Sign In
ЕЭК Коллегиясы авиакуруучуларды жана балыкты кайра иштетүүчүлөрдү колдоду

ЕЭК Коллегиясы авиакуруучуларды жана балыкты кайра иштетүүчүлөрдү колдоду

27.11.17

Биримдик өлкөлөрүнө киргизилген товарлардын ар кандай түрлөрүнө кириш бажы алымдарынын чендерин өзгөртүү, жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү агроөнөр жай комплексиндеги жагдайды талкуулоо 27-ноябрда өткөн ЕЭК Коллегиясынын отурумунун негизги темалары болду.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ББТ кириш бажы алымдарынын турбореактордук кыймылдаткычтардын айрым түрлөрүнө карата нөлдүк ченинин аракети узартылды. Аталган чара МС-21 түрлөрүндөгү жарандык аба кемелери үчүн арналган, тартуучу күчү 110 кН ашык, бирок 145 кН ашык эмес, турбореактивдүү кыймылдаткычтарга (ЕАЭБ ТЭИ ТН 8411 12 300 7 жана 8411 12 800 1 коддору) тиешелүү жана 2020-жылдын 31-декабрына чейин колдонууда болот. Каралган товарларга карата ЕАЭБ ББТ кириш бажы алымынын чени бажы наркынын 5%  түзөт.  Буга чейин импорттолуучу кыймылдаткычтардын бул түрлөрүнө карата кириш бажы алымдарынын нөлдүк чени 2014-жылы Комиссиянын Коллегиясынын чечими менен аныкталган.

Россиялык тараптын маалыматы боюнча, азыркы учурда ата мекендик заманбап учактар үчүн мындай турбореактивдүү кыймылдаткычтар ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлбөйт.

Кириш бажы алымдарына нөлдүк чендин аракетинин мөөнөтүн узартуу бошотулган каражаттарды өндүрүш базасын жана авиакуруу өнөр жайынын ИИТКИ өнүктүрүүгө багыттоого, ошондой эле Биримдик өлкөлөрүндө өндүрүлгөн учактар үчүн жабдуулардын жана себилдегичтердин наркын төмөнтүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин Бирдиктүү бажы тарифинин кириш бажы алымынын тоңдурулган балыктардын айрым түрлөрүнө, балык филесине, сурими, криля жана моллюсктарга карата чендеринин бажы наркын 0%на чейин төмөндөтүү жөнүндө маселени карады.  Моллюсктарга жана антарктикалык крилге чендерди нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чара 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдонулмакчы.

Тоңдурулган балыктын айрым түрлөрүнө, балык филесине, суримиге карата маселе ЕЭК Кеңешинин кароосуна чыгарылат, анткени продукциянын бул түрлөрүнө карата тарифтик коргоону төмөндөтүү жөнүндө чечим ошол деңгээлде кабыл алынат.

Бүгүнкү күндө аталган өнүмдөргө карата ББТ алымдарынын чени бажы наркынын  8-15% пайызын түзөт. Алымдарды төмөндөтүү балыкты кайра иштетүүчү тармакты өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө чыгарылган даяр продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, балыктарды жана деңиз азыктарын терең кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктарды жүктөөнү жогорулатууга, экспортту көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Балыкты жана деңиз азыктарын терең кайра иштетүү боюнча ишканаларда өндүрүштүн өсүшү ички рынокту жогорку сапаттагы продукция менен толтурууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК маалыматына караганда, балыктын айрым түрлөрүнүн, балык филесинин, моллюсктардын жана тоңдурулган суриминин импортунун көлөмү 2016-жылы 74,82 тыс. тоннаны түзгөн, анын жалпы суммасы 139,74 млн АКШ доллары болгон, бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөрдөн бир нече эсе көп (67 тыс. тоннага, суммасы 119,28 млн АКШ долларына барабар).   Негизги жеткирүүчүлөр - алыскы чет өлкөлөр.

2016-жылдагы импорттун жалпы көлөмүндө Россия Федерациясынын үлүшү 92,6%ды, Беларусь Республикасыныкы - 6,6%ды, Казакстан Республикасыныкы - 0,6 %ды түзгөн.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда кызматтык жана жарандык куралдарды, ошондой эле озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны ташууга уруксат берүүчү документтин бирдиктүү формасын бекиткен.

Уруксат берүүчү документти иштеп чыгууда негиз катары бул товарларды ЕАЭБге үчүнчү өлкөлөрдөн алып кирүүдө (ташып чыгарууда) колдонулган уруксат берүүчү документтердин бирдиктүү формасы алынган.

