Sign In
Арман Шаккалиев: "Монополияга каршы ведомстволор менен Комиссиянын натыйжалуу өз ара аракети — биздин өлкөлөрдөгү ишкердик климатты жакшыртуунун ачкычы"

Арман Шаккалиев: "Монополияга каршы ведомстволор менен Комиссиянын натыйжалуу өз ара аракети — биздин өлкөлөрдөгү ишкердик климатты жакшыртуунун ачкычы"

Фото-Шаккалиев-26_03_2021.jpg
26.03.21
Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин, өткөн жылдын жыйынтыгын жана жакынкы мезгилге пландарды 25-мартта, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилери жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Арман Шаккалиев онлайн-кеңешменин жүрүшүндө талкуулашты ("5 + 1" деп аталган форматта).

2020-жылдагы иштердин негизги жыйынтыктары жөнүндө маалымат берип жатып, Арман Шаккалиев COVID-19 пандемиясы менен байланышкан кыйынчылыктарга карабастан, өткөн жылы Комиссиянын монополияга каршы блогунун чек ара аралык рыноктордогу жалпы атаандаштык эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча ишинин интенсивдүүлүгү төмөндөбөгөндүгүн билдирди.

"10 арыз боюнча биз макулдашуу жүргүзүп жана потенциалдуу тартип бузуучуларга чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыкты бузууларды четтетүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү боюнча сунуштарды бердик. 13 иликтөө иштерин жүргүзүп, 11 ишти карадык. Чек ара аралык атаандаштыкка каршы келишимдин катышуучулары биринчи жолу өзүлөрү катталган мамлекеттердин бюджетине жазапул төлөштү", — деп белгиледи ЕЭК министри.

2020-жылы ЕЭКтин атаандаштык боюнча блогу атаандаштык жаатында ЕАЭБ мыйзамдарын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурду. Мисалы, Казакстандын пандемияга байланыштуу демилгеси боюнча, Жазапулдарды эсептөө методикасына жана процесстик мөөнөттөрдү токтото туруу бөлүгүндө Иштерди кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимге, атаандаштыктын жалпы эрежелеринин бузулушунун алдын алуу максатында алдын алуу инструменттерин киргизүү боюнча өзгөртүүлөр иштелип чыккан.

Ишкерлер арасында атаандаштыкка каршы аң-сезимди калыптандыруу үчүн бизнес менен түздөн-түз байланышты жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Мунун натыйжалуу куралы монополияга каршы шайкештик болушу керек — превентивдик иш-чара жана чек ара аралык рыноктордо атаандаштык эрежелеринин бузулушунун алдын алуу.

"Биз шайкештикти стандартташтырууну, аны сапат менеджментинин жана тобокелдиктерди башкаруунун жалпы тутумунун бир бөлүгүнө айлантууну сунуштайбыз", — деп баса белгиледи Арман Шаккалиев.

Талкуунун маанилүү темаларынын бири — чекене тармактар ​​менен керектөө товарларын жеткирүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн сунушталган эрежелеринин топтомун иштеп чыгуу зарылдыгы болду. Бүгүнкү күндө Комиссиянын атаандаштык блогу ЕАЭБ өлкөлөрүндө соода түйүндөрүнүн жана өндүрүүчүлөрдүн (жеткирүүчүлөрдүн) өз ара аракеттенүүсү боюнча Ак ниет практикалардын кодексин иштеп чыгууну жана жайылтууну демилгелеген.

ЕЭК Эл аралык атаандаштык тармагынын (ЭАТ) мүчөсү катары кабыл алынышы, бул ЕАЭБге болгон ишенимдин деңгээлинин жогорулагандыгынын далили жана анын эл аралык аренада таанылышынын фактору болду.

"Биз ЭАТ жумушчу топторуна жигердүү катышып жүрөбүз жана ЭАТтын башка жумушчу долбоорлоруна максималдуу катышууну пландап жатабыз. Биздин милдет — глобалдык атаандаштык күн тартибинин калыптанышына таасир тийгизүү”, — деп белгиледи ЕЭК министри. 

Арман Шаккалиев ушул жылы эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары катары ЭКӨУнун укуктук жөнгө салуу серебин жана ЕАЭБде атаандаштык чөйрөсүндө саясатты жүргүзүүнү, ошондой эле атаандаштык жаатында улут үстүлүк ыйгарым укуктар берилген аймактык бирикмелер менен ЮНКТАД аянтчасында жолугушууларды өткөрүүнү атады.

Мамлекеттик сатып алуулар жаатында, 2020-жылы Мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын айрым түрлөрүнүн чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери бекитилген, анда кооперациялык чынжырчаларды түзүүнүн негизги принциби аныкталган — ЕАЭБ мамлекеттеринин биринде жүргүзүлгөн операциялар башка мамлекетте даяр продукцияны өндүрүүдө эске алынат. Мындай ыкма мамлекеттик сатып алууларга Бирликтин регионалдык өнөр жай коалициясын түзүүгө мүмкүндүк берет жана мамлекеттер ага кирүүнү чектеген учурда, мамлекеттик сатып алуулар рыногунда "үзгүлтүк чекиттеринин" пайда болушуна жол бербейт. Ушул жылы Комиссия толук санариптештирүү, мамлекеттик сатып алууларда маалыматтын ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу маселелерине көңүл бурат.

Белгилей кетүүчү нерсе, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын башчыларынын "5 + 1" форматында жолугушуусуна биринчи жолу Молдова Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан Бирликтин байкоочу-өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хулио Гармендия Пенья катышты.

Иш-чаранын катышуучулары кийинки жолугушууну ушул жылдын июнь айында Ереванда өткөрүүнү макулдашышты.​