Sign In
ЕАЭБ жөнүндө келишимге алты жыл

ЕАЭБ жөнүндө келишимге алты жыл

2b31d486-4ca1-4a8e-bb6a-4885c206cba3.jpg
29.05.20

Урматтуу кесиптештер, достор!

Мындан алты жыл мурда, 2014-жылдын 29-майында, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюлду.

 

Мындай ири эл аралык бирикмедеги экономикалык байланыштардын бекемделиши ишканаларга жана уюмдарга бир кыйла натыйжалуу жана стабилдүү иштөөгө жардам берүүдө. Өз ара пайдалуу сооданы камсыз кылуу боюнча актуалдуу чечимдер кабыл алынууда, товарлардын жалпы рыноктору түзүлүүдө, Бирликтин 48 техникалык регламенти кабыл алынды, бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногунун режими 53 секторго жайылтылды.

 

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин башчыларынын жана Бирликтин Өкмөттөрүнүн иш-аракеттеринин аркасында мүчө мамлекеттердин жарандарынын жашоосу жана иштөөсү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө, билими жөнүндө документтерди өз ара таануу камсыз кылынды, Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимге кол коюлду.

 

Бирликтин негизги максаты, ЕАЭБ жөнүндө келишимде бекитилгендей эле, – төрт эркиндикти: товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн кыймылынын эркиндигин толук кандуу ишке ашыруу. 

 

Бүгүнкү күндө биздин интеграциялык бирикмеге беш көлкө кирет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия. Молдова байкоочу мамлекеттин статусуна ээ. Байкоочу мамлекеттин статусун алуу жөнүндө каалоосун Өзбекстан да билдирди. Вьетнам, Иран, Кытай, Сингапур жана Сербия менен соода макулдашууларына кол коюлду, 8 интеграциялык бирикме, үчүнчү өлкөлөрдүн 14 өкмөтү, үчүнчү өлкөлөрдүн 11 министрлиги жана ведомстволору, 38 эл аралык уюм жана алардын бөлүмдөрү менен меморандумдар түзүлдү.

 

Көп нерсе жасалды, бирок алдыда да – биздин Бирликтин жыргалчылыгы үчүн чоң иш күтүп турат. 

 

Майрамыңыздар менен, достор!

 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Михаил Мясникович​