ЕЭК Коллегиясынын чечими ташуунун бардык түрлөрүнө бир документти колдонууга мүмкүндүк берет. Бул мүчө мамлекеттердин өз ара сооданы жүргүзүүдө продукцияны учетко алууну жөнөкөйлөтөт, уруксат берүүчү документтин жана тийиштүү бланктардын жаңы бирдиктүү формасын толтуруу үчүн кошумча программалык камсыздоону иштеп чыгуу зарылчылыгын жокко чыгарат. Мындан тышкары, Биримдик өлкөлөрүндө уруксат берүүчү документтерди бирдиктүү форма боюнча берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү иштелип чыгарылган.

2017-жылы Биримдик өлкөлөрүндө айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун көлөмдөрүнүн жана механизмдеринин маалыматтык-аналитикалык сереби жактырылган. Документке ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан айыл чарбасын колдоонун учурдагы тажрыйбасын талдоо, агрардык чөйрөдө өлкөлөрдүн салык саясаттарынын салыштырмалуу мүнөздөмөлөрү, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен тармакты салыктык өбөлгөлөө боюнча сунуш-көрсөтмөлөр киргизилген. Ал айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун айкындыгын жана тармакты субсидиялоонун артыкчылыктуу тараптары жөнүндө тараптардын маалымдуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорский  белгилеп өткөндөй, инфраструктурага байланыштуу кызматтарга, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыяларды берүүдө банктарга чыгымдарды компенсациялоого, инвестициялык салымдарды компенсациялоого жана сүт мал чарбачылыгын субсидиялоого олуттуу каражаттар каралган. ЕЭКтин агроөнөр жай саясат департаментинин баалоосу боюнча, быйылкы жылы товардык сүттүн бир тоннасына карата колдоонун көлөмү Беларуста, Россияда жана Казакстанда 2015-жылга салыштырмалуу доллардык эквивалентте 15-35% га төмөндөгөн. ЕЭК министри баса белгилегендей, 2017-жылы Казакстандан жана Кыргызстандан бөлөк, ЕАЭБтин бардык мамлекеттеринде айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун көлөмдөрүнүн кыскаруусу боюнча тенденция байкалган.

ЕЭК Коллегиясы “Мамлекеттик колдоо чараларын кошо алганда, агрардык рынокту мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуунун натыйжалуулугун арттыруу жөнүндө” сунуш-көрсөтмөнү долбоорун жактырды.

Документ ЕАЭБ өлкөлөрүнө АӨК чөйрөсүндө инновацияларды, инвестицияларды өбөлгөлөөгө жана илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө, айыл чарба ишканаларынын финансылык жана экономикалык туруктуулугун камсыздоого, айыл чарба продукциясынын рынокторун, өндүрүүчүлөрдүн тобокелдерин камсыздандыруу системасын өнүктүрүүгө ж.б. багытталган чараларды иштеп чыгууну сунуштайт.

Биримдик мамлекеттери көрө турган чаралар азык-түлүккө керектөөчүлүк бааларды түзүүнүн жалпы тизмегинде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн үлүшүн көбөйтүүгө, тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, айыл чарбачылыгынын каржылык туруктуулугун камсыздоого өбөлгө түзмөкчү.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясынын жана БУУнун Латын Америкасы жана Кариб бассейни үчүн Экономикалык комиссиясынын (ЭКЛАК) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды.

Бул документке кол коюу Бириккен Улуттар Уюмунун аймактык экономикалык комиссиялары менен аймактык экономикалык интеграциянын процесстерин талдоо, аймактык интеграциялык бирикмелердин жана улуттуктун үстүндөгү түзүмдөрдүн алкагында макулдашылган саясат жүргүзүү чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иштердин логикалуу уландысы болмокчу.

Комиссиянын ЭКЛАК менен кызматташуусу ЕАЭБ алкагында аймактык интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнүн андан аркы эксперттик-аналитикалык коштоосуна, эл аралык аренада Комиссиянын позицияланышына, ошондой эле БУУнун эл аралык жана аймактык демилгелеринин контекстинде актуалдуу милдеттерди жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна оң таасирин тийгизмекчи.  ЭКЛАКтын мүчөлөрү болуп Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин 33 мамлекети, ошондой эле Түндүк Американын, Европанын жана Азиянын өлкөлөрү, 13 ассоциирленген мүчөлөр киришет.