Sign In
Евразия экономикалык комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Евразия экономикалык комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө

29.09.20
Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияны идентификациялоо жана байкоого алуу, жапайы жаныбарлардын арасындагы өзгөчө кооптуу илдеттерге улуттук ветеринардык кызматтарга көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле Комиссия менен ЭЭБдин ортосундагы мындан аркы кызматташтык маселелери ЕЭК Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренконун жана Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (ЭЭБ) Москвадагы Аймактык бюросунун башчысы Будимир Плавшичтин Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында өткөн жолугушуусунда каралды.

"Учурда товарларды, анын ичинде жаныбарлардан алынган товарларды байкоого алуу маселелери Комиссия үчүн негизи болуп эсептелет. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан Бирликтин ички рыногуна товарларды идентификациялоо жана байкоого алуу тутумун киргизүү контрабандалык жана контрафакттык продукцияны, ошондой эле коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды жүгүртүүдөн чыгарууга мүмкүндүк берет ”, - деп баса белгиледи Виктор Назаренко.

Жолугушууда ушул жылы аяктап жаткан, ЕЭК менен ЭЭБдин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча пилоттук программанын аткарылышы, ошондой эле алдыдагы үч жылдык мезгилге иш-чаралардын жаңы программасынын долбоору каралды.

Будимир Плавшич өз кезегинде белгилеп өткөндөй, COVID-19 илдетине байланыштуу пандемиянын оор мезгилине карабастан, ЭЭБ 2020-жылы жигердүү ишин улантып, сунуштарды иштеп чыгууга катышкан, видеоконференцияларды уюштуруп жана аларга катышкан, ЭЭБге мүчө өлкөлөргө ар кандай багыттарда колдоо көрсөткөн. Мындан тышкары, ал ЭЭБдин Дүйнөлүк делегаттар ассамблеясы тарабынан жактырылган, 2020-жылдагы ЭЭБ Генералдык сессиясынын негизги резолюциялары жөнүндө айтып берди.

Маалымат

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюму (ЭЭБ) бүткүл дүйнөдөгү жаныбарлардын саламаттыгы үчүн жоопкерчиликтүү болгон, өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Ал БСУнун референттик уюму катары таанылган.

ЭЭБдин негизги милдети – жаныбарлардын саламаттыгын жана бакубатчылыгын, ветеринардык саламаттыкты сактоону жакшыртуу. ЭЭБдин мүчөлүгүнө 182 мамлекет, анын ичинде ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрү кирет.