Sign In
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселеси боюнча жумушчу топту түздү

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү маселеси боюнча жумушчу топту түздү

30.06.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 30-июнда болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн жумушчу топту түзүү жөнүндө тескеме кабыл алынды. Жумушчу топту ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев жетектейт.

Буга чейин ЕАЭБди өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү зарылдыгы жөнүндө пикирин Кыргыз Республикасы билдирген. ЕЭК Кеңеши, аталган демилгени карап чыгып, Бирликтин бийилик органдарынын жана ыйгарым укуктуу уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүүгө тапшырма берди.

"Жумуштун топтун отурумдарында учурдагы регионалдык каржы институттарынын алкагында экономикалык өнүгүүнү каржылоо аспаптарын жана механизмдерин кеңейтүү маселелерин талкуулоо болжолдонууда", – деп Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Тоты Калиаскарова Комиссиянын Коллегиясында аталган маселе тууралуу айтып жатып, белгиледи.

Иштелип чыккан сунуштар жөнүндө ЕЭК Кеңешинин отурумунда билдирүү пландаштырылууда.