Sign In
ЕАЭБдин Кытай жана Европа менен айкалышуусу - Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн негизги идеясы

ЕАЭБдин Кытай жана Европа менен айкалышуусу - Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн негизги идеясы

27.10.20
Пандемиянын дүйнөлүк жана улуттук экономикаларга тийгизген таасирин, ошондой эле эл аралык сооданы чыңдоо чараларын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана Кытай Эл Республикасынын экономикалык жана тышкы саясат министрликтеринин башчылары, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев ЕАЭБ менен Кытайдын Соода-экономикалык кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен комиссиянын биринчи отурумунун алдында талкуулашты. Талкуу ЕАЭБ Ишкердик кеңешинин, РӨИБ жана "Ишкердик Россиянын" жалпы колдоосу менен ЕЭК тарабынан уюштурулган “Евразия экономикалык бирлигинин жана “Бир алкак, бир жол” кытай демилгесинин айкалышы” видео форумунун пленардык сессиясынын алкагында болуп өттү.

"Пандемия бир катар процесстердин катализатору болуп калды. Биринчи кезекте, бул санариптештирүүнү күчөтүү жана жаңы технологиялык тартипке өтүү. Пандемиянын эң коркунучтуу тенденциясы жана натыйжасы - Дүйнөлүк банк болжолдогон, Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки дүйнөлүк экономиканын терең рецессиясы эмес, саясий жана соода жаңжалдарынын курчушу, Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу универсалдуу институттун ишмердүүлүгүнүн солгундашынын шартында, эл аралык турмуштун чачыранды абалга келиши", - деп билдирди Андрей Слепнев өз сөзүнүн алкагында. Ал заманбап дүйнө эл аралык мамилелердин бардык катышуучуларынын аракеттерин координациялоону талап кылат деген ишенимин билдирди. Рационалдуу экономикалык чечимдерди жетекчиликке алуу менен гана, глобалдык чакырыктарга жооп берүүгө болот.

Пандемияга байланыштуу соода жүгүртүүнүн бир аз азайгандыгына карабастан, Кытай ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин Азиядагы негизги стратегиялык жана соода өнөктөшү бойдон калып, тышкы соода жүгүртүмүндө биринчи орунду ээлейт.  2020-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүнүн 20,1%ы Кытай менен болгон. Ушул жылдын экинчи кварталынын ортосуна чейин дүйнөдө ишкердүүлүктүн төмөндөшүн эске алганда, ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн 6,3%га төмөндөшүн олуттуу эмес деп эсептөөгө болот.

Андрей Слепневдин айтымында, ЕАЭБ өзүнүн жагымдуу географиялык жайгашуусунун жана жалпы жөнгө салуусунун аркасында Европа бирлиги менен Азия-Тынч океан аймагынын ортосунда экономикалык көпүрө боло алмак. "ЕАЭБ бир жагынан Кытай менен, экинчи жагынан Европа менен айкалышы биз умтулуп жаткан Чоң Евразиялык шериктештиктин негизги идеясы болуп саналат", - деп билдирди министр.

Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары Ван Шоувэнь ЕАЭБ өлкөлөрү Кытайдын маанилүү өнөктөштөрү экендигин белгиледи. КЭР өкүлүнүн пикири боюнча, ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу “Бир алкак, бир жол” кытай демилгеси менен ЕАЭБдин айкалышын ишке ашыруу үчүн маанилүү жетишкендик болуп саналат. "Тараптардын биргелешкен аракеттери менен келишимди жүзөгө ашыруу регионалдык экономикалык интеграция үчүн саясий чөйрөнү түзүп, биздин кызматташтык үчүн олуттуу  институционалдык дивиденддерди алып келерине ишенем", - деп баса белгиледи КЭРдин коммерция министринин орун басары.

Ошондой эле, ал ушул жылдын февраль айынан августка чейин ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн төмөндөгөнүн белгиледи, бирок мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүнүн төмөндөө темпи башка өнөктөштөргө караганда азыраак. Бирлик өлкөлөрүнө инвестициялар тенденцияларга карабастан өсүп, 710 млн АКШ долларына жеткен жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,9%га көбөйгөн.

