Sign In
ЕАЭБде тез өнүгүү стратегиясын жүзөгө ашыруу сунушталды

ЕАЭБде тез өнүгүү стратегиясын жүзөгө ашыруу сунушталды

28.10.20
Пандемиянын кесепеттерин жоюу жана Евразия экономикалык бирлигин тез өсүү траекториясына чыгаруу боюнча сунуштар 28-октябрда Москвадагы Президент-мейманканасында өткөн "Интеграция: тез өнүгүү стратегиясы" ЕАЭБ бизнес форумунун катышуучулары тарабынан айтылды.

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри, пленардык сессиянын модератору Сергей Глазьев пандемиялык каатчылык жаңы технологиялык тартиптин өнүгүшүнө түрткү болгонуна көңүл бурду.

"Каатчылык түзүмдүк өзгөрүүлөрдү тездетип жатат. Ишкердик жигердүүлүктүн борбору Батыштан Чыгышка жылышы барган сайын күч алып жаткандыгын көрүп жатабыз. Кытай азыркы учурда тез өнүгүү траекториясына чыккан жана Евразия экономикалык бирлиги калышпашы керек, - деди Сергей Глазьев. - Бүгүнкү күндө Комиссиянын эсептөөсү боюнча, Россияда жана жалпысынан Бирлик өлкөлөрүндө экономикалык өсүш потенциалы жылына - 8%дан аз. Экономикалык өнүгүүнүн резервдерин өндүрүштүк кубаттуулуктарды кошумча жүктөөдөн, эмгек ресурстарын экономикага тартуудан жана чийки затты кайра иштетүүнү күчөтүүдөн көрөбүз”.

Сергей Глазьев ЕЭКтин макроэкономикалык саясат департаменти тарабынан даярдалган “Стратегиялык өзгөрүүлөр дүйнөсүндө ЕАЭБдин орду” баяндамасын сунуштап, соңку технологиялык тартип, инфраструктура, анын ичинде адам капиталы жаатындагы долбоорлор, Комиссиянын маалыматы боюнча, жылына 25-35% өсүш бере  тургандыгын белгиледи.

Сергей Глазьев баса белгилегендей, ЕАЭБде санитардык-эпидемиологиялык чаралар жетиштүү деңгээлде ыкчам жана натыйжалуу болгон, ал эми акча-кредиттик чаралар Бирликте азырынча анчалык натыйжалуу эмес.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Алексей Оверчук белгилеп өткөндөй, пандемия учурунда ЕАЭБ болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкка туш болду: "Биздин өлкөлөрдүн ортосунда адамдардын кыймылы жок болгондо, биз коронавирус инфекциясынын жайылышынан коргонуу чарасы катары чек араларды адамдар үчүн жабууга мажбур шартта, интеграцияны өнүктүрүү кыйын. Биз товарлардын үзгүлтүксүз жылышын камсыз кылуу үчүн колдон келишинче аракет кылдык жана товарлардын агымын сактап калдык".

"Пандемия биздин Бирликтин эбегейсиз дарамети бар экендигин көрсөттү. Жана биз чындыгында бири-бирибизге таянып, бири-бирибизге жардам берип, ийгиликке жетишсек болот”, - деп кошумчалады Алексей Оверчук.

Өнүгүүнүн келечектүү багыттары жөнүндө айтып жатып, ал ЕАЭБ тез аракеттенип, электрондук соода операторлору формасында өзүнүн институттарын түзүп, жана электрондук сооданы колдонуу менен алып келинген товарларды “бажылык тазалоо” маселесин чечиши керек экендигин баса белгиледи.

"Бирликтин ишинин жаңы багыттары белгилүү бир инструменттердин жыйындысына негизделиши керек, ал дагы өркүндөтүүнү талап кылат. ЕАЭБдин улуттуктун үстүндөгү жөнгө салуу тутумун чыңдоого багыт алуу керек. Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыгында иштеген квалификациялуу адистерди жана жетекчилерди тартууга тийиш”, - деди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары.

Ал ошондой эле Бирликтин эки же андан ашык өлкөсүн камтыган ири эл аралык интеграциялык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү долбоордук ыкманы иштеп чыгууну жактады. "Эң оболу, бул санариптик долбоорлор, ошондой эле логистика, энергетика, почта байланышы, азык-түлүк коопсуздугу, шаардык чөйрө, тиричилик жана өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү жана экология жаатындагы долбоорлор", - деди Алексей Оверчук.

Форумдун катышуучулары Бирликтин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуу тутумунун иштешине байланыштуу көйгөйлүү маселелерге жана ушул чөйрөнү өнүктүрүүнүн келечегине токтолду.

