Sign In
Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгына эки жыл болушу менен куттуктоо

Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлгандыгына эки жыл болушу менен куттуктоо

29.05.16

Урматтуу Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн жарандары!

29-майда Беларусь, Казакстан жана Россия тарабынан Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө (ЕАЭБ) келишимге кол коюлган күндөн бери эки жыл болду. 2015-жылы Келишимге Армения менен Кыргызстан да кошулушту.

Бул мезгил ичинде Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте  Биримдиктин башкы максаттарына – калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу кызыкчылыгында  мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүү шарттарын камсыз кылуу, дүйнөдө улуттук экономикаларды ар тараптуу модернизациялоо, кооперация жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу  үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшады.

Кыска убакты ичинде реалдуу натыйжаларды берген зор иштер аткарылгандыгын белгилей кетүү зарыл.

40тан ашык өлкөлөр жана бирикмелер ЕАЭБ менен соода – экономикалык кызматташууну өнүктүрүү ниеттерин билдиришкен. ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган жана Индия, Египет, Израиль жана Иран менен келишимдерди түзүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Биримдиктин, анын ичинде ЕАЭБ менен Жибек жолунун экономикалык алкагынын (ЖЖЭА) айкалыштыруунун алкагында кызматташуусунун азиялык треги күч алууда. Өкмөт аралык кеңештин  Ереванда өткөн 20-майдагы отурумунда Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдиги, ага мүчө мамлекеттер жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда  Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишим түзүү тууралуу Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мандат алган. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттер ассоциациясына (АСЕАН) кирген  өлкөлөр менен экономикалык мамилелер ийгиликтүү өнүгүүдө. Жакында Комиссия Сингапур Республикасы жана  Камбоджа Королдугу менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгон.

Латынамерикалык аймактагы өлкөлөр менен өз ара иш жүргүзүү уланууда. ЕЭК Перу Республикасы менен Чилинин  ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол койду жана  аймактын эң ири интеграциялык бирикмеси - МЕРКОСУР менен соода-экономикалык маселелер боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду.

ЕАЭБ жана Комиссия Евросоюз менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу диалог түзүүгө мурдагыдай эле даяр. Батышта өз ара иш жүргүзүү интенсивдүүлүгүнүн бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, Лиссабондон Владивостокко чейин жалпы экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы азыр да өз актуалдуулугун сактап турат.

Евразия экономикалык комиссиясы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана интеграцияны тереңдетүү кадамдарын ишке ашыруу менен ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте  Биримдик мейкиндигинде төрт “эркиндикти” ишке ашырууда маанилүү натыйжаларга жетишкен. 

2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги түзүлгөндөн кийин дароо эле кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу жана жалпы эмгек рыногу иштей баштаган. Ушундан улам Биримдикке мүчө мамлекеттердин жашоочулары ишке орношууда бирдей укукка ээ болушкан жана киреше салыгын да резиденттердей эле төлөшөт. Алар Биримдиктин кайсы болбосун өлкөсүндө социалдык жана медициналык камсыздоо укугун алышкан. Мыйзам талаптарынын бирдиктүү болушу көпчүлүк адистиктер боюнча дипломдорду өз ара таанууну камсыз кылат. Бул жогорку квалификациялуу адистердин мобилдүүлүгүн арттырат. Бул жылы өлкөлөр бирдиктүү пенсиялык мыйзам кабыл алууга ниеттенишүүдө. Пенсиялык камсыздоо тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин  ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары эмгектенген мезгили үчүн алар иштеген Биримдик өлкөсүнөн пенсия ала алышат.

Өткөн жана мурдагы жылдарда дары-дармектердин жана медицина буюмдарынын жалпы рынокторунун иштеши үчүн зарыл болгон жогорку эл аралык талаптарга жооп берген ондогон заманбап ченемдик актылар  иштелип чыккан. Алар 2016-жылы толук кандуу иштей башташат. Жалпы электрэнергетикалык рынокту, жалпы мунай, мунайзаттары жана газ рынокторун ишке киргизүү үчүн шарттарды камсыз кылуу иштери кеңейтилүүдө.

ЕЭК системалуу негизде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес коомчулуктары менен Комиссиянын ишинде көбүрөөк ачык-айкындуулукка жетишүү, өз ара пайда алуу жана тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн иш жүргүзүп келет. Өз ара иш жүргүзүү Консультативдик комитеттер жана жумушчу топтор сыяктуу форматтарда жүзөгө ашырылат. Биримдик өлкөлөрүндө бизнести натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, регулятивдик системаларды өркүндөтүү жана тоскоолдуктарды четтетүү  Комиссиянын негизги милдеттери болуп саналат.

Евразия экономикалык интеграциясы бизнес үчүн үчүн бир катар алгылыктуу натыйжаларды камсыз кылды. Алсак, ЕАЭБ алкагында бажы чек араларынын ачылышы компанияларга товарларды Биримдик өлкөлөрүнө жеткирүүдө убактыларын үнөмдөөгө өбөлгө түзгөн. Айрым фирмалар үчүн жеткирүү мөөнөттөрү үч эсеге , ал эми документтерди тариздөө 24 саатка же андан ашыкка кыскарган. Ушундан улам көпчүлүк өндүрүүчүлөр өз продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоону олуттуу көбөйтө алышкан.

2016-жылдын 1-январынан тартып автоунаа менен жүктөрдү каботаждык ташууларды либералдаштыруунун төрт баскычтан турган программасынын биринчи баскычы иштей баштады. Ал ЕАЭБ мамлекеттеринин биринин аймагында катталган жүк ташуучуларга башка мүчө мамлекеттин аймагында жайгашкан пункттар ортосунда автоунаа жүктөрүн ташууга өбөлгө түзөт.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн  компаниялардын мамлекеттик сатып алуулардын улуттук рынокторуна кирүүсүн камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Учурда мында мүмкүнчүлүктөр Беларусиянын, Казакстандын жана Россиянын компаниялары үчүн камсыз кылынган.

Ошентип, бүгүнкү күнү Евразия экономикалык биримдиги биздин өлкөлөрдүн ыргактуу өнүгүүсү үчүн “мүмкүнчүлүктөр терезеси” болуп калды деп айтууга болот. Интеграциядан улам Биримдик өлкөлөрүнүн дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунга ээ болуу , туруктуу өнүгүүнүн маанилүү милдеттерин чечүүгө, кыйла өнүккөн инновациялык экономикалардын катарына кирүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Барыңыздарды евразия интеграциясынын тарыхындагы эң маанилүү учурларынын орун алышы менен куттуктайбыз!