"КЭР менен ЕАЭБдин ортосундагы соода жүгүртүүнүн төмөндөө темпи башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн, андыктан биз товар жүгүртүүнү пандемияга чейинки деңгээлге тез калыбына келишине гана эмес, ошондой эле анын тез өсүшүнө ишенебиз. Мындай мүмкүнчүлүктөр биздин өлкөлөрдүн ортосунда эркин соода келишимин түзүүгө жол ачат, - деп эсептейт Ван Шоувэнь. - Кытай буга чейин Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү менен 17 эркин соода келишимине кол койгон жана бул келишимдердин таасири азыртан байкалып турат: Кытай менен өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы соода бир нече эсе жогорулаган". 

Баарыдан мурда, регионалдык экономикалык кызматташтык процессинде тараптар ЕАЭБ менен көп тармактуу соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жигердүү ишке ашырып, эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чогуу талкуулап жана Евразия аркылуу транспорттук логистика жана соода процедураларын жеңилдетүү жаатында Кытай - ЕАЭБ - ЕБ үч тараптуу кызматташтыкты жигердүү практикалап жатабыз, деди Ван Шоувэнь.

КЭР өкүлү ошондой эле Кытай бардык тараптарды көп тараптуу соода тутумун коргоого, протекционизмге каршы турууга, эркин сооданы колдоого, ДСУ баалуулуктарын карманууга жана базарды ачык кармоого чакырат деп белгиледи.

Ван Шоувэнь Кытай евразия аймагынын гүлдөп-өнүгүшү жана жакшы келечеги үчүн кыйынчылыктарды жеңүү максатында, Бирликтин бардык өлкөлөрү менен кызматташууга даяр экендигин белгиледи. “Кытай ЕАЭБ өлкөлөрү менен иштешүүгө, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, Кытайдын эбегейсиз чоң рыногу бар экендигин эске алуу менен, эки тараптуу сооданы кеңейтүүгө даяр. Ошондой эле, өз ара инвестицияларды көбөйтүү, аймактык ишкер чөйрөнү жигердүү жакшыртуу жана өндүрүш, курулуш, инфраструктура, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү маанилүү”, - деп билдирди КЭР коммерция министринин орун басары.

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Игорь Моргулов ЕАЭБ менен Кытайдын ортосунда түзүлгөн келишимдин күчүнө киришинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. ТИМ башчысынын орун басары макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча Биргелешкен комиссиянын биринчи отуруму ЕАЭБдин өнүгүү пландарынын жана "Бир алкак, бир жол" демилгесин айкалышынын сапаттык жаңы баскычын баштоого багытталгандыгына ишенимин билдирди.

Игорь Моргулов пандемияга адамдардын ден-соолугуна гана эмес, экономикага да доо келтирген, натыйжада дүйнөлүк рецессияга алып келген фактор катары токтолду. Ошол эле учурда, ал ЕАЭБ жана Кытайда аймагында иштер дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу жакшы экендигин билдирди.

Россиянын ТИМ өкүлү пандемия бир катар процесстердин, анын ичинде санариптештирүүнүн катализатору болгондугу туурасында ЕЭК министринин пикирине кошуларын билдирди. Ошондой эле глобалдык геосаясий ландшафттын өзгөрүшүн, демократиялуу дүйнөлүк тартиптин калыптанышын байкоого болот.

Казакстан Республикасынын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов соода өнүгүүсүнүн кризиске чейинки жогорку темптерин калыбына келтирүү үчүн ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы аракеттерди координациялоо маанилүү деп эсептейт. "Карантин жарыяланган мезгилде онлайн-соода жүгүртүү 2,5 эсеге жогорулагандыгы байкалды. Казакстан 2025-жылы онлайн-соодасынын үлүшүн 15%га чейин көбөйтүү максатын алдына койду. Электрондук аянтчалардын негизги милдети - орто бизнестин рынокко чыгуусуна тоскоолдуктарды азайтуу", - деп билдирди министр. Ошол эле учурда Казакстанда "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" жаңы мыйзамынын алкагында "бир терезе" принциби боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун санарип платформасын ишке киргизүү каралган.

