20-апрелде Санкт-Петербургда Россиядагы Америкалык
соода палатасынын Санкт-Петербургдагы бөлүмүнүн мүчөлөрүнүн XVIII жыл сайын
өткөрүлүүчү жалпы чогулушунун алкагында ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары
жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая
Комиссиянын жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) максаттары жана
милдеттери жөнүндө баяндады.
Иш
чарага 100 жакын америкалык жана европалык компаниялардын жетекчилери
катышышты. Татьяна Валовая Бирликке кирген өлкөлөрдүн экономикасына
инвестициялоонун алгылыктуу келечегин баса белгилеп, ЕАЭБда ишкердикти
жүргүзүүгө байланыштуу суроолорго жооп берди.
Иш чаранын жыйынтыгында
бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү ЕЭК менен тыгыз иш алып баруу, анын ичинде
инвестициялык долбоорлорду талкуулоо демилгесин көтөрүштү.