Sign In
ЕЭК ЕАЭБга катышуучу өлкөлөрдүн кызматташуусу үчүн экономиканын артыкчылыктуу чөйрөсүн аныктоонун үстүндө иш алып барууда

ЕЭК ЕАЭБга катышуучу өлкөлөрдүн кызматташуусу үчүн экономиканын артыкчылыктуу чөйрөсүн аныктоонун үстүндө иш алып барууда

25.05.15

22-майда Астанада VIII Астана экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык саясатынын Макроэкономикалык саясат департаменти тарабынан уюштурулган «Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) жана башка аймактык биримдиктерде экономикалык өсүш стратегиялары жана интеграция натыйжалары» сессиясы болуп өттү. Интеграциянын негизги багыттары жана ЕЭК макроэкономикасы боюнча Коллегиянын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая сессиянын модератору болду.

Спикерлерге жана дискуссиянын катышуучуларына бир күн мурдагы «Ааламдашуу шартында евразия интеграциясынын өнүгүү векторлору» сессиясында дүйнөнүн аймактык бирикмелеринин ортосунда болгон диалогдон, аймактык бирикмелердеги макроэкономикалык жагдайды, интеграциялык процесстердин айкын жана потенциалдуу натыйжаларын талкуулоого өтүү сунушталган.

Дискуссияга ЮАР Эл аралык мамилелер жана кызматташуу департаментинин Азия жана Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн директору, ЮАРдын БРИКСтеги су-шерпи Анил Суклал, Чилинин Россиядагы Соода-экономикалык комиссиясынын директору Хосе Кампусано Аларкон, PricewaterhouseCoopers Россиядагы төрагасы Дэвид Грэй, Macro Advisory өнөктөш-уюштуруучу Кристофер Уифер, РФ Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Алексей Ведев, Тышкыэкономбанктын төрагасынын орун басары- Башкарманын мүчөсү Андрей Клепач, Экономикалык жана финансылык иштеп чыгуулар борборунун (ЭФИБ) прикладдык программаларынын директору Наталья Волчкова катышышты.

ЕЭК Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Евгений Хотулёв сессияда чыгып сөз сүйлөө менен оор макроэкономикалык жагдайды эске алып, евразия экономикалык бирлигин узак мөөнөттүү экономикалык өнүктүрүүнүн мүмкүн болуучу стратегияларын жана сценардык шарттары менен тааныштырды. «Узак мөөнөткө каралган келечекте негизги интеграциялык аракеттер Бирликке мүчө мамлекеттердин өзгөрүп турган ааламдашуу шартында ийгиликтүү экономикалык өнүгүүсү үчүн «мүмкүнчүлүк терезесин» издөөгө жана жаратууга багытталууга тийиш»,- деп белгиледи Евгений Хотулёв.

Өз кезегинде, ЕЭК Макроэкономикалык саясаты департаментинин директорунун орун басары Андрей Липин сессиянын катышуучуларына ЕАЭБдагы айкын жана потенциалдуу интеграциялык эффектилерге баа берүүнүн натыйжаларын көрсөттү. Анын сөзү боюнча, сунушталган баа берүүлөр Департаменттин комплекстүү жана жөнөкөй эмес ишинин натыйжасы болуп саналгандыгына карабастан, «Комиссия бул баа берүүгө мүмкүн болгон таасирлердин бир бөлүгү гана экендигине жооп берет. Институттардын өз ара жайылышы, узак мөөнөттүү тармак аралык аспектилер, илимий-техникалык прогресстин динамикасы сыяктуу көптөгөн сапаттуу өзгөрүүлөр бар, аларга баа берүү дайым эле мүмкүн боло бербейт, бирок булардын таасири олуттуу».

Бирликке мүчө мамлекеттер үчүн потенциалдуу (болжолдонуучу) экономикалык таасирлеринин масштабы интеграциялык процесстердин деңгээлине жана тереңдигине, интеграциялык чаралардын өз убагында көрүлүшүнө, мазмундуулугуна жана дымактуулугуна түздөн-түз көз каранды болот, сессиянын корутунду бөлүгүндө мыкты тажрыйбаларды эске алуу менен интеграциялык артыкчылыктарды тандоо маселелерин талкуу болуп өттү.

Мындан тышкары, интеграциялык чараларды иштеп чыгуунун жана колдонуунун өзгөчөлүктөрү жана алардын улуттук саясаттар менен айкалышуусу боюнча маселелер да көтөрүлдү. Бул темага комментарий берүү менен ЕЭК Макроэкономикалык саясаты департаментинин стратегиялар бөлүмүнүн башчысы Юлия Чалая белгилегендей, ЕАЭБ жана анын жөнгө салуучу органы ЕЭК- интеграциянын милдетин түзүүдөн аны ишке ашыруунун жигердүү баскычына өткөн абалда турат. Дүйнөнүн интеграциялык бирикмелеринин колдонулуп жаткан тажрыйбаларында интеграциялык курулуштун маанилүү элементи болуп аймактык бирикмеде өнөктөш өлкөлөрдүн атаандаштык артыкчылыктарын максималдаштыруу боюнча программанын болушу саналат. Бул үчүн критерийлердин катарынан кызматташууга ыңгайлуу экономика чөйрөлөрү аныкталат. Ушундай эле маселе Комиссия тарабынан да чечилүүдө. Көптөгөн концептуалдуу жана методологиялык ыкмалар аны чечүүнүн алкагында Бирликти 2030-жылга чейин экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын долбоорунда каралган.