Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторунда тамак – азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча иштерди координациялоо зарыл

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторунда тамак – азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча иштерди координациялоо зарыл

29.09.15

28-сентябрда Ереванга иш сапарынын алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Роберт Арутюнян Армениянын Тамак -аш коопсуздугу боюнча, мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен армениялык тамак- аш азыктарын Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн рынокторуна, көбүнчө, россиялык рынокко жеткирүүлөргө байланыштуу маселелерди талкуулады.

Тараптар армениялык мамлекеттик органдарынын башка мүчө мамлекеттердеги кесиптештери, айрыкча Россиянын айыл- чарбаны көзөмөлдөө кызматы менен кыйла тыгыз кызматташтыгы жагындагы мүмкүнчүлүктөрдү да карашты.

ЕЭК Министри Роберт Арутюнян билдиргендей, армениялык Тамак-аш коопсуздугу боюнча кызматынын Россиянын айыл- чарбаны көзөмөлдөө кызматына эквиваленттүүлүгүн таануу маселеси ЕЭК тарабынан бирлик макулдашууларынын натыйжалуу иштешине тоскоолдуктардын тизмесине киргизилген. Бул аны четтетүү боюнча максаттуу иштердин жүргүзүлүшүн болжолдойт. «ЕАЭБнын ички рыногунда соода- экономикалык алакалардын өнүгүшүнө өбөлгө түзбөгөн чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды аныктоо, Комиссиянын негизги иш багыты болуп саналат,- деп баса белгиледи ЕЭК Министри. – учурда жигердүү иш жүргүзүлүп жаткан негизги тоскоолдуктардын тизмеси түзүлгөн».

Аталган кызматтын жетекчиси учурда Россияга термикалык жактан иштетилбеген эт азыктарын ташып киргизүү боюнча көйгөйлөр четтетилгендиги тууралуу маалыматты сунуштады. Мындан тышкары, Армения тараптан үчүнчү өлкөлөрдүн ишканаларынын тизмесине киргизилген ишканалардын тизмеси актуалдаштырылган.

Иш боюнча жолугушууда Армения рыногунда жана натыйжада Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн рынокторунда тамак- аш коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтардын ишин координациялоо зарылчылыгы белгиленген. Армениянын Тамак-аш коопсуздугу боюнча кызматы ведомствону, анын ичинде лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү модернизациялоо боюнча планын сунуштады. Модернизациялоо азыктардын коопсуздугуна кыйла толук кандуу жана өз убагында көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары катышуучу өлкөлөрдүн көзөмөл жана контролдук кызматтары тарабынан үчүнчү өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан биргелешкен инспекцияларга армения кызматынын катышуусун маанилүү деп таанышты.