Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы көйгөйлүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрүшмөкчү

ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы көйгөйлүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрүшмөкчү

30.06.20
Евразия экономикалык комиссиясынын демилгеси боюнча ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жана Комиссиянын Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) Серик Жумангариндин жана Гегам Варданяндын Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода боюнча министри Денис Мантуров менен видеоконференция режиминдеги жумушчу кеңешмеси болуп өттү.

 

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 616 "Чет мамлекеттерден келип чыккан өнөр жай товарларын мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алууларды ишке ашыруу максатында кабыл алууга, ошондой эле чет мамлекеттерден келип чыккан өнөр жай товарларын, чет элдик жарандар тарабынан аткарылуучу (көрсөтүлүүчү) иштерди (кызматтарды) өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу муктаждыктары үчүн сатып алууларды ишке ашыруу максаттары үчүн кабыл алууга тыюу салууну белгилөө жөнүндө" Токтомунун кабыл алынышына байланыштуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай продукциясынын Россия Федерациясынын мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларына жетүүсүн камсыз кылууга байланыштуу маселелер талкууланды.

 

"Бул маселе боюнча Беларустун жана Казакстандын мамлекеттик органдарынан, бир катар министрликтерден кайрылуулар келип түшүүдө. Чарба жүргүзүүчү субъектилерден кайрылуулар көп, – деп баса белгиледи Михаил Мясникович. – Тараптар Россия Федерациясында № 616 Токтомдун колдонулуп башташы жаңы соода тоскоолдугунун пайда болушуна алып келет деп тынчсызданышууда".

 

Тараптардын маалыматтары боюнча, Россия Федерациясынын аймагында мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларда катышууну четке кагуу учурлары катталган. Бирликтин бир катар мамлекеттеринин жана ЕЭКтин өкүлдөрү бул жагдайды өзгөртүү керек деп эсептешет.

 

2-июлда ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү менен консультациялардын жүрүшүндө көйгөйлүү маселелерди жөнгө салуунун мүмкүн болгон варианттарын карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул Бирликтин бирдиктүү рыногундагы мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюу жана Бирликтин өлкөлөрүнүн чарба жүргүзүүчү субъектилеринин Россия Федерациясындагы мамлекеттик сатып алууларга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн керек.