Sign In
Ири европалык бизнес ЕАЭБ менен толук масштабдуу диалогго кызыкдар

Ири европалык бизнес ЕАЭБ менен толук масштабдуу диалогго кызыкдар

30.04.19
Мындай тыянакты Прагада (Чехия) жыл сайын өткөрүлүүчү «Европа бирлигинин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен тышкы экономикалык байланыштары» конференциясында катышкан, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жасады. «Биз Европа бирлигинин ар кандай мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз жолугушуп турабыз, – деп баса белгиледи Сергей Шухно. – Акыркы убакта европалык ири ишкерлердин биздин евразиялык долбоорубузга, Евразия экономикалык бирлиги менен толук форматтуу кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусу айрыкча тез өсүүдө».

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору форумда негизги доклад менен чыгып сүйлөдү жана ушул жылы евразиялык интеграциялык долбоордун 25 жылдыгы жана ЕАЭБ жөнүндө келишимдин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгы белгиленип жаткандыгын белгилеп өттү. Ал форумдун катышуучуларына Бирликтин ишинин 2018-жылдагы натыйжалары, анын мындан аркы өнүгүү перспективалары жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, Сергей Шухно ишкердик коомдоштуктардын өкүлдөрүн өткөн жылдын декабрь айында мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кабыл алынган ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга ылайык пландар жана евразиялык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялуу багыттарын аныктаган документтин даярдалышы жөнүндө маалымдады.

ЕЭК өкүлү Бирликтин ишинин позитивдүү натыйжалары катары ИДӨнүн 2,5%га өсүшүн, өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн – 3,1%га, жүк ташуулардын – 2,8%га, өз ара жана тышкы соода көлөмдөрүнүн – тийиштүүлүгүнө жараша, 9,2%га жана 18,8%га өсүшүн белгиледи.


ЕАЭБдин эл аралык ишмердигине, чет элдик өнөктөштөр менен байланыштарды өнүктүрүүгө жана Европа бирлиги менен кызматташуунун перспективаларына өзгөчө басым жасалды. Сергей Шухно, ЕАЭБ, эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, учурдагы өнөктөштөр менен байланыштарды колдоого жана жаңы байланыштарды түзүүгө аракет жасоо менен, тышкы дүйнөгө ачыктыгын сактап жаткандыгын баса белгиледи.

Эл аралык регионалдык бирикмелер менен мамилелер жөнүндө айтып жатып, Сергей Шухно «азыркы учурда ЕЭКтин АСЕАН жана МЕРКОСУР менен түзгөн меморандумдарынын алкагында ЕАЭБдин Азия жана Латын Америкасы тректериндеги кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө. ЕБ менен байланыштардын деңгээли интенсивдүүлүгү боюнча башка региондордогу өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдөн олуттуу түрдө артта калып жатат. ЕАЭБ жана ЕБ кызматташтыгынын деңгээли жана масштабдары, азыр билсек, мүчө мамлекеттер Комиссияга өткөрүп берген компетенциялардын көлөмдөрүн жана европалык ири бизнестин өкүлдөрүнүн ЕАЭБге болгон кызыгуусунун туруктуу өсүшүн эске алуу менен, анын иш жүзүндөгү потенциалына шайкеш келбейт тура» деп белгиледи.

Сергей Шухно ЕАЭБ жана ЕБ диалогу үчүн салттуу форумдар гана эмес, 2018-жылдын май айында алгачкы жолу өткөрүлгөн «Минск диалогу» сыяктуу жаңы форумдар да натыйжалуу аянтча боло алышын белгиледи.


Маалымат

Конференциянын модератору Россия Федерациясынын Чех Республикасындагы соода өкүлү Сергей Ступарь болду. Иш чарага Армения Республикасынын Чех Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ашот Овакимян, Беларусь Республикасынын Чех Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Валерий Курдюков, Казакстан Республикасынын Чех Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Сержан Абдыкаримов, Чехиянын бизнес-коомдоштугунун жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.