Sign In
ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: техникалык жөнгө салуу жагында бир катар чечимдер кабыл алынган

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары: техникалык жөнгө салуу жагында бир катар чечимдер кабыл алынган

03.03.17

Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунда товарлардын коопсуздугун жогорулатуу, бажы мыйзамдарын өркүндөтүү жана соодада тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 3-марттагы отурумунда сөз болду.

Отурумду ачуу менен ЕЭК Кеңешинин төрагасы, КР премьер- министри Олег Панкратов төмөнкүлөрдү билдирди: “Бүгүн биз евразия интеграциясына тиешелүү маселелердин кеңири спектрин талкуулайбыз Алардын ичинен маанилүүсү - биздин өлкөлөрдүн жарандарына Биримдик өлкөлөрүнүн экономикаларынын потенциалдарын бириктирүүнүн реалдуу пайдасын сезүүгө тоскоол болушкан тоскоолдуктарды четтетүү Мындан тышкары, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин неизин түзгөн келишимдик милдеттенмелердин так сакталышы кыйла маанилүү Албетте, анан дагы бизнести жеңилдетүүчү жана Биримдик экономикаларынын технологиялык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү бирдиктүү ченемдик актылар жана техникалык регламенттер колдонула турган жалпы мейкиндикти түзүү да кыйла маанилүү бул маселелердин чечилиши соода - экономикалык мамилелерди бекемдөөгө алгылыктуу таасирин тийгизет

ЕАЭБнын “Химиялык продукциянын коопсуздуг жөнүндө” техникалык регламентти кабыл алуу ЕЭК Кеңешинин маанилүү чечимдеринин бири Комиссиянын техникалык жөнгө салуу министри Валерий Корешков бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: “Документте Биримдикте чыгарылган, химиялык продукцияга карата бирдиктүү милдеттүү талаптар, ошондой эле анын шайкештигине баа берүү эрежелери жана формалары, идентификациялоо эрежелери, терминологияга, маркирокага талаптар жана аларды коюу эрежелери белгиленет”998 

Техрегламентте Биримдик аймагында колдонулуучу химиялык заттардын жана аралашмалардын реестрин түзүү жана жүргүзүү каралган. Аларды реестрге киргизүү мамлекеттик каттоону алуу үчүн негизги фактор болуп саналат. Химиялык продукциянын физика- химиялык касиетине байланыштуу кооптуу таасиринин түрлөрү боюнча ал он үч категорияга бөлүнөт: жарылуучу, кысылган газ, күйүүчү газ, эрип кетүүчү, өзү ысып кетүүчү, суу менен кошулганда кооптуу химиялык продукция ж.б

ЕЭК кеңешинин чечими биримдик өлкөлөрүнүн калкынын өмүрүн жана саламаттыгын коргоого, айлана чөйрөнү коргоого, химиялык заттын багыты жана коопсуздугу жагында керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келген аракттердин алдын алууга багытталган.

ЕЭК  Кеңешинин мүчөлөрү автоунаа кыймылдаткычтарында муздатуучу суюктук катары метил спиртин колдонууну чектешти, анын массалык үлүшү 0.05% ашпоого тийиш. Бул ченем 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирет

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валерий Корешков майлоочу материалдардын, майлардын жана атайы суюктуктардын коопсуздугу боюнча маселелер Биримдиктин тиешелүү техникалык регламентинде жөнгө салыныта деп билдирди Акыркы учурда ЕАЭБ рыногунда 40% чейин метил спирти камтылган сапаты начар антифриздердин сатыкка чыгышы көбөйдү. Бул жол берилген нормадан ашат жана адам өмүрүнө коркунуч жаратат Комиссия автохимия рыногунда түптөлгөн жагдайдф эске алуу менен техрегламентке өзгөртүүлөрдү даярдаган, анда метанолду пайдаланууну чектөө каралган. Буга чейин регламентте уу катары классификацияланган метанолдун камтылышы боюнча талап болбогондугун эскерте кетмекчибиз.

ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча министри Мукай Кадыркулов Комиссиянын ЕАЭБнын Бажы кодекси менен бир учурда күчүнө кирүүгө тийиш болгон чечимдеринин долбоорлору боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу билдирди. Жыйырма эки долбоор ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан тышкы экономикалык иштин жүргүзүлүшү боюнча шарттарды, бажы органдары менен Биримдиктин бажы аймагынан товарларды айкын алып чыгышын, бажы транзитинин жол - жоболорунун колдонулушун тастыктаган тартипти, жеке адамдардын  жеке пайдалануу үчүн товарларды жылдыруу эрежелерин жана башка маселелерди жөнгө салат.

“Даярдалган документтердин басымдуу бөлүгү Биримдик мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарына макулдашууга жөнөтүлдү” - деп маалымдады Мукай Кадыркулов. Аларга карата жөнгө салуу таасирине баа берүү жол - жобосу башталды. Бул документтер ЕАЭБнын Бажы кодексинин алдыңкы новеллаларынын толук кандуу колдонулушун камсыз кылат, ошондуктан,алар жаңы кодекс менен бир учурда колдонууга киргизилиши маанилүү.

ЕЭК Кеңеши 2-апрелге чейин Евразия экономикалык биримдигинин расмий  сайтында “Ак китеп” деп аталуучу “ЕАЭБ тоскоолдуктары, алып коюлар жана чектөөлөр” боючна баяндаманы жарыялоо тууралуу чечим кабыл алды.

Баяндамада 60 тоскоолдуктан турган тизме катталган, анда “жол карталары” - алып салуулардын жана чектөөлөрдүн  санын азайтуучу иш-чаралар планы түзүлөт. Алардын биринчисин Евразия өкмөт аралык кеңеште ушул жылдын жыйында эле сунуштоо пландаштырууда.

“Ак китептин” жарыяланышы - бул тоскоолдуктарды четтетүүнүн кийинки баскычына өтүү” - деп билдирди Каринэ Минасян. Башынан тарта эле ЕЭК Коллегиясынын төрагасынын идеясынан тартып, аны ишке ашырганга чейин ЕЭК кызматкерлери Биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн өкүлчүлүктөрү менен биргеликте бир нече татаал чечимдерди кабыл алууга туура келди, ал боюнча бул долбоордун бардык катышуучулары биригүүлөрү тийиш эле.

ЕЭК кеңеши ар бир отурумда мүчө мамлекеттер менен Евразия биримдигинин тоскоолдуктар, алып салуулар жана чектөөлөр реестриндеги тоскоолдуктарды “Ак китептин” учурдагы редакциясына киргизүү аркылуу макулдашуу тууралуу маселени карап турууну чечти.  Тоскоолдуктардын бардык тизмеси макулдашылгандан кийин ал Биримдиктин интеграциялык векторуна баа берүүдө жөнөтүлгөн түйүн болуп калат.

ЕЭК кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер Евразия экономикалык биримдигинде бизнес жүргүзүҮ шарттарын жеңлдетүүгө багытталган жана коопсуз продукция менен калктын камсыз болушуна өбөлгө түзөт.