Sign In
ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары глобалдык өсүүнүн жана цивилизациялык прогресстин лидерлеринин катарына кирүүгө умтулуусу жөнүндө билдиришти

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары глобалдык өсүүнүн жана цивилизациялык прогресстин лидерлеринин катарына кирүүгө умтулуусу жөнүндө билдиришти

29.05.19
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 29-майда Нур-Султанда (Казакстан) болуп өткөн мааракелүү отурумунда интеграция, макроэкономика, соода, электр энергетикасы, бажы кызматташтыгы, каржылык саясат, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптөө, өнөр жай кызматташтыгы, атаандаштык чөйрөлөрүндөгү жана башка бир катар чөйрөлөрдөгү маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Елбасы Нурсултан Назарбаевдин Евразиялык интеграция идеясынын автору катары өзгөчө ролун тануу жана жогору баалоо менен, ошондой эле анын Евразия экономикалык бирлигин түзүүгө, өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымын эске алуу менен, Жогорку кеңеш ага «Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин ардактуу төрагасы» наамын ыйгарды.
Нурсултан Назарбаев ЖЕЭКтин отурумдарында катышып, күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоодо өз позициясын билдирип, Евразия экономикалык бирлигинин иштеши жана андан аркы өнүгүүсү боюнча өз сунуштарын киргизе алат.
ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары глобалдык өсүүнүн жана цивилизациялык прогресстин лидерлеринин катарына кирүүгө умтулуусу жөнүндө билдиришти. Бул тууралуу алардын Бирлик жөнүндө келишимдин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына карата биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

ЖЕЭКтин мүчөлөрү Бирликтин ишинен алгачкы оң натыйжаларды: өз ара жана тышкы сооданын, ИДӨнүн, өнөр жай өндүрүшүнүн, кооперациялык жеткирүүлөрдүн, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн, чекене сооданын өсүшүн, инфляциянын азайышын, эл аралык рейтингдерде өлкөлөрдүн позицияларынын жакшырышын канааттануу менен белгилешти. Кийинки алга жылуу үчүн мыкты башталыш түзүлдү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары өз ара эсептешүүдө улуттук валюталарды пайдаланууну кеңейтүү, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жылышын камсыз кылуу боюнча ишти улантуу зарылчылыгы жөнүндө билдиришти. Бирликтин жарандар үчүн артыкчылыктарынын арасынан жумушка орношуу жана атайын кепилдиктерди алуу, алдыңкы техникалык стандарттарды жана талаптарды киргизүүнүн аркасында керектөөчүлөрдүн кыйла сапаттуу продукцияга жетүү мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши белгиленди. Билдирүүдө Бирликтин мамлекеттеринин эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
«Биз ЕАЭБди инвестицияларды жана интеллектуалдык ресурстарды тартуунун күчтүү регионалдык борбору, инновациялардын, жогорку технологиялардын, жагымдуу ишкердик климаттын аянты, ошондой эле жарандарыбыздын жашоосун сапаттуу жакшыртуу жана болочок муундар үчүн стабилдүү жана перспективдүү негизди түзүү кызыкчылыктарында иш алып барган, күчтүү, туруктуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жана гүлдөп жаткан бирикме катары көрөбүз. Биздин өлкөлөр биргеликте глобалдык өсүүнүн жана цивилизациялык прогресстин лидерлеринин катарына киришине шек жок», – деп айтылат билдирүүдө.
ЖЕЭКтин мүчөлөрү Бирликтин электр энергиясынын жалы рыногун (ЭЖР) түзүү жөнүндө эл аралык келишимге кол коюшту. Бул ЕАЭБдин алкагында энергетика тармагында түзүлө турган ушундай үч документтин бири.
Эл аралык келишим жалпы электр энергетикалык рыноктун калыптануу, иштөө жана өнүгүүсүнүн укуктук негиздерин жана принциптерин аныктайт, анын иштөө эрежелери менен жөнгө салынуучу чөйрөлөрдү белгилейт, ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Комиссиянын Кеңешине ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун жөнгө салуучу актыларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берет. Документ башкарууну ишке ашырган жана Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун, анын катышуучуларынын ишин камсыз кылуучу органдарды жана уюмдарды жана инфраструктуралык уюмдарды, электр энергиясы менен соода жүргүзүү ыкмаларын аныктайт.
Электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына ачык бааларды орнотууга мүмкүндүк берет жана Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт. Мүчө мамлекеттердин ишканалары Евразия мейкиндигинде кыйла арзан электр энергиясын сатып ала алышат, бул алар чыгарган продукциянын өздүк наркын азайтат жана аяккы керектөөчүлөр үчүн бааларга оң таасир берет. Ошондой эле, жалпы рыноктун түзүлүшү Бирликтин өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Электр энергиясынын жалпы рыногун түзүүгө дагы бир маанилүү кадам Армения жана Кыргызстандын Мүчө мамлекеттер арасында электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык берүүнү жүзөгө ашыруу методологиясына (МАБ) кошулушу болду, ага ылайык электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык берүүнүн жылдык көлөмдөрүн түзүү жана өтүнмөлөрдү берүү тартибинин негизги жоболору бекитилет. Ошентип, Армения жана Кыргызстан, ЕАЭБ үчүн жалпы болгон, электр энергетикасы тармагындагы табигый монополия субъектилеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнүн принциптерин жана эрежелерин, анын ичинде баа түзүүнүн жана тарифтик саясаттын негиздерин кабыл алышты.
Бирлик өлкөлөрүнүн башчылары, товарларды бир мүчө мамлекеттин аймагынан экинчи мүчө мамлекеттин аймагына өткөрүүдө алардын жүгүртүлүшүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо жана бажы жана салык алымдарын төлөөдөн качуунун алдын алуу максатында, ЕАЭБдин бажы аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөөнүн механизми жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Көзөмөлдөө механизминин негизинде Бирликтин ар бир өлкөсүндө маалыматтык тутумду түзүү аркылуу товарларды документалдуу түрдө эсепке алуу жатат. Көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды тутум товарларды коштоочу документтерден топтойт. Келечекте Комиссиянын Кеңеши көзөмөлдөөгө жаткан товарлардын тизмегин аныктайт.
 
