Мындан тышкары, Диас Агилера Куба Республикасынын Евразия экономикалык комиссиясы менен аракеттешүүсү тууралуу меморандумга кол койуу маселесин иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди.