Sign In
Тимур Жаксылыков: "Өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана каржы агымдарын активдештирүү ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук валюталары менен операциялардын өсүшүнө өбөлгө түзөт"

Тимур Жаксылыков: "Өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана каржы агымдарын активдештирүү ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук валюталары менен операциялардын өсүшүнө өбөлгө түзөт"

29.01.21

28-январда Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) талдоочулары Евразия экономикалык бирлигинин улуттук валюталарынын эл аралык эсеп-кысаптардагы ролу жөнүндө изилдөөнү көрсөтүштү. Евразия экономикалык комиссиясы презентациянын өнөктөшү болду.

ЕАӨБдүн "ЕАЭБдин улуттук валюталарынын эл аралык эсеп-кысаптардагы ролун жогорулатуу" деп аталган баяндамасына ылайык, акыркы жети жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн дүйнөлүк соодадагы ролу дээрлик өзгөргөн жок – алардын глобалдык соодадагы үлүшү мурдагыдай эле 2% чамасындайды түзөт. Дүйнөдөгү негизги 30 валютанын арасында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнөн рубль көрсөтүлгөн – бул валютада бардык операциялардын 1% чамасындай бөлүгү аткарылат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үчүнчү өлкөлөр менен соодасында улуттук валюталардын импорт үчүн төлөмдөрдү тейлөөдөгү үлүшү 24% чамасындайды түзөт. Экспортту тейлөөдө алардын үлүшү бир кыйла аз – 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча ал 9%дан ашкан жок. Көбүнчө бул отун-энергетика товарларынын экспортунун олуттуу үлүшүнө байланыштуу, алар үчүн төлөмдөр көп учурларда доллар менен аткарылат.

Акыркы жети жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара эсеп-кысаптарында улуттук валюталардагы төлөмдөр 2013-жылда 63%дан 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча 74%га чейин өскөн. Акыркы беш жылдын ичинде доллардын үлүшү 2015-жылдагы 25%дан 2019-жылда 19%га чейин азайган.

Соода операцияларын тейлөөдө, айрыкча Кыргызстан менен соодада, теңге бир кыйла активдүү колдонулат. Эгер 2013-жылы Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара соодада теңгенин үлүшү 15% түзгөн болсо, 2019-жылда ал 19%га жеткен. Россиянын жана Казакстандын ортосундагы соодада теңгенин үлүшү 5% түзөт, ал 2013-жылдагы 2%га салыштырмалуу бир кыйла өскөн.


Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр), ЕАЭБдин алкагында өз ара сооданы ишке ашыруудагы эсеп-кысаптарды долларсыздаштыруу маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун жетекчиси Тимур Жаксылыков белгилеп өткөндөй, мүчө мамлекеттердин резиденттеринин ортосундагы өз ара эсеп-кысаптарда улуттук валютанын колдонулушун кеңейтүү милдети ЕАЭБ жөнүндө келишим менен аныкталган жана евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарында чагылдырылган.

"Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жана каржы агымдарын активдештирүү, биздин мамлекеттердин резиденттеринин ортосунда валюталык операцияларды жүргүзүү шарттарын либералдаштыруу, интеграцияланган валюта рыногун түзүү жана мүчө мамлекеттер тарабынан бири-биринин валюта рынокторуна өз ара жетүүнү камсыз кылуу, ошондой эле ишмердиктин ар түрдүү тармактарында ЕАЭБ жөнүндө келишимди толук масштабдуу ишке ашырууга багытталган бир катар башка чаралар мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарындагы төлөмдөрдүн үлүшүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт", – дейт Тимур Жаксылыков.

Ишмердигинде Бирликтин өлкөлөрүнүн кызыкдар болгон ыйгарым укуктуу органдарынан сырткары Евразия өнүктүрүү банкы катышкан долларсыздаштыруу боюнча жумушчу топтун ишмердигинин алкагында улуттук валюталардагы эсеп-кысаптарды активдештирүүнүн резервдерин аныктоо боюнча иш жүргүзүлүп, тараптардын аталган тематика боюнча, анын ичинде энергия алып жүрүүчүлөр үчүн өз ара эсеп-кысаптар боюнча сунуштары иштелип чыгат.

"Бирликтин алкагында улуттук валюталардагы эсеп-кысаптардын үлүшүн көбөйтүү маселесине чоң көңүл бөлүнөт, жогорку жана эксперттик деңгээлдерде тийиштүү активдүү иш жүргүзүлүп келет. Мындай мамиле коюлган милдеттерди аткарууга жана бул багыттагы жарыяланган милдеттерге жетүүгө алып келет деп ишенебиз", – дейт Тимур Жаксылыков.

Маалымат


Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ)
– ага катышкан өлкөлөрдүн: Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын интеграциясына жана өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн эл аралык каржы уюму. ЕАӨБдүн уставдык капиталы 7 млрд АКШ долларын түзөт. Банк 2006-жылдын январь айында Россия жана Казакстан тарабынан уюшулган, анын штаб-квартирасы Алмата шаарында жайгашкан. ЕАӨБдүн портфелиндеги негизги үлүштү транспорт инфраструктурасы, энергетика, химия жана тоо-кен казып алуу өнөр жайы, машина куруу чөйрөлөрүндөгү интеграциялык таасири бар долбоорлор ээлейт.

Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттары (Стратегия-2025) 2020-жылдын 11-декабрында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген. Документти ишке ашыруу инвестициялык жана инновациялык активдүүлүктүн өсүшүнүн, өсүшкө жана жумуштуулукка көмөк көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин түзүүнүн эсебинен мүчө мамлекеттердин экономикаларынын өнүгүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 2021-жылдын биринчи кварталында ЕЭК Коллегиясы Стратегия-2025ти ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын ЕЭК Кеңешине бекитүү үчүн көрсөтүүнү пландаштырууда.​