Sign In
ЕЭК Министри Таир Мансуров X Эл аралык энергетикалык жумалыкта ЕАЭБтин энергоресурстарынын жалпы рыногунун түзүлүшү жөнүндө айтып берди

ЕЭК Министри Таир Мансуров X Эл аралык энергетикалык жумалыкта ЕАЭБтин энергоресурстарынын жалпы рыногунун түзүлүшү жөнүндө айтып берди

29.10.15

28-октябрда Москвада ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Таир Мансуров "X Эл аралык энергетикалык жумалыгы - XV Жалпы россиялык нефть жана газ жумалыгы" бириктирилген Мааракелик форумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) энергоресурстарынын жалпы рыногун түзүү жөнүндө доклады менен чыгып сүйлөдү. ЕЭК өкүлү энергетика чөйрөсүндө интеграцияны мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө айтып берди.

Форумга мамлекеттик ишмерлер, эл аралык ири энергетикалык уюмдардын жана улуттук энергетика министрликтеринин, илимий-изилдөө жана аналитикалык борборлордун, 30дан ашуун өлкөлөрдүн алдыңкы энергетикалык компанияларынын жетекчилери жана эксперттери катышышты.

"Дүйнөлүк энергетика жана цивилизациянын өнүгүүсү" негизги сессиясында чыгып сүйлөп жатып Таир Мансуров мындай деп белгиледи:"ЕАЭБтин биринчи кезектеги милдеттери - координацияланган энергетикалык саясатты жүргүзүү жана электр энергиясынын, газдын, мунайдын жана мунайзаттарынын жалпы рынокторун баскыч-баскычы менен түзүү. Бул рыноктордун алкактарында Биримдиктин мүчө мамлекеттеринин аймактарында энергоресурстардын эркин айланымын камсыздоо, энергия алып жүрүүчү заттарды ташуу жана транзит жаатында табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликти камсыздоо, инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү жана макулдашылган тарифтик саясат жүргүзүү каралат".

Министрдин айтымында, жалпы электр энергетикалык рыногун калыптандыруунун биринчи этабы - үстүбүздөгү жылдын 8-майында бүткөрүлүп, анын концепциясы бекитилген жана программаны иштеп чыгуу боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүүдө. Программа 2016-жылдын 1-июлуна чейин кабыл алынышы болжолдонот. Экинчи этапта, 2016-2018-жылдары ЕАЭБ өлкөлөрү бул программанын иш чараларын жүзөгө ашырышат, жана 2019-жылдын 1-январына чейин тийиштүү эл аралык келишим түзүлөт. Үчүнчү этапта тесттик режимде бул рыноктун айрым секторлорунун иштешинин алгоритмдери жана механизмдери иштетилип көрүлөт, ал эми 2019-жылдын 1-июлунан тарта ал толук кандуу иштей баштайт.

Газдын, мунайдын жана мунайзаттарынын жалпы рынокторун түзүүнүн концепцияларын Евразиялык жогорку экономикалык кеңеште 2015-жылдын аягына чейин, ал эми тийиштүү программаларды - 2018-жылдын 1-январына чейин сунуштоо болжолдонот. Алардын иш чараларын аткаруу 2018-2024 -жылдары жүргүзүлүп, 2025-жылдын 1-январына чейин тийиштүү эл аралык келишимдер күчүнө кирип жана бул рыноктордун иши башталышы керек.

Таир Мансуров ЕАЭБде энергоресурстардын жалпы рыногун түзүүдөн алынган экономикалык натыйжаларды баалоону биринчи жолу жалпыга жарыялады. Ошентип, РИАга (Россия илимдер академиясы) караштуу Өндүрүш күчтөрүн изилдөө боюнча кеңештин жана Россиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин баалоосуна ылайык, жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүүдөн Биримдиктин ИДПсынын кошумча өсүшү синергетикалык натыйжаны эске алуу менен жылына 7-7,5 млрд АКШ долларын түзүшү мүмкүн. Энергетика жана финансы институту газдын жалпы рыногунун ишинен минималдуу тике экономикалык натыйжаны жылына 1 млрд АКШ долларына баалайт, ал эми мультипликативдик натыйжаны эске алуу менен ал жылына дагы 3-4 кем эмес млрд АКШ долларын түзөт. Экономикалык стратегиялар институтунун баалоосу боюнча, мунайдын жана мунайзаттарынын жалпы рынокторун түзүүдөн келип чыккан жалпы натыйжа 5 жылдын аралыгында 5 миллиарддан 8 миллиардга чейин АКШ долларын түзмөкчү.

"Узак мөөнөттүү келечекте ЕАЭБ мамлекеттеринин кызматташуусу энергонатыйжалуу технологияларды биргелешип өнүктүрүүгө жана колдонууга, энергетикалык инфраструктуранын объектилерин курууга, транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө, жаңылануучу энергия булактарын колдонууну кеңейтүүгө багытталган", - деп белгиледи ЕЭК Министри.