Sign In
ЕЭК Министри Владимир Гошин: «Кабыл алынган Методика «бирдиктүү терезе» улуттук механизмдерин жакындатуу боюнча артыкчылыктарды аныктоого жардам берет»

ЕЭК Министри Владимир Гошин: «Кабыл алынган Методика «бирдиктүү терезе» улуттук механизмдерин жакындатуу боюнча артыкчылыктарды аныктоого жардам берет»

29.09.15

28-сентябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда интеграция жана макроэкономика, соода, бажы кызматташтыгы, техникалык жөнгө салуу, өнөр жай жана агро өнөр-жай комплекси, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери каралды.

Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясы менен Перу Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды. ЕЭКтин Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министри) Татьяна Валоваяга Меморандумга жакынкы арада кол коюу тапшырмасы берилди.

Коллегиянын чечими менен «Бирдиктүү терезе» улуттук механизмдеринин өнүгүү абалына баа берүү ыкмасы бекитилди.«Ыкманын жардамы менен Тараптар улуттук «бирдиктүү терезенин» учурдагы абалына баа берип, аларды андан ары өнүктүрүү жана бизнес- процесстерди оптималдаштыруу боюнча кадамдарды иштеп чыга алышат,- деп чечмеледи Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегиянын Мүчөсү (Министр) Владимир Гошин. – Ошондой эле, методика мамлекет аралык өз ара иш жүргүзүүгө өтүү үчүн «бирдиктүү терезенин» улуттук механизмдерин жакындатуу боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатында колдонулмакчы».

Ошондой эле, Коллегия тышкы экономикалык ишти жөнгө салуу системасында «бирдиктүү терезе» механизмин өнүктүрүүнүн Негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча, иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылган механизмдин уюштуруу түзүмү жөнүндө жобону бекитти. Жобо өзүнө башкаруу механизминин улуттар үстүндөгү сегментинин негизги башкаруу элементтеринин сүрөттөлүшүн, ошондой эле, башкаруу механизминин улуттар үстүндөгү сегменти менен улуттук сегментинин өз ара аракеттенүүлөрүнүн сүрөттөлүшүн камтыйт.

ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү жумушчу топтун курамын бекитти, ЕАЭБ бажы аймагында бирдиктүү транзиттик системаны жана бажы транзитинде бирдиктүү гарантиялык механизмдерди колдонуу маселелерин жөнгө салган келишим долбоорун иштеп чыгуу анын негизги милдети болуп саналат.

Отурумда ЕАЭБнын Убактылуу сактоо кампаларынын жалпы реестрин түзүү, жүргүзүү жана колдонуу» жалпы процессинин алкагында маалыматтык өз ара иш жүргүзүүнү регламенттеген, технологиялык документтер топтому жактырылды.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясы тарабынан ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча, консультативдик комитеттин курамы бекитилди. Бул чечим Биримдик жөнүндө макулдашуунун талаптарына ылайык кабыл алынган. Ал Комиссиянын Биримдик өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо жагында макулдашылган саясатты жүргүзүү боюнча, консультативдик органы болуп саналат. Саясат ЕАЭБ өлкөлөрүндө керектөөчүлөрдүн укугун чарба жүргүзүүчү субъектилердин кара ниеттик иштеринен коргоо, ЕЭК үчүн ыйгарым укуктуу органдардын бул чөйрөдө өз ара иш жүргүзүүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бирдей шарттарды түзүүгө ж.б. багытталган.

Комитеттин негизги милдеттеринин ичинде – керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүргүзүүдө бирдиктүү ыкмаларды түзүү маселелери боюнча консультацияларды жүргүзүү; ыйгарым укуктуу органдардын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча өз ара иш жүргүзүүлөрү жагында; мүчө мамлекеттер үчүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чөйрөсүндө Комиссиянын сунуш- көрсөтмөлөрүнүн долбоорлору боюнча сунуштарды даярдоо; консультацияларды жүргүзүүнүн алкагында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагындагы башка маселелерди кароо камтылган. Комитетке Биримдик өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, ошондой эле, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү кирет. Комитеттин курамы 20 дан ашык адамдан турат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынганга чейин, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча, Консультативдик комитеттин төрагасынын милдети ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министри) Валерий Корешковго бекитилген.

Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы салык саясаты жана администрлөө боюнча консультативдик комитет жана анын курамы тууралуу Жобонун жаңы редакциясын бекитти. Жободогу өзгөртүүлөр жана толуктоолор, аны ЕАЭБ жөнүндө макулдашууга шайкеш келтирүүгө байланыштуу киргизилген. Комитеттин курамына өзгөртүүлөр Белоруссиянын, Казакстандын жана Россиянын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарындагы кадрдык жана түзүмдүк өзгөртүүлөргө, ошондой эле Армения менен Кыргызстандын ЕАЭБ жөнүндө макулдашууга бул өлкөлөрдүн эксперттеринин катышуусунун зарылчылыгынан улам киргизилген. Комитеттин курамы Биримдик мамлекеттеринин аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчилеринен (жетекчилердин орун басарларынан) жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Комитет Салык саясаты, ЕАЭБ жөнүндө Макулдашуунун XVII бөлүгүнө ылайык өз ара соодалашууда салык салуу механизмин өркүндөтүү, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруунун жүрүшү жагындагы маселелер боюнча комиссиянын консультативдик органы болуп саналат.

Комитеттин негизги милдеттеринин жана функцияларынын катарына төмөнкүлөр кирет:

а) Комиссия үчүн мүчө мамлекеттердин салык мыйзамдарын макулдашылган багыттар боюнча шайкеш келтирүү жана көйгөйлүү жагдайларды чечүү боюнча маселелерге тиешелүү сунуш – көрсөтмөлөрдү даярдоо;

б) Комиссия үчүн төмөнкүдөй маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу:

- мүчө мамлекеттердин салык саясатын жүргүзүүдө макулдашылган багыттар боюнча бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруу;

- мүчө мамлекеттердин өз ара соодалашууда кыйыр салык салуу, мүчө мамлекеттердин аймагында акциздик товарларды (анын ичинде алкоголдуу продукцияларды) жүгүртүү, тике салык салуу жагында мыйзам актыларын өркүндөтүү;

  • мүчө мамлекеттердин салык администрлөөсүн, анын

ичинде трансферттик баа түзүлүшүнө салык көзөмөлүн өркүндөтүү;

- өз ара соодалашууда кыйыр салыктардын алынышына жана бир мүчө мамлекеттин юридикалык жагы жана жеке адамы тарабынан башка мүчө мамлекеттин аймагынан алынган кирешелерине (мүлкүнө) салык салынышына контролдук кылуу үчүн зарыл болгон, мүчө мамлекеттердин өз ара маалыматтык иш жүргүзүүлөрүн өркүндөтүү;

в) Биримдиктин укугун түзгөн, салык салуу жагында эл аралык макулдашууларды жана актыларды колдонуу тажрыйбаларын талкуулоо ж.б.

Коллегия Биримдиктин бажы чек арасында жана бажы аймагында санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлгө(контролго) алынууга тийиш болгон товарлардын Бирдиктүү тизмесинин II бөлүгүнө сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды. Өзгөртүүлөрдө ЕАЭБнын «Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга карата талаптар жөнүндө» техрегламентинин жөнгө салуу объектиси болуп саналган жана мамлекеттик каттоо процедурасынан өткөрүлбөгөн продукциялар алынып салынат.

Коллегия мүчөлөрү ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өз ара жана Евразия экономикалык комиссиясынын ортосунда чек ара аркылуу өз ара иш жүргүзүүлөрүндө Электрондук документ алмашуу тууралуу жобону бекитишти. Документте юридикалык жактан маанилүү электрондук документтерди, мамлекет аралык алмашуу үчүн зарыл болгон, ченемдик – технологиялык жоболор аныкталат.

Биримдиктин интеграцияланган маалымат системасын калыптандыруу, ЕАЭБ алкагында маалыматтар жана электрондук документтер менен мамлекет аралык алмашууну камсыз кылууга багытталган.