Sign In
ЕЭК Министри Валерий Корешков: "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармектердин жалпы рыногунун ишин камсыздаган бардык документтер 2015-жылдын аягына чейин кабыл алынышы керек"

ЕЭК Министри Валерий Корешков: "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармектердин жалпы рыногунун ишин камсыздаган бардык документтер 2015-жылдын аягына чейин кабыл алынышы керек"

29.10.15

28-октябрда Москвада ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешковдун жетекчилиги алдында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо министрлеринин катышуусу менен өткөн кеңешмеде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Дары-дармек каражаттарынын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашырууну камсыздаган актыларды даярдоо иштери талкууланды.

Кеңешмеге Армения Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Армен Мурадян, Беларус Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары - Беларус Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фармацевтикалык өнөр жай департаментинин директору Валерий Шевчук, Казакстан Республикасынын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Тамара Дуйсенова, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Россия Федерациясынын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова катышышты.

ЕАЭБдин алкагында Дары-дармек каражаттарынын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашуу Биримдик өлкөлөрүнүн калкы үчүн коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, дүйнөлүк рынокто мүчө өлкөлөрдүн фармацевтикалык өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө, соодада негизсиз чектөөлөрдү алып салууга багытталган. Бул багыттагы негизги кадам - Биримдик өлкөлөрүндө дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун түзүү болуп эсептелет, ал ЕАЭБ жөнүндө макулдашууга ылайык 2016-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштамакчы. Фармацевтикалык рыноктун ийгиликтүү иштеп башташы үчүн жана Макулдашуунун ченемдерин өркүндөтүүгө карата Евразия экономикалык комиссиясы быйыл 20 ашык документ даярдаган.

Кеңешменин жүрүшүндө Валерий Корешков белгилеп өткөндөй, "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармектердин жалпы рыногунун ишин камсыздаган бардык документтер 2015-жылдын аягына чейин кабыл алынышы керек. Андыктан, документтер Коллегиянын отурумдарында жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде каралышы үчүн алар мүчө мамлекеттерде тез арада макулдашмадан өткөрүлүшү зарыл".

Кеңешменин катышуучулары Дары-дармек каражаттарынын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууда каралган негизги документтерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча бир катар маселелерди жөнгө салышты. Анын ичинде, дары препараттарын каттоодо 2016-жылга чейин өткөрүлгөн клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонуу жөнүндө, оригиналдуу дары препараттары жөнүндө жана мүчө мамлекеттердин улуттук тажрыйбасын баалоону эске алуу менен дарылардын өз ара алмашымдуулугун аныктоо процедураларын киргизүүнүн перспективалары жөнүндө жоболор каралды.

Кеңешмеде аталган Макулдашуунун, ошондой эле ЕАЭБте Медициналык буюмдардын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши боюнча мамлекет ичинде процедуралардын аякташына байланыштуу маселелер каралды. Медициналык буюмдардын жалпы рыногу да Биримдикте 2016-жылдын 1-январынан тарта иште башташы керек. Аталган Макулдашууларга Армениянын кошулуусу жөнүндө протоколдорго кол коюу маселелери каралды. Бул Макулдашууларды ратификациялоо процедуралары Беларуста, Казакстанда жана Кыргызстанда аяктаганы айтылды.

Министрлер дарылардын жалпы рыногунун иштеп башташы үчүн документтерди даярдаган ЕЭК Коллегиясынын алдындагы Жумушчу топтун ишин жогору баалашты. Документтерди мындан ары даярдоодо Тараптардын мамиле-ыкмалары макулдашылды.

Маалымат:


Дары-дармектердин айланымы боюнча, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Дары-дармек каражаттарынын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө 2014-жылдын 23-декабрындагы макулдашууну жүзөгө ашырууга байланыштуу маселелерде пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча кеңешме, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин тапшырмасы боюнча ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарымдуу органдарынын деңгээлинде өткөрүлгөн. Кеңешменин жыйынтыктары ЕЭК Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы отурумунда айтылат.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармек каражаттарынын айланымын жөнгө салууга жалпы ыкмаларды түзүү боюнча жумушчу топ ЕЭК Коллегиясынын 2014-жылдын 30-октябрындагы №204 чечими менен түзүлгөн.