"ЕАЭБде биз акырындык менен санариптик техникалык жөнгө салуу тутумун түзүп жатабыз. Бул товарлар жөнүндө так жана ишенимдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле Бирликтин аймагында өнүмдөрдүн мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу үчүн маанилүү курал", - деди ал.

Виктор Назаренко билдиргендей, азыр ЕАЭБде техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөгөн 27 контролдоочу орган бар, бирок алардын натыйжалуулугу өтө төмөн.

Ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Гегам Варданян ЕАЭБдеги негиз салуучу IT-долбоору - интеграцияланган маалымат тутуму, ал Бирлик өлкөлөрүнүн ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган, гео-бөлүштүрүлгөн маалымат тутуму экендигин билдирди. Мындан тышкары, Комиссия “Чексиз жумуш” жана "Санариптик транспорттук коридорлор" сыяктуу санариптик демилгелерди ишке ашырууда.

“Чексиз жумуш” долбоорунун башкы максаты - бош жумуш орундары жана жумуш издөөчүлөр жөнүндө маалыматка жеткилик алуу үчүн издөө тутумун түзүү. Долбоорго беш мамлекеттин иштеп жаткан улуттук тутумдары катышууда. Тутумдун колдонуучуларына аймактарында жумуш издөө же персоналды тандоо талап кылынган бир же бир нече мүчө мамлекеттерди тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилет.  Аталган тутумду ишке киргизүү декабрь айына пландаштырылган", - деп билдирди Гегам Варданян.

Ал эми санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын түзүү боюнча долбоор - бул логистикалык маалымат алмашуу үчүн ачык санарип чөйрөсү. Гегам Варданян белгилегендей, интеграцияланган маалымат тутуму менен катар бардык долбоорлор ЕАЭБдин санарип кызматтарынын экосистемасынын негизин түзөт.

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Олег Панкратов жаңы экономикалык реалдуулук шарттарында, Бирликте бирдиктүү бажылык жөнгө салууну камсыздоо зарыл экендигин баса белгиледи.

"Биздин алдыбызда санариптик бажыларды калыптандыруу жана бажылык башкаруунун толук масштабдуу санариптик трансформациясы үчүн шарттарды түзүү милдети турат. Комиссия Бирлик мамлекеттери менен биргеликте, ЕАЭБде санариптик бажыны калыптандыруу концепциясынын долбоорун даярдоонун үстүндө иштеп жатат, аны кабыл алууну биз 2021-жылга пландап жатабыз", - деп белгиледи Олег Панкратов.

Россия Федерациясынын ФБК башчысынын орун басары Руслан Давыдов өз кезегинде Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарындагы бажы блогу санарип технологияларын колдонууну кеңейтүүнү, ЕАЭБ Бажы кодексин өркүндөтүүнү, электрондук документ жүгүртүүнү унификациялоону камтыйт деп билдирди. Негизги багыт болуп бажы операциялары жана бажы контролун өткөрүү үчүн бирдиктүү стандартты камсыз кылуу болуп саналат.

Роскосмостун башчысы Дмитрий Рогозин Россия менен Казакстандын ортосунда "Байтерек" космостук комплексинин жер үстүндөгү инфраструктурасын түзүүгө инвестициялар жөнүндө келишимге кол коюлушу жана ЕАЭБдин Жерди аралыктан зонддоо жаатындагы мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу жөнүндө айтып берди. 2021-жылы Роскосмос 600дөн ашык космос аппараттарынан турган спутник тобун түзүү каралган "Сфера" программасын жүзөгө ашырууга киришет. "Биз бул маалыматты Евразиялык бирлик боюнча өнөктөштөрүбүз менен бөлүшүүгө даярбыз", - деп белгиледи Роскосмостун башчысы.

Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы Николай Подгузов билдиргендей, ЕАӨБ ресурстары буга чейин Бирликте жүз миллиардга жакын интеграциялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалып, жалпы суммасы 4 миллиард долларды түзгөн, ошол эле учурда банк Комиссия менен дагы жигердүү иштешүүгө даяр.

Россия Илимдер академиясынын президентинин орун басары Владимир Иванов Бирликте фундаменталдуу илимий изилдөө боюнча өзүбүздүн программаны түзүү зарылдыгын билдирди. ЕАЭБдеги "бешинчи эркиндик" билимди жана технологияларды жайылтуу болушу мүмкүн", - деди ал.

Форумдун катышуучулары ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканаларынын ортосундагы ишкердик байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, эл аралык бирикмелер менен кызматташуунун артыкчылыктарын жана башка актуалдуу маселелерди карашты. Форумдун ишкердик секциялары ишкердүүлүктү колдоо жана өнөр жай тармактарын стратегиялык өнүктүрүү маселелерине арналган.​