Sign In
ЕЭК ЕАЭБдин рынокторундагы атаандаштыкты алдын алуучу методдор менен коргоону сунуштайт

ЕЭК ЕАЭБдин рынокторундагы атаандаштыкты алдын алуучу методдор менен коргоону сунуштайт

28.09.18
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рынокторундагы атаандаштыкты коргоодо демилгелүүлүк менен аракет кылууну сунуштайт.  Бул тууралуу ЕЭКтин Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Марат Кусаинов «Россиядагы атаандаштык жумалыгы» аттуу ар жылкы эл аралык иш-чаранын алкагында Федералдык монополияга каршы кызматынын Коллегиясынын кеңейтилген отурумунун жүрүшүндө билдирди.  «Мындай институттар бизде иштелип чыгып жатат жана жакынкы араларда биз аларды Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын кароосуна киргизебиз», – деп баса белгилеп өттү ЕЭК министри. 

Атап айтканда, Комиссия ачык демилгелөө механизмин иштеп чыгууну жана киргизүүнү сунуштайт. Бул атаандаштыктын чектөөлөрүн алдын ала байкоо, аныктоо жана бөгөт коюу аспабы болоору жоромолдонуп жатат.   Проблеманы жарылоо менен башталып, ачык демилгелөө атаандаштыкты чектөөнүн болушу же жоктугу тууралуу тыянак жана алдын ала таасирденүү чараларын аныктоо менен аяктоого тийиш.

«Комиссия атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуулар тууралуу арыздарды кароо менен чектелбеши керек. Биз атаандаштык жетиштүү түрдө өнүкпөгөн рынокторду өз алдынча табышыбыз зарыл», – деп Комиссиянын демилгесин түшүндүрүп кетти ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сулевич. Ошондуктан, ал, «Комиссияга бузуучуларга эскертүүлөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жана ошону менен бирге атаандаштыкты чектөөгө демилгелүүлүк менен таасирденүү механизмдерин түзүү максатка ылайык келет», – деп эсептейт.

Марат Кусаиновдун айтымында чек ара аралык рыноктордогу жеке териштирүүлөрдүн жыйынтыктары жана илимий-изилдөө иштеринин корутундулары атаандаштыкты коргоо боюнча ЕЭКтин бул механизминин негизи болот. Андан тышкары, «ачык демилге ЕЭКтин жана улуттук монополияга каршы органдардын адистеринин талдоочулук иштеринин интеграциясына негизденет», – деп белгиледи министр.

Ошондой эле ЕЭК Бирлик рынокторундагы чет өлкөлүк адамдардын атаандаштыкка каршы аракеттерине бөгөт көюу боюнча Комиссияга ыйгарым укуктардын берилиши үчүн аракет кылат. «Ири эл аралык компаниялардын мындай аракеттери өзүнүн артынан ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторуна атаандаштыкка каршы практикалардын өтүп кетишине алып келет. Буга байланыштуу, атаандаштыкты коргоо боюнча Комиссиянын демилгелөө ишин бул чөйрөдөгү өзүн актабаган чектөөлөрдөн арылтуу сунушталат», – деп айтты Марат Кусаинов. 

ЕЭКтин башка демилгелеринин ичинде – атаандаштыкты адвокаттоонун күчөтүлүшү бар. Бул үчүн 2017-жылы ЕЭКтин атаандаштыкты жана монополияны жөнгө салуу боюнча блогу бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматын – Коомдук кабылдаманы сунуш кылды. Бул ар бир ишкерге ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы атаандаштыкты коргоонун укуктук негиздери жана бузулган укуктарын коргоо үчүн Комиссияга кайрылуунун эрежелери тууралуу билимдерди алууга мүмкүнчүлүк берет.