Sign In
ЕЭК эксперттер менен бирдикте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн маселелерин талкуулады

ЕЭК эксперттер менен бирдикте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн маселелерин талкуулады

30.07.15

29-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясы Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РСПП) агро өнөр жай комплекси (АӨЖК) боюнча комиссиясы менен бирдикте Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин айыл чарба өндүрүмүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү маселелерине арналган тегерек үстөл өткөрүштү. Иш-чарага Армениянын, Беларустун, Казакстан жана Россиянын агробизнесинин, АӨЖК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жана илимий мекемелеринин 60тан ашуун өкүлү катышты.

Катышуучуларга кайрылуу сөзүндө ЕЭК өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский ЕАЭБ тууралуу аракеттеги Келишимге негиз болгон мүмкүнчүлүктөр евразиялык мейкиндикте атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштөрдү өнүктүрүү маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи. «АӨЖК өнүгүшүнүн оптималдуу стратегиясы өзүбүздүн күчүбүзгө жана ресурстарыбызга таянуу, илимдин мыкты жетишкендиктерин колдонуу, ички өндүрүштүн өнүгүшүнө дем берүү, ошондой эле импорттук ресурстардын ордун бастырууну эске алуу менен чек ара аралык базарларда кооперациялык чынжырларды түзүү жана данды тереңдетип кайра иштетүүнү өнүктүрүү болушу керек, – деди ЕЭК Министри. – Азыркы учурда бизнестин ролу көтөрүлдү. Маселелерди бизнес менен макулдашып алмайын Комиссия бир да чечим кабыл албайт».

Тегерек үстөлдүн катышуучулары Бирликтин өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексинин мындан ары өнүгүшү интеграциялык процесстер, айрым катышуучу өлкөлөрдүн ички өнүгүшү менен да, тышкы саясий кырдаал менен да байланышкан жаңы шарттарды эске алуу менен бири-бирине пайдалуу эл аралык кызматташуулар тегиздигинде жатарын белгилешти. Мында атаандаштыкка жөндөмдүүлүк маселелери адистешүү маселелеринен ажырагыс. Ошондуктан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдында негизги айыл чарба товарларын (эт жана эт өндүрүмүн, сүт жана сүт өндүрүмүн, кант ж.у.с.) салттуу атаандаштык артыкчылыктарын, ички базардын сыйымдуулугун жана экспортту өнүктүрүүнү эске алуу менен өндүрүүнү өнүктүрүү пландарын координациялоо милдети турат.

«Биз биринчи кезекте заманбап жана түшүмдүү тоют жана тоют кошумчаларын өндүрүүгө, биологиялык жана химиялык каражаттарды, анын ичинде ветеринардык каражаттарды, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын өндүрүүгө багыт алышыбыз керек», – деп белгиледи Сергей Сидорский.

Комиссиянын агробизнесинин өкүлдөрүнө ЕЭК чечимдерин улуттук укуктарга киргизгенден кийин администрлөө эрежелерин эриш-аркак келтирүү маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары ЕАЭБ айыл чарба товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн үчүнчү өлкөлөр жана тышкы базарларга карата бирдиктүү критерийлер боюнча баалоо керек деген бирдей пикирге келишти.

Отурумдун натыйжалары боюнча тегерек үстөлдүн катышуучулары Бирликтин өлкөлөрүнүн АӨЖК атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу жана интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди калыптандыруу максатында такай жолугушууларды өткөрүп, ЕЭК менен бирдикте агробизнестин консолидацияланган сунуштарын талкуулоонун максатка ылайыктуулугу тууралуу сүйлөшүп кайтышты.

Маалымат

Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги (РСПП) – ишкер чөйрөлөрдүн кызыкчылыктарын Россияда да, эл аралык деңгээлде да коргогон жалпы россиялык уюм. РСПП өзүнүн ишмердүүлүгүн ар кандай укуктук статуска ээ эки юридикалык тараптын - жалдоочулардын жалпы россиялык бирикмеси (РСПП (ООР)) жана жалпы россиялык коомдук уюм – РСПП аркылуу алып барат.

РСПП агро өнөр жай комплекси боюнча комиссиясы АӨЖК чөйрөсүндөгү жумушчу орган болуп саналат.