Sign In
ЕАЭБде зер буюмдарындагы сынамык энтамгалар өз ара таанылат

ЕАЭБде зер буюмдарындагы сынамык энтамгалар өз ара таанылат

29.05.19
28-майда Нур-Султанда (Казакстан) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусу менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отуруму болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү соода, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, зер тармагы, каржы саясаты, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашты.
Комиссиянын Кеңеши өз ара соода жүргүзүүдө сынамык энтамгаларды өз ара таанууга тоскоолдук кылып жаткан концептуалдык келишпестиктерди алып салды, жана ЕАЭБдин алкагында кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду өткөрүү үчүн жөнөттү. Ошентип, мүчө мамлекеттер макулдашууну түзүүгө финалдык кадам жасашты. Кеп зер буюмдарын мыйзамсыз жүгүртүү үчүн жоопкерчилик чараларын шайкеш келтирүү боюнча чараларды кабыл алуу жана өлкөлөрдө зер буюмдарын өндүрүүгө, пайдаланууга жана жүгүртүүгө контроль канчалык натыйжалуу жана дүйнөлүк иш-тажрыйбаларды колдонуу менен ишке ашырылып жаткандыгын аныктоо үчүн мүчө мамлекеттерге серептик сапарларды жасоо жөнүндө болууда. Эскерте кетсек, азыркы учурда Бирликтин өлкөлөрүндө зер буюмдарын өндүрүүгө, пайдаланууга жана жүгүртүүгө карата талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчилик чаралары бири биринен олуттуу түрдө айырмаланат. Ошондой эле, сынамыктык көзөмөл тутуму да ар башка, бул жалпы зер рыногунун калыптануусу үчүн объективдүү тоскоолдуктарды түзүүдө. Бүгүнкү күндө зергерлерге зер буюмдарына алар өндүрүлгөн өлкөдө, сатылган өлкөдө да сынамык энтамгаларды кайрадан коюуга туура келүүдө. Макулдашуу зер буюмдары менен өз ара соода жүргүзүүнүн потенциалын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ишеним аянтчасын түзүүгө мүмкүндүк берет, жалпы эле тармактын өндүрүүчүлөрүнүн кооперациясы үчүн маанилүү шарт болуп калат. Ал эми бул Евразия зер брендин түзүүгө маанилүү кадам болуп саналат.
ЕЭК Кеңеши 18 жашка жеткен жеке жактардын чет өлкөгө алкоголдук жана тамеки продукциясын жеке максаттар үчүн алып чыгуусуна чектөөнү алып салды. Учурда жеке жактар алкоголдук продукцияны ЕАЭБдин бажы аймагынан беш литрден көп көлөмдө алып чыкканда, ал жеке пайдалануу үчүн товар болуп эсептелбейт жана анын өткөрүлүшү соода жүгүртүмү үчүн каралган эрежелер менен (анын ичинде мындай алкоголдук продукцияны бажы жол-жоболоруна коюу үчүн товарларга декларацияны колдонуу менен, анын бажылык декларациясын ишке ашыруу зарылдыгы менен) жөнгө салынат. Ал эми тамеки үчүн 200 сигарета же 50 сигара (сигарилла) же 250 грамм тамеки же ушул заттардын ассортименттеги жалпы салмагы 250 граммдан көп эмес болгон көлөмдөгү чектөөлөр колдонулат. ЕЭК Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 чечимине өзгөртүү ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана учурда колдонуудагы чектөөлөрдү жоёт.
ЕЭК Кеңеши, Россия Федерациясынын БСУнун алкагындагы милдеттенмелерине ылайык, ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасына жана ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине (ББТ) товарлардын айрым түрлөрүнө карата өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Тарифтик милдеттенмелерди аткаруунун графигине ылайык, бул жылы ЕАЭБ ББТнын алып келүү бажы алымдарынын коюмдары 135 тарифтик линияга карата төмөндөтүүгө жатат. Анын ичинде 111 тарифтик линияга карата алымдар (моторлуу транспорт каражаттарынын жана учуучу аппараттардын айрым түрлөрү) 2019-жылдын 1-сентябрынан тарта төмөндөтүлөт, 24 тарифтик линияга карата (жаңы союлган, муздатылган же тоңдурулган чочко эти) – 2020-жылдын 1-январынан тарта.

ЕЭК Кеңеши Бажы бирлигинин «Жеке коргонуу каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Өзгөртүүлөр техникалык регламенттин колдонулуу чөйрөсүн, суудан жана уулуу эмес заттардын эритмелеринен жана механикалык таасирлерден жеке коргонуунун, дем алуу органдарын жана буттарды (бут кийим) химиялык факторлордон коргоонун айрым каражаттарына талаптарды тактайт. Мындан сырткары, өрт өчүрүүдө колдонулган чыпкалоочу өзүн өзү сактагычка, жеке коргонуу каражаттарын маркалоого талаптар толукталууда. Угуу органын жеке коргоо каражаттары үчүн шайкештикти тастыктоо формасы декларациялоодон сертификаттоого өзгөртүлүүдө.