Sign In
ЕАЭБдин мамлекет башчылары: Бирлик калыптанды жана ийгиликтүү иштөөдө

ЕАЭБдин мамлекет башчылары: Бирлик калыптанды жана ийгиликтүү иштөөдө

IMG02382.jpg
29.05.19
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 29-майда Нур-Султанда (Казакстан) болуп өткөн мааракелүү отурумунда интеграция, макроэкономика, соода, электр энергетикасы, бажы кызматташтыгы, каржылык саясат, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы, атаандаштык чөйрөлөрүндөгү жана башка бир катар чөйрөлөрдөгү маанилүү чечимдер кабыл алынды. Иш чара эки мааракелүү күнгө туш келди – Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин түзүлгөндүгүнүн 5-жылдыгына жана Евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгына.
Отурумда Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Елбасы Нурсултан Назарбаев, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон – ЕАЭБ алдындагы байкоочу өлкөнүн башчысы катары, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон – ардактуу конок катары, Аткаруучу комитеттин Төрагасы – Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышышты.
Отурумду ачып жатып, ЖЕЭК Төрагасы Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян: «Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде төрагалык кылуу мен үчүн зор сыймык. Бул жылы ЕАЭБ эки мааракени белгилеп жатат. Бирлик, биздин өлкөлөрдүн бизнеси жана экономикалары үчүн улам жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен, пландуу өнүгүп жаткандыгын констатациялоо керек», деп баса белгиледи.
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко «албетте, ЕАЭБ азырынча өтө эле жаш. Бирок ал азыр эле өзүнүн натыйжалуулугун жана өз алдынчалыгын далилдеп, биздин өлкөлөр үчүн дүйнөдөгү терс тенденцияларга каршы турууга мүмкүндүк берүүчү экономикалык өсүүнүн кошумча булагын камсыз кылды. Алдыда чоң перспективалар күтүүдө» деди.
«Казакстан Биринчи Президентинин кыраакылыгынын, стратегиялык көз карашынын аркасында Евразиялык интеграция идеясы иш жүзүндө ишке ашырылды», – деди Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев ЕАЭБ, беш өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү менен, чоң аймакта түзүлгөндүгүн белгилеп өттү. Бирликте өнүгүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болду. Стратегиялык контурларды кеңейтип, интеграция идеяларын күчөтүү зарыл. «Биз ЕБ, ШКУ, а балким, АСЕАН менен да толук кандуу экономикалык кызматташтыкты жолго салышыбыз зарыл», – деп эсептейт Нурсултан Назарбаев. Ошондой эле, ал биргелешкен ири инфраструктура долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иштерди ыкчамдатуунун зарылдыгын баса белгиледи.
«ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын өлкөлөрүнүн ортосунда, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен бирдей атаандаштык шарттарын түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды», – деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы, глобалдуу экономикалык чакырыктардын таасирине карабастан, Бирликтин калыптануусу уланууда деп белгиледи. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ тез өнүгүп келе жаткан интеграциялык бирикме катары саналат. Өсүү тенденциясын сактап калуу зарыл. Бул максаттар үчүн Бирликтин артыкчылыктуу багыттарын мындан ары да илгерилетүү зарыл. Кыргызстандын Президенти багыттардын бири катары санариптик күн тартибин ишке ашырууну белгиледи.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин «бүгүнкү күндө Евразия экономикалык бирлиги – бул ишмердиги тең укуктуулукка, өз ара пайдага жана бири биринин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген натыйжалуу интеграциялык бирикме» деп билдирди. Ошондой эле, ал «бардык көрсөткүчтөр Евразиялык интеграциянын иштеп жаткандыгын жана чыныгы натыйжаларды берип жаткандыгын күбөлөндүрөт» деп баса белгиледи. Россия мамлекетинин башчысы Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан, пенсияны эсептөөдө Бирликтин бардык мамлекеттеринин аймагындагы эмгек ишмердигинин бүткүл мезгили үчүн стажды эске алууга мүмкүндүк берген, макулдашуунун даярдалып жаткандыгын өзүнчө белгилеп өттү. «Өмүр бою иштеп келген конкреттүү жаран үчүн, жөнөкөй адам үчүн бул өтө чоң мааниге ээ деп эсептейм», – деди ал.

Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун айтуусу боюнча, Молдованын жарандары Евразиялык интеграция процесстерин жакындан байкап турушат, жана алар молдова коомунда дайым колдоого алынат. ЕАЭБ алдындагы байкоочу өлкөнүн статусу Молдовага Бирликте өткөрүлүүчү көптөгөн иш чараларга катышууга мүмкүндүк берди. «Биз Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнүн жана экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктарын максималдуу түрдө пайдаланууну көздөп жатабыз», – деди Молдова Республикасынын Президенти.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, өз кезегинде, ЖЕЭКтин мүчөлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгы менен куттуктап өттү. Ал ЕАЭБдин алкагында биз биринчи жолу, өлкөлөргө тең укуктуу негизде өзүнүн санариптик суверенитетин толугу менен түзүүгө мүмкүндүк берген, санариптик күн тартибинин конструкциясын ойлоп чыктык деп белгиледи. «Биз ишке салып жаткан он долбоор, жана биз түзүп жаткан экотутум биздин өлкөлөргө глобалдуу улуттар аралык корпорациялар бүгүнкү күндө сунуштап жаткан технологиялык жана техникалык чечимдерди гана колдонбостон, биздин Бирликтин экономикалык ишмердигинин бардык чөйрөлөрүнө тиешелүү өздүк санариптик өнүмдөргө ээ болууга ушул уникалдуу мүмкүнчүлүктү берет», – деди Тигран Саркисян. Бул тема катышуучу өлкөлөрдүн Бирликке мүчөлүк кылбаган коңшулары үчүн кызыктуу. «Бирликтин ишмердигинин бардык тармактарын санариптештирүү алардын биз менен кызматташтыгын актуалдуу кылат. Башкача айтканда, эгер биз ишмердиктин бардык тармактарынын – бажынын, логистиканын, эмгек биржасынын, ташуулардын санариптик трансформациясын ишке ашырсак, бул биздин чечимдерге кошулбаган өлкөлөр үчүн объективдүү тоскоолдуктар түзүлөт дегенди түшүндүрөт. Бул, биздин Бирликтин алкагында тең укуктуу шарттардагы санариптик суверенитет жагынан алып караганда, биздин коңшулар үчүн кызыктуу болушу мүмкүн», ¬– деп белгиледи ал. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча журналисттердин алдына чыгып сүйлөп жатып, Тигран Саркисян ЖЕЭКтин мүчөлөрү биринчи беш жылды ийгиликтүү катары баалаганын, Бирлик жана Комиссия улуттан жогорку орган катары калыптангандыгын – муну эл аралык таануу күбөлөндүрүп тургандыгын айтты. Көптөгөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар ЕАЭБ менен кызматташууну каалашат. Алып келүү бажы алымдарынын суммаларын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүүдөн сырткары, күн тартибинин бардык маселелери боюнча чечимдер кабыл алынды. Алымдарды бөлүштүрүү боюнча адилет ыкманы издөө боюнча иш улантылат. Аталган маселе кезектеги Кеңештин жана Өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна чыгарылат. ЖЕЭКтин мүчөлөрү бир нече эл аралык келишимдерге – Бирликтин Электр энергиясынын жалпы рыногун (ЭЖР) түзүү жөнүндө келишимине, ЕАЭБдин бажы аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөөнүн механизми жөнүндө макулдашууга кол коюшту, ошондой эле 2019-жылда санариптик күн тартибин ишке ашырууну талкуулашты. ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Бирлик жөнүндө келишимдин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына карата биргелешкен билдирүүсүндө глобалдык өсүүнүн жана цивилизациялык прогресстин лидерлеринин катарына кирүүгө умтулуусу жөнүндө билдиришти.