Sign In
ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар максатында товардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлдү

ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар максатында товардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлдү

29.07.20
Евразия экономикалык комиссиясынын мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар боюнча Консультативдик комитетинин отурумунда аталган Комитеттин алдында Евразия экономикалык бирлигинин аймагында товардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо маселелери боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Анын негизги милдети Евразия өнөр жай продукциясынын реестрин алып баруунун эрежелерин жана мамлекеттик сатып алуулар максатында ЕАЭБдин аймагында товардын чыгарылган өлкөсүн тастыктоо тартибин иштеп чыгуу болмокчу. Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 17-июлда Минскте өткөрүлгөн отурумда Комиссияга аталган документтерди ушул жылдын аягына чейин иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырган.

Жумушчу топтун курамын жана анын отурумдарынын графигин ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин алдын ала бекитти. Кызыкдар жактардын сунуштары боюнча жумушчу топтун курамы толукталмакчы.

Ишти Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн № 616 жана № 719 Токтомдору менен каралган товардык позициялардын негизинде тармактык белгилер боюнча түзүлгөн төрт топчо алып бармакчы.

Биринчи топчо станок куруу, энергетикалык машина куруу, электротехника жана кабель өнөр жайынын, кеме куруу продукциясын карайт; экинчи топчо – автомобиль куруу жана темир жол машина куруу продукциясын; үчүнчү топчо – атайын машина куруу продукциясын; төртүнчүсү – эмерек жана жыгачты кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын, компрессордук жана муздаткыч жабдууларды, жеңил өнөр жай продукциясын, химиялык жана мунай химиялык продукцияны карайт.

Товарларды идентификациялоо үчүн негиз караты ЕАЭБ ТЭИ ТН коддорун колдонуу сунушталган.

Жумушчу топтун жана тармактык топчолордун ишмердигине кызыгууңуздар болсо, Евразия экономикалык комиссиясына жеке мүнөздөгү маалыматтарды – аты-жөнүңүздү; кызматыңызды жана иштеген жериңизди (почта дарегин көрсөтүү менен); электрондук почтаңыздын дарегин жана телефон номериңизди жөнөтүңүз.

Жумушчу топтун ишмердиги боюнча керектүү маалыматты Евразия экономикалык комиссиясынын жооптуу кызматкери Айжан Дусуруповадан +7(499) 669 2400 (кош. 5436) телефон номери боюнча – же dusurupova@eecommission.org электрондук почта дареги боюнча алууга болот.

Жумушчу топтун биринчи отуруму 7-августта өткөрүлөт.​