Жогорку кеңештин мүчөлөрү ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын бажы чек аралары өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуунун транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук беришти.
Жогорку кеңештин мүчөлөрү 2019-жылда санариптик күн тартибин ишке ашырууну талкуулашты.
Бул иште Евразия экономикалык комиссиясы бир нече багытты кармайт: санариптик күн тартибин ишке ашыруунун жалпы механизмдери, санариптик демилгелердин жана долбоорлордун бирдиктүү картасы, макулдашылган саясатты ишке ашыруу. Мындан сырткары, ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте, демилгелерди жана долбоорлорду жарыш ишке салуу менен, санариптик күн тартибин ишке ашыруу үчүн Бирликтин керектүү ченемдик-укуктук базасын түзүүдө. 2025-жылга чейин ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарынан кийин эле демилгелерди иштеп чыгуунун тартиби жана аларды баалоонун критерийлери, демилгелерди ишке ашыруунун механизмдери даярдалды жана бекитилди, демилгелерди башкаруу кеңсеси түзүлдү. Комиссияга азыртан эле мүчө мамлекеттердин бизнестеринен жана бийлик органдарынан элүүгө жакын демилге келип түштү. Демилгелерди иштеп чыгуу механизмдери, аны мындан да натыйжалуу кылыш үчүн, «сыноодон» өтүүдө.
Докладда ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу үчүн Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары жана компетенция борборлору менен Комиссиядагы долбоордук ишмердикти институтташтыруу жөнүндө талкууну улантуу зарылчылыгы белгиленет. Мүчө мамлекеттердин компетенция борборлорунун биргелешкен ишин, анын ичинде эксперттик аянтчалардын жана демилгелердин алкагындагы биргелешкен ишин активдештирүү, бизнес жана керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу талап кылынууда.
ЖЕЭКтин отурумунда ЕАЭБдин тышкы өнөктөштөр менен өткөрүлүүчү сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу бир катар маселелер каралды. Комиссия Жогорку кеңештин мүчөлөрүнө ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр менен түзүлгөн соода келишимдери тууралуу докладды көрсөттү. Документте Комиссия иштеген убакыттын ичинде ЕЭКтин жана Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнөн турган бирдиктүү сүйлөшүү командасы түзүлгөндүгү жана анын аракеттенүү форматы иштелип бүткөндүгү белгиленет.
Вьетнам менен соода мамилелеринин өнүгүүсүнүн оң динамикасы белгиленди, мындай динамика 2016-жылдын октябрь айында эркин соода жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден тарта сакталат. Алсак, 2018-жылы Вьетнамдан Бирликтин өлкөлөрүнө импорт 2017-жылга салыштырмалуу 10%га өстү – 4 млрд АКШ долл. чейин, ал эми Вьетнамга экспорттук жеткирүүлөр 20%га өстү – 2,7 млрд АКШ долл. чейин.
Комиссия ЖЕЭКтин мүчөлөрүн Египет, Израиль жана Сингапур менен соода макулдашууларын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн статусу жөнүндө маалымдады.
Сербия Республикасы менен эркин соода жүргүзүү жөнүндө келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр негизинен аяктады. Ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор ишке салынды. Сербия менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча, Сербия менен эркин соода режими эмитен аракеттенип жаткан Бирликтин өлкөлөрү үчүн (Беларусь, Казакстан, Россия) Сербиянын рыногуна жетүү боюнча бир катар кошумча преференцияларга жетишүү, ошондой эле Армения жана Кыргызстан үчүн алымсыз соода жүргүзүү шарттарын макулдашуу мүмкүн болду.
Өткөн жылдын май айында кол коюлган КЭР менен соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун жана Иран менен эркин соода зонасын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболордун учурдагы статусу жөнүндө маалымат берилди – тийиштүү жол-жоболор макулдашуулардын дээрлик бардык катышуучу өлкөлөрүндө аягына чыгарылды.
Ошондой эле, ЖЕЭКтин мүчөлөрүнө Комиссиянын Кеңешинин буйругуна ылайык, соода макулдашууларын түзүү үчүн ЕАЭБдин жаңы өнөктөштөрү боюнча, ушул жылдын күз айларына чейин аякташы керек болгон, сунуштарды даярдоо демилгелендиги жөнүндө маалымат берилди.
Жогорку кеңеш ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 2019-2020-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын бекитти.
 
