Sign In
ЕАЭБ бизнесине айыл чарба продукциялары жана аны кайра иштетүү продукттары үчүн сатып өткрүү рынокторун издөө оңой.

ЕАЭБ бизнесине айыл чарба продукциялары жана аны кайра иштетүү продукттары үчүн сатып өткрүү рынокторун издөө оңой.

03.03.17
 
Буга ЕАЭБнын Тышкы жана өз ара сооданын интеграцияланган маалыматтык системасынын алкагында түзүлгөн Агроөнөр жай комплекси көмөк көрсөтөт. Ал бизнеске катышуучу өлкөлөрүн конкреттүү регионундагы тиги же бул продукцияга муктаждыгы тууралуу, ошондой эле импорттун жана өндүрүштүн көлөмдөрү тууралуу билдирет. Евразия экономикалык комиссиясы Чакан системага талаптарды жана аны калыптандыруу эрежелерин макулдашышты.

Бул тууралуу ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директрунун орун басары Айна Кусаинова “Агробашкаруу 2017” Эл аралык конференцияда маалымдаган Казакстан, Астанада болгон:

Айна Кусаинованын сөзү боюнча АПК чакан системасы Биримдик өлкөлөрүнүн мүчө мамлекеттер менен Комиссиянын маалымат ресурстарын бириктирүүнүн негизинде электрондук маалымат алмашуунун эсебинен макулдашылган агроөнөр жай саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча бизнес процесстерди оптималдаштырат.

Биринчи баскычтарда АПК чакан системасы мүчө мамлекеттердин жана Союздун маалымат системасын бириктирип, продукцияны өндүрүү, соодалашуу, продукцияны ички пайдалануу боюнча маалыматтын автоматташтырылган түрдө топтолушун, иштелип чыгышын жана сакталышын камсыз кылат. Бул интерактивдүү режимде ЕАЭБнын агроазык -түлүк рыногуна иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жагдайга баа берүүгө,ошондой эле өндүрүлгөн продукция үчүн Биримдик ичинде  потенциалдуу рынокторду чагылдырууга өбөлгө түзөт. Чакан система жылдын акырында тажрыйбалык пайдаланууга берилмекчи.

Кийинчерээк анда эки бирдиктүү система:Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү  реестри, асыл тукум мал жана селекциялык жеткишкендиктер тууралуу маалымат алмашуу боюнча реестр.

Биринчиси ишкерлерди  мамлекеттик сыноодон өткөн өсүмдүктөдүн сорттору тууралуу маалымат менен алардын мүнөздөмөсүн, ЕАЭБ өлкөлөрүндө пайдалануунун сунушталган аймактарын көрсөтүү менен камсыз кылат.  Бул фермерлерге өндүрүш үчүн үрөндү түшүмдүүлүгүнө, илдетке туруштук берүүсүнө жана суукка чыдамдуулугуна жараша тандоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Асыл тукум мал жана селекциялык жетишкендиктер, анын ичинде геномной селекция тууралуу маалымат алмашуу боюнча реестрдин түзүлүшү атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукцияны өндүрүү көлөмүнүн көбөйүүсүнө, мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнө, импорттук асыл тукум материалдан көз карандылыктын төмөндөшүнө өбөлгө түзөт.

Маалымкат
Акырында АПК чакан системасына төмөнкүлөр камтылат. айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестри, АПКнын болжолдуу көрсөткүчтөрү, айыл чарба продукциясына жана тамак аш продукцияларына баа, айыл чарба товарлары боюнча өндүрүштү өнүктүрүүнүн улуттук пландары (программалары), АПКдагы илимий изилдөө иштер, ассыл тукум мал жана  асыл тукум мал чарбачылыгы жагында селекциялык  жетишкендиктер6 айыл чарбаны мамлекеттик колдоо маселелери боюнча маалымат