Sign In
ЕАЭБ эл аралык кызматташтыктын географиясын кеңейтти

ЕАЭБ эл аралык кызматташтыктын географиясын кеңейтти

29.04.20

Евразия экономикалык бирлиги дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн жана регионалдык интеграциялык бирикмелеринин көпчүлүгү менен кызматташтыкты расмийлештирди же алар менен активдүү өз ара аракеттенип келет. Бул тууралуу ЕАЭБдин 2019-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарынын ишке ашырышы жөнүндө баяндамада айтылат. Аны ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү 28-апрелде карап чыгышты.

Бирлик алар менен эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзгөн, ошондой эле өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол койгон үчүнчү өлкөлөрдүн ИДӨсү 29,6 трлн долларды (сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча) – дүйнөлүк ИДӨнүн 23,2% түзөт. Аталган өлкөлөрдө 1,7 млрд адам же дүйнөлүк калктын 21,6% жашайт. Регионалдык интеграциялык бирикмелерди кошо эсептегенде Бирликтин чет элдик өнөктөштөрүнүн ИДӨсү 43,9 трлн долларды (сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча) же дүйнөлүк ИДӨнүн 34,3%, ал эми калкы – 3,7 млрд адамды же дүйнөлүк калктын 48,5% түзөт.

Түзүлгөн кызматташтык механизмдеринин, биринчи кезекте, биргелешкен жумушчу топтордун алкагында тармактык диалог активдештирилди.

Бирликтин эл аралык уюмдар менен кызматташтыгынын географиясынын жана сапатынын адымдап кеңейиши, диалогдун иш-тажрыйбалык мазмунга толушу улантылды. Мындай кызматташтык Комиссияга экономиканын ар кандай тармактарындагы жөнгө салуунун мыкты тажрыйбаларын биринчи булактардан алууга, ошондой эле эл аралык аренада Бирликтин кызыкчылыктарын илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.

Эл аралык ишкердик жана эксперттик коомдоштук менен, анын ичинде соода-өнөр жай палаталары, ишкердик кызматташтык кеңештери, регионалдык өнүктүрүү банктары жана негизги эл аралык талкуу аянтчалары менен өз ара аракеттенүү ырааттуулук менен өнүгүп келди.


Евразия экономикалык бирлигинин 2019-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарынын ишке ашырышы жөнүндө баяндама Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги отурумунда көрсөтүлмөкчү.​