2018-жылдын жыйынтыктары боюнча Бирликте экономиканын эки пайызга өсүшүнө жетишүү боюнча милдет аткарылды. Глобалдык товардык жана каржы рынокторундагы турбуленттүүлүктүн күчөшүнө карабастан, макроэкономикалык башкаруунун сапатын жакшыртуунун жана макроэкономикалык саясаттын улуттук жана интеграциялык деңгээлдерде кабыл алынган чараларынын натыйжасында ЕАЭБде экономикалык өсүүнүн темптери 2,5% түздү.
Ошол эле учурда Бирликте экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүнүн учурдагы баскычы аяктоодо. Бул контекстте мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын орто мөөнөттүү перспективадагы артыкчылыктуу максаты – ички жана тышкы рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу динамикалуу жана туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылуу болот.
Комиссия ЖЕЭКтин мүчөлөрүнө Кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүүнү жөнгө салуунун, түзүүнүн жана ишмердиктин эрежелерин аткаруу жөнүндө мониторингди көрсөттү.
Аталган эрежелер мамлекет башчылары тарабынан 2016-жылдын декабрь айында кабыл алынган. Алар учурдагы административдик тоскоолдуктарды жоюуга жана ишкердик ишмердикти жөнгө салууда жаңы тоскоолдуктардын пайда болушунун алдын алууга жардам берет. Документ ак ниеттүү ишкерлерге бирдиктүү рынокко жетүүгө жана анда иштөөгө кепилдик берүү менен, талаптардын ачыктыгын жана стабилдүүлүгүн камсыз кылат, бизнести алып барууну жеңилдетет.
Бирликтин мамлекеттеринин башчылары өкмөттөргө аталган эрежелерди ишке ашыруу боюнча ишти улантууга буйрук беришти.
Жогорку кеңеш ЕЭКтин чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө 2018-жылга карата жылдык отчётун жактырды.
Документтин негизин Комиссиянын чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча монополияга каршы блогунун ишинин жыйынтыктары, анын ичинде мындай бузуулардын белгилери боюнча келип түшкөн жана каралган арыздар жөнүндө маалыматтар, атаандаштыктын абалын баалоонун натыйжалары түздү.
Өткөн жылда Комиссия Бирлик жөнүндө келишимге ЕАЭБдин укугуна, аларды монополияга каршы таасирденүүнүн превентивдик чаралары катары колдонууга мүмкүндүк берген, алдын алуу жана эскертүү куралдарын киргизүү боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыкты. Бул новеллалар монополияга каршы таасирденүү чараларын колдонуунун ыкчамдыгын жогорулатат, бизнеске административдик жүктөмдү олуттуу түрдө азайтат жана бизнес чөйрөсүндөгү «алдын алуу таасирин» күчөтөт деп күтүлүүдө.
Ошондой эле, чек ара аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышына натыйжалуу контроль жүргүзүү максатында, Комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган. Бул үчүн Өкмөттөр аралык кеңештин буйругу боюнча тийиштүү протоколдун долбоору Бирликтин өлкөлөрүнө кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду өткөрүү үчүн жөнөтүлдү.

ЕЭК ЕАЭБдин атаандаштык органдары менен биргеликте ЕАЭБде медициналык техниканын жана медициналык багыттагы буюмдардын чек ара аралык товардык рынокторунда бирдей шарттарды камсыз кылуу боюнча ачык демилгеси менен чыкты. Комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Бирликтин чек ара аралык рынокторунда бирдей шарттарды камсыз кылуу үчүн, отчёттук жыл ичинде ЕЭК, анын алкагында айрым товардык рыноктордогу атаандаштыктын шарттары изилденген, тобокелдикке багытталган ыкманы колдонууну улантты. ЖЕЭК көмөкчү органды – ЕАЭБдин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешти түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Анын максаты – ыйгарым укуктуу улуттук министрликтердин макулдашылган өнөр жай саясатын ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу. Кеңеш Бирликтин өлкөлөрү үчүн ЕАЭБдин өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн стратегиялары, багыттары жана перспективалары боюнча сунуштарды даярдоо менен алектенет.