Sign In
Андрей Слепнев Женевада БУУнун тутумдук уюмдарынын жетекчилери менен заманбап дүйнөнүн экономикалык чакырыктары боюнча биргелешкен ишти талкуулады

Андрей Слепнев Женевада БУУнун тутумдук уюмдарынын жетекчилери менен заманбап дүйнөнүн экономикалык чакырыктары боюнча биргелешкен ишти талкуулады

Слепнев-ЮНКТАД-26_03_2021.jpg
26.03.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев Швейцарияга болгон иш сапарында Женевада БУУнун башкы директору, ошондой эле БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД), БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) жана Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.


БУУнун Бөлүмүнүн башкы директору Татьяна Валовая менен баарлашууда министр Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык позициясын бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. "Сиздин Комиссия менен Женевадагы БУУ тутумунун уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамыңыз биз үчүн өтө маанилүү", — деди Андрей Слепнев БУУнун Бөлүмүнүн башчысына кайрылып.


ЮНКТАД башкы катчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Изабель Дюран менен жолугушууда ЕЭК министри эки уюмдун ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, электрондук соода сыяктуу ж.б. маселелерде анын натыйжаларынын өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

 

Андрей Слепнев коллегасынын көңүлүн диалогду улантуунун маанилүүлүгүнө, ошондой эле Комиссиянын ЮНКТАД аянтчасында өткөрүлгөн изилдөөлөргө жана талкууларга өз салымын кошууга даяр экендигине бурду. "Экономикалардын азыркы учурда жүрүп жаткан технологиялык трансформациясы, анын катализатору COVID-19 болду, жана ага жараша жаңы улуттук жана аймактык санарип платформалардын түзүлүшү, өз ара интеграция жагында жаңы көйгөйлөрдү жаратпастан, шайкеш жүрүшү үчүн биргелешип иштөө зарыл", — деп министр маселеге көңүл бурду.

Тараптар жакынкы аралыкта кызматташуунун учурдагы пландары боюнча кошумча пикир алмашууну жүргүзүп, алардын аткарылышын баштоого макулдашышты.


Өз кезегинде, БУУ ЕЭКтин аткаруучу катчысы Ольга Алгаеровага ЕАЭБ үчүн БУУ ЕЭКтин санариптик транспорттук коридорлор (анын ичинде электрондук документтерди шайкеш келтирүү), циркулярдык экономика жана электрондук сооданы өнүктүрүү маселелери боюнча ишинин жогору актуалдуулугу жөнүндө маалымат берилди. Мындан тышкары, министр Борбордук Азия аймагында байланышты бекемдөө боюнча БУУ ЕЭК тарабынан жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоду.


Жолугушуунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен БУУ ЕЭКтин жакынкы жылдарга кызматташуу планы жөнүндө макулдашуу аяктады, көрсөтүлгөн макулдашууну жол-жоболоштуруу жакынкы убакытта жүргүзүлөт.


ЭСБ аткаруучу катчысы Памела Кок-Гамильтон менен жалпы кызыкчылыктуу кызматташтыктын негизги багыттары боюнча макулдашууга жетишилди. Андрей Слепнев коллегаларына Евразия экономикалык комиссиясы электрондук соода жана санариптик транспорттук коридорлор чөйрөсүндө, анын ичинде долбоордук форматта, өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн караштырарын билдирди.

 

Жолугушуулардын жүрүшүндө министр жүрүп жаткан технологиялык трансформация мезгилинде оптималдуу чечимдерди табуу үчүн аянтча катары эл аралык уюмдардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.


Иш сапардын негизги мазмуну жана учурдагы өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле Андрей Слепнев менен ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин Женевада туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын сүйлөшүүсүндө талкууланды. Бул жолугушуу 2021-жылы Бирликтин органдарында төрагалык кылган мамлекет катары, Казакстан Республикасынын БУУнун Бөлүмүндөгү жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.​