Sign In
ЕЭКте Бангладештин жана ЕАЭБдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЕЭКте Бангладештин жана ЕАЭБдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

29.01.21

29-январда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директору Игорь Назаруктун Бангладеш Эл Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Камрул Ахсан менен жолугушуусу болуп өттү.

Маектин жүрүшүндө тараптар өз ара сооданын учурдагы абалы жана соода жүгүртүмүн андан ары диверсификациялоо зарылчылыгы жөнүндө пикир алмашышты.

Камрул Ахсан Бангладештин экономикасы акыркы он жылдын ичинде олуттуу өсүштү көрсөткөндүгү тууралуу маалымдады, ИДӨ орточо эсеп менен жылына 8%га өсүүдө жана жадагалса пандемия мезгилинде да өсүш 5,6% түздү.

Игорь Назарук, өз кезегинде, БУУнун квалификациясы боюнча аз өнүккөн өлкө катары Бирликтин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумунун колдонуучусу болуп саналган Бангладеш преференциалдык жеткирүүлөрдү ишке ашырып жаткан негизги өлкөлөрдүн бири экендигин билдирди. Өлкөнүн аз өнүккөн өлкөлөрдөн преференциалдык импорттогу үлүшү 2019-жылда 56% түздү. Бангладештен преференциалдык жеткирүүлөрдүн бардык колдонуучу өлкөлөрдөн жалпы преференциалдык импорттогу үлүшү 0,5% түздү.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Бангладештин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.

"Биздин бизнес-коомдоштуктар өздөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн да, өз ара соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн да ишти активдештириши мүмкүн деп ишенимдүү айта алам. Комиссиянын милдети – өз ара аракеттенүүнү жолго коюу жана кайсы чөйрөлөрдө өз ара кызыгуу бар экендигин жана кайсы жерлерде ийгиликке жетишүү мүмкүн экендигин көрсөтүү", – деди соода саясаты департаментинин директору.

Маалымат

2019-жылдын 31-майында Евразия экономикалык комиссиясынын жана Бангладеш Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.​