Sign In
Молдова Республикасы – ЕАЭБ: кызматташтыктын перспективалары

Молдова Республикасы – ЕАЭБ: кызматташтыктын перспективалары

28.02.20
Кишинёвдун алдыңкы жогорку окуу жайларынын жаш эксперттери жана профессордук-окутуучу курамы үчүн өткөрүлгөн "Молдова Республикасы – ЕАЭБ: кызматташтыктын перспективалары" деп аталган конференцияда Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүү маселелери каралды. Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Гоар Барсегян катышты.
ЕЭК өкүлү ЕАЭБдин беш жылдык ишинин жыйынтыктары жана анын өнүгүү перспективалары тууралуу айтып берди. "Бирлик институционалдык жактан калыптанды жана анын өлкөлөрүнүн макроэкономикалык стабилдүүлүгүн камсыз кылды. Бирликтин мамлекет башчылары интеграцияны ал заманбап экономикалык реалдуулукка жооп бере ала тургандай кылып, андан ары тереңдетүүнү көздөшүүдө. Интеграциянын жаңы багыттары ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын негизин түздү, жана бүгүнкү күндө Комиссия декларациянын жоболорун конкреттештирүүгө жана өнүктүрүүгө жана ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти оптималдаштырууга багытталган стратегиялык документтин үстүнөн иштөөдө", – деди Комиссиянын өкүлү.
Гоар Барсегян ЕЭКтин алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча иш-аракеттерине басым жасады. Ал ЕАЭБди илимий-техникалык өнүгүү жана инновациялар аймагына айланышынын маанилүүлүгүн, ошондой эле Бирликтин жарандарынын евразиялык интеграцияны колдоосунун актуалдуулугун баса белгиледи. 2020-жылда Беларусь Республикасынын Бирликтин органдарындагы төралагынын демилгелеринин алкагында аталган иштин баары ЕЭКтин кызматкерлери тарабынан активдештирилди.
ЕАЭБдин жана Молдова Республикасынын өз ара аракеттенүүсү тууралуу айтып жатып, Гоар Барсегян Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин ишинде үзүлтүксүз катышкан, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун өзгөчө ролун баса белгилеп өттү.

Гоар Барсегян Молдованын бийлик органдарынын өкүлдөрүн биргелешкен жумушчу топтун ишине активдүүрөөк катышууга чакырды. "Бул жылы Молдованын аткаруучу органдарынын өкүлдөрү жумушчу топтун ишине кошула башташат деп үмүттөнөм. Атап айтканда, 2020-жылдын январь айында Молдова Республикасынын Премьер-министри Ион Кику алгачкы жолу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Алматада өткөрүлгөн отурумуна катышты. Бул биздин өз ара аракеттенүүбүздүн өнүгүшү үчүн абдан зарыл болгон түрткүнү бермекчи", – деди ЕЭК департаментинин директорунун орун басары.
Ошондой эле, Гоар Барсегяндын Молдовага сапарынын жүрүшүндө 2020-жылдын май айында Кишинёвдо биргелешкен жумушчу топтун 4-отурумун өткөрүү жөнүндө келишкендикке жетишилди.