Sign In
Минскте ЕЭК эксперттери чек ара аралык рыноктогу нысапсыз атаандаштыктан кантип коргоонуу керектиги жөнүндө айтып беришти

Минскте ЕЭК эксперттери чек ара аралык рыноктогу нысапсыз атаандаштыктан кантип коргоонуу керектиги жөнүндө айтып беришти

29.07.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча өткөргөн Коомдук кабылдаманын отурумдарына бизнес-коомдоштуктун суроо-талабы жогору. Бул тууралуу ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору Алия Джумабаева Коомдук кабылдаманын 26-июлда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өткөрүлгөн кезектеги көчмө отурумунда билдирди.

«Ча
рба жүргүзүүчү субъектилерди жазалоо Комиссия үчүн негизги максат эмес. Мындан маанилүүсү – бузуулардын алдын алуу, алардын чек ара аралык рыноктордо пайда болуусу үчүн шарттарды болтурбоо. ЕАЭБ жөнүндө келишимге «жумшак укук» аспаптарын – эскертүүлөрдү жана абайлатууларды киргизүү дал ушуга багытталган», ­– деп Алия Джумабаева баса белгиледи.

ЕЭК эксперттери катышуучуларды арыздарды жол-жоболоштурууга жана аларды Комиссияга берүү тартибине карата талаптар менен тааныштырып, арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын юридикалык тактыгынан жана толуктугунан териштирүүнүн мөөнөттөрү гана эмес, иш боюнча түпкү чечимдин адилеттүүлүгү да көз каранды экендигине басым жасашты.

2018-жылда Комиссияга Коомдук кабылдамалар линиясы боюнча 27 арыз келип түшкөн, 9 териштирүү жүргүзүлүп, 5 иш каралган. Эксперттердин айтуусу боюнча, эң көп кездешкен бузуу – нысапсыз атаандаштык, экинчи орунда – үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу, үчүнчү орунда – атаандаштыкка каршы макулдашуулар.

Отурумдун экинчи бөлүгү салттуу түрдө ишкерлердин жеке консультацияларына арналды. Алардын берген суроолору көбүнчө Комиссияга кайрылуу жол-жоболоруна тиешелүү суроолор болду.