Sign In
Михаил Мясникович Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун атынан өткөрүлгөн эртең мененки тамакта катышты

Михаил Мясникович Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун атынан өткөрүлгөн эртең мененки тамакта катышты

29.06.20

26-июнда Москвада Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун атынан өткөрүлгөн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эртең мененки тамак болуп өттү.

 

Иш-чарада ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась, ошондой эле КМШнын катышуучу мамлекеттеринин Россияда аккредиттелген элчилери катышышты. 

 

Жолугушуунун жүрүшүндө келечекте согуштун кайталанышын болтурбоо үчүн анын сабактары жөнүндө тарыхый эсти сактоо боюнча иш-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бөлүндү. Актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашуу орун алды. 

 

Иш-чаранын катышуучулары советтик дипломаттардын Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы ишине, дипломатиялык корпустун эвакуация мезгилиндеги жашоосуна арналган экспозициялар менен таанышышты. Ошондой эле, жолугушуунун катышуучуларына Жеңиштин 75 жылдыгына карата даярдалган "Дипломатиялык фронттордо. 1941-1945" деп аталган эстелик басылма көрсөтүлдү. Ага совет дипломатиясынын фашизмди кыйратууга кошкон салымына арналган архивдик документтер кирди.