Sign In
ЕЭК жана АСЕАН коронавирустан кийинки мезгилде экономикаларды калыбына келтирүү боюнча семинарды өткөрүшмөкчү

ЕЭК жана АСЕАН коронавирустан кийинки мезгилде экономикаларды калыбына келтирүү боюнча семинарды өткөрүшмөкчү

27.07.20
АСЕАНдын экономика боюнча улук кызмат адамдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү депраптаментинин директору Гоар Барсегян өкүлдөгөн жолугушуусунда коронавирустан кийинки мезгилде эки региондун экономикаларын калыбына келтирүү маселелери, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн учурдагы күн тартиби көңүл борборунда болду. Аталган иш-чара 25-июлда видеоконференция форматында өткөрүлдү.

"2018-жылда ЕЭКтин жана АСЕАНдын ортосундагы экономикалык кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин бирикмелердин ортосундагы өз ара аракеттенүү бир кыйла динамикалуу өнүгүүдө. 2020-жылда бир катар бетме-бет иш-чаралардын, анын ичинде Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагындагы ЕАЭБ – АСЕАН бизнес-диалогунун аргасыз жоюлгандыгына карабастан, биз мурдагыдай эле биргелешкен ишти жана биздин уюмдардын ортосундагы Кызматташтык планын ишке ашырууну активдештирүүгө карай курсту сактоодобуз", – деп билдирди ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору.

Гоар Барсегян АСЕАНдагы өнөктөштөрдү Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы күн тартиби, анын ичинде евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын үстүнөн иш тууралуу маалымдады. Ошондой эле, ЕЭК өкүлү COVID-19 пандемиясынан кийин экономикаларды калыбына келтирүү жана интеграциялык бирикмелердин деңгээлинде керектүү чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча биргелешкен семинарды өткөрүүнү сунуш кылды. Иш-чаранын форматы жакынкы убакытта аныкталмакчы.

АСЕАНдын экономика боюнча улук кызмат адамдары "ЕАЭБ жана АСЕАНдагы регионалдык экономикалык интеграция" деп аталган семинардын жыйынтыктары боюнча иштелип чыккан сунуштамаларды колдоого алышты. Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучулары ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жана АСЕАНдын башкы катчысы Лим Джок Хойдун 2020-жылдын февраль айында болуп өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө талкууланган маселелерди карап чыгышты.

Катышуучулар август айынын аягында ЕЭКтин жана АСЕАНдын экономика министрлеринин деңгээлинде өткөрүү пландаштырылып жаткан кийинки жолугушуунун күн тартибин макулдашышты.

Маалымат

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) – 1967-жылы негизделген экономикалык бирикме. Ассоциациянын катышуучулары – Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин, Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Камбоджа. Папуа-Жаңы Гвинея жана Чыгыш Тимор байкоочу статусуна ээ. Бул эң ири регионалдык интеграциялык бирикмелердин бири болуп саналат. Анын жалпы ИДӨсү 2,6 трлн АКШ долларын, тышкы соода жүгүртүмү 2,5 трлн АКШ долларын түзгөн жана калкынын саны 622 млн адамды түзөт.

ЕЭКтин жана АСЕАНдын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылдын ноябрында кол коюлган. Ал Евразия континентинин масштабында интеграциялык блоктордун өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулоо боюнча диалогдук аянтчаны түзүү үчүн пайдубалды түзөт.

Меморандумду ишке ашыруу үчүн 2019–2020-жылдарга карата Кызматташтык программасы кабыл алынган. Ал бажылык мыйзамдар жана укук колдонулуучу иш-тажрыйбаны, соода саясатын, ишкердик ишмердикти, техникалык жана монополияга каршы жөнгө салууну, СФС-чараларды, энергетиканы, ички рыноктордун ишин ж.б. камтыйт.​