Sign In
ЕЭК ЕАЭБдин 2017-2018-жылдардагы өнүгүүсү жөнүндө баяндаманы даярдады

ЕЭК ЕАЭБдин 2017-2018-жылдардагы өнүгүүсү жөнүндө баяндаманы даярдады

28.02.20

  2017-2018-жылдарда ЕАЭБ өлкөлөрү экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун олуттуу түрдө жогорулатууга жетишишти. ЕЭКтин Макроэкономикалык саясат департаменти 2017-2018-жылдардын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндамада ушундай тыянакка келишти.

     Экономикалык өнүгүүнүн негизги драйверлери Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандагы аяккы керектөөгө чыгымдардын өсүшү жана дүң чогултуу, ошондой эле Россия жана Казакстандагы жагымдуу баа конъюнктурасынын шарттарында таза экспорттун өсүшү болду. Айрым өнөр жай тармактарында жана кызмат көрсөтүүлөр секторунда фрагментардык өсүү катталган.

     Баяндамада 2017-2018-жылдарда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эл аралык рейтингдердеги позицияларынын бекемделүүсүнүн улангандыгы, бирок бул тике чет элдик инвестициялардын агымынын (ЧИА) өсүшүнө таасир бербегендиги баса белгиленет. ЕАЭБде келүүчү ЧИА 2016-жылдан тарта беш эсеге азаюу менен, 2010-жылдан берки минималдуу маанилерге жетти. Экономиканын реалдуу секторунун инвестициялык активдүүлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук (улуттук) банктарынын рестриктивдүү акча-насыя саясаты менен жана, натыйжа катары, улуттук экономикалардын төмөнкү монетизациялоо деңгээли менен тизгинделип турду (өнүккөн өлкөлөргө караганда 2-4 эсе төмөн).

   Макроэкономикалык саясат департаментинин баалоолору боюнча, 2015-2016-жылдарга салыштырмалуу ЕАЭБдин интеграциялык мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын аягына чейин пайдаланбоонун деңгээли жогорулады. Экономикалык өсүштүн учурдагы темптери ЕАЭБдин дүйнөлүк ИДӨдөгү үлүшүнүн өсүшүн камсыз кылбайт, ал эми дүйнөлүк соодага катышуу экспорттун өсүшүнүн туруктуу траекториясына чыгууга мүмкүндүк бербейт. 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБдин ИДӨсүнүн илим сыйымдуулугу дүйнөлүк орточо деңгээлден эки эсе төмөн бойдон калган жана алдыңкы өлкөлөрдөн (Корея, АКШ, Япония) үч-төрт эсе артта калган.

          Евразия экономикалык бирлигинде экономикалык өсүштүн резервдери машина куруу, жеңил жана тамак-аш өнөр жайында сакталууда. Жүгүртүүдөгү каражаттарды толуктоо үчүн насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу аркылуу өндүрүш кубаттуулуктарын кошумча жүктөө Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүн олуттуу түрдө тездетиши мүмкүн.​