Бахыт Султанов Эл аралык соода борбору жана Кытай Фондунун Түштүк-Түштүк багыты боюнча биргеликте ишке ашырылган, Казакстандын экономикасында электрондук сооданын компонентин кеңейтүү долбоору жөнүндө айтып берди жана Кытай тарапка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. "Өткөн жылы Казакстандын 50 компаниясы алтын жеткирүүчү статусу менен Алибаба аянтчасында сооданы илгерилетүү үчүн тандалып алынган. Келишимдерге кол коюла баштады", - деп маалымдады Бахыт Султанов.

оргос" Эл аралык чек ара кызматташтык борборунун жөнгө салынган темир жолдук жана автомобилдик коммуникацияларын колдонуу менен логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында иштин натыйжалары жана келечектеги пландары менен бөлүшүп, Бахыт Султанов бул физикалык инфраструктурага евразия тарыхын берүүгө чакырды.

Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Варос Симонян пандемиянын шартында социалдык колдоо жана экономикалык өнүгүү программалары менен бөлүштү. Ал ошондой эле "пандемиядан кийинки дүйнө мурдагыдай болбойт" деп белгиледи. Ошол эле учурда, жаңы сунуштар жана идеялар менен күчтүүрөөк чыгуу зарыл. ЕАЭБ жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесинин айкалышы жөнүндө айтып жатып, долбоор ири оюнчулар үчүн гана багытталган эмес, жана "чакан экономикалар" да ага көбүрөөк ийкемдүүлүк бере алаарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов Кытай менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода мамилелерин чыңдоо үчүн өлкөлөр ортосундагы тоскоолдуктарды азайтуу, өз ара экспортко өбөлгөө түзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле соода жаатында пландаштырылган долбоорлорду андан ары ишке ашыруу керек деп ишенет. Ошол эле учурда, ал ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы интеграция "кечээ пайда болгон эмес, миң жылдык тарыхы бар" деп эсептейт. Ошол эле учурда, улуттук артыкчылыктар жөнүндө сөз кыла турган болсок, Санжар Муканбетовдун пикири боюнча, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан үчүн зарыл жана маанилүү болуп саналат.

Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Александр Гурьянов ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташтыгы дүйнөдөгү азыркы оор кырдаалдан чыгуунун жолу катары каралып жаткандыгын белгиледи. Бул ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы бир жыл мурун түзүлгөн Бирлик менен Кытайдын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө келишимдин алкагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн чоң келечеги.

Анын пикири боюнча, буга чейин өзүн ийгиликтүү долбоор катары көрсөткөн "Улуу таш" индустриалдык паркынын келечеги кең, ал Белоруссия менен Кытайдын гана эмес, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн инвесторлорунун катышуусу үчүн ачык. Белоруссиянын чыгышындагы дагы бир өзгөчө экономикалык аймак "Бремино - Орша" иштелип жатат, ал жерде транспорттук-логистикалык каттамдын авиациялык бөлүгү иштелип жатат.

Талкуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Бүткүл россиялык конъюнктуралык илимий-изилдөө институтунун директору, РИА мүчө-корреспонденти Андрей Спартак белгилеп өткөндөй, видеофорумдун катышуучулары каатчылыктан чыгуу боюнча этият оптимизм билдиришти, ошондой эле экономиканын туруктуулугун жана ири инфраструктуралык долбоорлорду, санариптик чечимдерди жана санариптик платформаларды, анын ичинде электрондук соода чөйрөсүндөгү платформаларды өркүндөтүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоочу фактор катары ЕАЭБдин алкагында жана Бирлик менен КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү маанилүү экендигин баса белгилешти.​