Sign In
ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: ыйгарым укуктуу экономикалык оператор түшүнүгү жаңы мазмунга ээ болот, ЕАЭБте бажылык жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндө чечимдер кабыл алынды

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: ыйгарым укуктуу экономикалык оператор түшүнүгү жаңы мазмунга ээ болот, ЕАЭБте бажылык жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндө чечимдер кабыл алынды

27.09.17

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) атаандаштыктын эрежелерин бузуу жөнүндө маселе Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 26-сентябрындагы отурумунда каралды. 2015-жылдын январынан 2016-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгында "Новолипецк металлургиялык комбинаты" (НЛМК) жана "ВИЗ-Сталь" ЖЧКсы Биримдик өлкөлөрүнүн сатып алуучуларга бирдей эмес шарттарды түзүү менен, электротехникалык анизатроптук болот сегментинде үстөмдүк кылуучу абалын кыянаттык менен колдонушкан. Ишканаларга жана эки жетекчиге айып коюлган. Бул ЕАЭБте керектөөчүлөрдүн укуктарын жана атаандаштыктын эркиндигин коргоо боюнча, ЕЭКтин тажрыйбасындагы биринчи чечими болду.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү Комиссиянын жана Куба Республикасынын жана Таиланд Королдугунун өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюуну жактырышты. Ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү техникалык жөнгө салуу жана бажылык башкаруу маселелерин талкуулашты.

ЕЭК Комиссиясы "НЛМК" ААК жана "ВИЗ - Сталь" ЖЧК ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 76-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасын бузуп, ЕАЭБтин эки жана андан ашык мамлекеттеринин аймактарындагы трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыкка терс таасирин тийгизген иш-аракеттерди жасаган деп табышкан.

2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 30-июнуна чейин бул ишканалар абамдардын тобун түзүү менен жана Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын чек араларында бирдиктүү субъект болуу менен, 3407, 3408, 3409 маркасындагы электротехникалык анизотроптук болот рыногунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлешкен, алардын рыноктогу үлүшү 99,9%дан ашык болгон. Болоттун бул маркаларын Беларусь Республикасынын жана Казакстан Республикасынын керектөөчүлөрүнө сатууда ишканалар аяккы бааны түзүүнүн кошумча шарттарын колдонушкан - ай сайын макроэкономикалык тобокелдин коэффициентин аныкташкан, бул чыгуу баасынын жогорулашына алып келген. Бул басмырлоочу коэффициенттин өлчөмү аныкталуучу базалык баанын 23%га чейин жеткен.

Мындай иш аракеттер Беларусь Республикасынын жана Казакстан Республикасынын керектөөчүлөрү үчүн басмырлоочу шарттарды түзүү жолу менен үстөмдүк кылуучу абалды кыянаттык менен пайдалануу болуп эсептелет жана айып төлөө түрүндөгү жоопкерчиликке алып келет.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Марат Кусаинов түшүндүргөндөй, ЕАЭБ жөнүндө келишим жалпы рыноктун баа жактан басмырлоого, мүчө мамлекеттердин чек аралары боюнча рынокту сегментациялоого, керектөөчүлөрдүн айрым топторуна товарларды сатып алуунун эң жакшы шарттарын өзүнчө ылгап берүүгө жол бербейт.  Рыноктун субъекти НЛМКнын иш-аракеттери атаандаштыкты чектөө жана жалпы рыноктон Казакстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын трансформатордук жабдуулардын өндүрүүчүлөрүн бөлүп чыгарып салуу коркунучун жараткан, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен соодада аларды Россия Федерациясында ушундай эле жабдууларды өндүрүүчүлөргө салыштырмалуу начар абалга коюшкан. Ошол эле учурда "НЛМК" ААК жана "ВИЗ - Сталь" ЖЧК Беларустун жана Казакстандын керектөөчүлөрүнө продукцияны 100% алдын ала төлөө шарттарында беришкен, ал эми эсептөөлөр россиялык рублдарда жүргүзүлгөн.

ЕЭК Коллегиясы "НЛМК" ААК жана "ВИЗ - Сталь" ЖЧК иш аракеттерин ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 76-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасын бузуу деп тапкан. "НЛМК" ААК жана "ВИЗ - Сталь" ЖЧКга жана эки кызмат адамдарына коюлган айыптардын жалпы саны 217 млн рублдан ашты. Мындан тышкары, ишканалар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймактарында катталган бардык сатып алуучуларга карата үстөмдүк кылуучу иш-аракеттерди колдонбоо эскертүүсүн алышты. Чечим ал расмий жарыяланган датадан тарта 30 календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ЕЭК Коллегиясы Комиссиянын жана Куба Республикасынын жана Таиланд Королдугунун өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюуну жактырды.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая белгилеп өткөндөй, Куба Республикасы жана Таиланд Королдугу менен ЕАЭБтин экономикалык кызматташтыгы тез арымдар менен өнүгүүдө. 2017-жылдын биринчи жарымында эле ЕАЭБ менен Таиланддын соода айланымы былтыркы жылдын ущундай эле мезгилине салыштырмалуу 34% өсүп,  1,19 млрд  АКШ долларын түзгөн. Биримдик өлкөлөрүнөн Кубага экспорт 2017-жылдын биринчи жарымында былтыркы жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу  70%га өсүп, 190 млн АКШ долларынан ашкан. Өнөр жай кооперациясы, машина куруунун татаал жабдуулары боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу техникалык жөнгө салуунун, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн, бажылык башкаруунун эрежелери жана ченемдери, ошондой эле ЕАЭБте бизнес жүргүзүүгө карата башка талаптар жөнүндө системалык маалымат алмашууну камсыздоого мүмкүндүк берет. Жогорку технологиялар, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, транспорт, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшү сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн стимулдарды түзүү чөйрөсүндө өз ара иштешүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

ЕЭК Куба жана Таиланддын өкмөттөрү менен биргелешкен ишке даяр, анын ичинде өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жана кедергилерди четтетүү боюнча. Жумушчу топтор түзүлүп, аларга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Кубанын, Таиланддын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана бизнес-ассоциацияларынын, ошондой эле ЕЭКтин өкүлдөрү кирмекчи.

