Sign In
ЕЭК министри Сергей Глазьев жана Ирандын Россия Федерациясындагы Элчиси Казем Жалали өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулашты

ЕЭК министри Сергей Глазьев жана Ирандын Россия Федерациясындагы Элчиси Казем Жалали өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулашты

26.03.21

Иран Ислам Республикасынын Москвадагы Элчилигинде Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев менен Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Жалалинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги, анын ичинде соода, инвестиция жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташтыктын келечеги талкууланды. Атап айтканда, Иран менен Россиянын эл аралык күн тартибинин жалпы жактары көп экендиги белгиленди. Биринчи кезекте экономикалык өз ара аракеттенүү маанилүү ролду ойнойт.

Иран Элчиси билдиргендей, Иран Парламенти эркин соода аймагы боюнча убактылуу жеңилдетилген келишимди ратификациялаган.  Тараптардын пикири боюнча, бул өз ара пайдалуу кызматташууга оң түрткү берет.

Сергей Глазьев ирандык кесиптештерине Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы күн тартиби жөнүндө маалымат берди.

Казем Жалали Ирандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө чоң үмүт артканын баса белгилеп, кийинки сүйлөшүүлөр үчүн апрель айында Комиссиянын штаб-квартирасына барууга каалоосун билдирди.​