Sign In
ЕЭК министри Гегам Варданян: "Чексиз жумуш" издөө тутуму" эмгек миграциясын эсепке алуу маалыматтык тутумунун сервистеринин бири болуп калышы мүмкүн"

ЕЭК министри Гегам Варданян: "Чексиз жумуш" издөө тутуму" эмгек миграциясын эсепке алуу маалыматтык тутумунун сервистеринин бири болуп калышы мүмкүн"

IMG_6763.jpg
28.08.20
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отурумунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин алкагында ишке ашырылып жаткан "Чексиз жумуш" бир түргө келтирилген издөө тутуму" деп аталган долбоордун аткарылышы жөнүндө отчётту көрсөттү. 
Министр долбоорду түзүүнүн ылдамдыгын өзгөчө белгилеп өттү. Атап айтканда, ал башталгандан тарта бардык уюштуруучулук иш-чаралар аткарылды, типтүү программалык камсыздоо түзүлдү, Бирликтин бардык беш өлкөсүндө интеграциялык иштер өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө бардык улуттук компоненттердин катышуусунда тутумдун эксплуатацияланышын сыноо жүрүүдө.

"Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө биз иштерди аткаруунун жогорку ылдамдыгын жана сапатын байкоодобуз. Алдын ала автономдуу жана комплекстүү сыноолорду өткөрүүдө биз Бирликтин өлкөлөрү менен биргеликте бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды толук көлөмдө иштеп чыктык. "Чексиз жумуш" бир түргө келтирилген издөө тутуму" долбоору, зарыл болсо, эмгек миграциясын эсепке алуу маалыматтык тутумунун сервистеринин бири болуп калышы мүмкүн", – деди Гегам Варданян.

Белгилей кетсек, тутумду ишке салуунун натыйжасында эмгек рыногунун шарттары кеңейтилмекчи. Алсак, Бирликтин жарандары үчүн өзүнүн өлкөсүндө да, "бешилтиктин" өлкөлөрүндө да жумушка орношуу үчүн; жумуш берүүчүлөр үчүн – персоналды издөө үчүн аянтчалардын тизмегин кеңейтүү үчүн; мүчө мамлекеттер үчүн – ЕАЭБдин эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн заманбап жана натыйжалуу санариптик аспаптарды киргизүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.