Меморандумдарга 2017-жылдын аягына чейин кол коюлушу мүмкүн.

ЕЭК Коллегиясы ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор (ЫЭО) статусунда иштеген компаниялардын ишмердүүлүгүн регламенттеген бир катар документтерди жактырды.

Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор (ЫЭО) статусун алууга билдирүүнүн формасы жана аны толтуруунун тартиби бекитилди. Билдирүү ЫЭО реестрине киргизүү үчүн баштапкы кадам болуп саналат. Аны "өзүн-өзү баалоонун" анкетасы деп атоого болот, анын аркасында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн (ТЭИ) катышуучусу ЫЭО статусун алуунун шарттарын алдын ала иштеп чыгат жана бажы органына алардын сакталышы жөнүндө билдирет.

Ошондой эле ЫЭО реестрине кирүү жөнүндө күбөлүктүн формасы бекитилген. Мындай күбөлүк жакка ыйгарым укуктуу экономикалык оператор статусун ыйгаруунун документалдык тастыктоосу болот.

Эскерте кетсек, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор - товарлардын эл аралык кыймылына кирген жана улуттук бажы органы тарабынан жеткирүүлөр системасынын коопсуздугунун эл аралык стандарттарына ылайык келет деп табылган юридикалык жак. Ташылуучу товарлардын жогорку стандарттарын аткаруунун аркасында оператор иштеги олуттуу артыкчылыктарды алат.

Азыркы учурда Биримдиктин аймагында ЫЭО статусунда ишин импортчулар гана жүргүзүүдө. ЕАЭБ Бажы кодекси күчүнө кириши менен мындай статусту алуу мүмкүнчүлүгү өндүрүүчүлөрдө, экспортчуларда, брокерлерде, ташуучуларда, порттордун, аэропорттордун жана терминалдардын операторлорунда, кампалардын ээлеринде жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө катышкан башка юридикалык жактарда пайда болот. Мындан тышкары, реестрге кирүүгө талаптанган ТЭИ катышуучуларында ЫЭО күбөлүгүнүн үч түрүнүн бирин өзүнүн максаттарына карата тандап алууга мүмкүнчүлүгү пайда болот. ЫЭО статусунун бири Биримдиктин бүтүндөй аймагында таанылат.

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов буга чейин билдиргендей, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун модернизацияланган институту - ЕАЭБтин жаңы Бажы кодексинин эң маанилүү новеллаларынын бири жана ал бизнес менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыгарылган. "Биз ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду мамлекеттин ишенимдүү өнөктөштөрү катары көрөбүз. Ошондуктан бизнестин бул категориясына иштеги олуттуу жеңилдиктерди берүүгө даярбыз", - деп эсептейт ЕЭК министри.

ЕЭК Коллегиясы АИВ-инфекцияланган бейтаптарын дарылоо үчүн "Алувиа" вируска каршы медициналык препаратын ЕАЭБтин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн Товардык номенклатурасынын 3004 товардык позициясында классификациялоо чечимин кабыл алды.

Чечим препарат жөнүндө аны медициналык колдонуу боюнча нускама камтылган, ошондой эле Биримдик өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин түшүндүрмөсүндөгү маалыматтын негизинде кабыл алынган. "Алувиа" ЕАЭБ ТЭИ ТН 3004 товардык позициясына киргизүүгө жатат, анткени ал микробдук келип чыгуудагы дары каражаттарына кирбейт жана өзүнүн курамында организмдин иммунологиялык реакциясын өбөлгөлөөчү вирустарды, бактерияларды, антигендерди жана алардын бөлүкчөлөрүн камтыбайт. Препарат аралашкан өнүмдөрдөн турат, вируска каршы каражат катары АИВ-инфекцияланган бейтаптарды дарылоо үчүн колдонулат, чекене сатуулар үчүн таңгактарда ченемделген дары формалары (таблеткалар) түрүндө өлчөнгөн.

ЕЭК Коллегиясы Биримдик өлкөлөрүндө дарылардын өндүрүш процессин валидациялоо боюнча колдонмону пайдалануу боюнча сунуш-көрсөтмөнү жактырды.

Биримдик өлкөлөрүнүн алдыңкы эксперттери менен биргеликте Комиссия тарабынан иштелип чыгарылган документ Биримдикте дары препараттарын каттоо үчүн алардын каттоо досьесин даярдоодо, препараттын каттоо досьесин Дары каражаттарын медициналык колдонуу үчүн каттоонун жана экспертизанын эрежелерине ылайык келтирүүдө, ошондой эле өндүрүш аянтчаларын ЕАЭБтин Талаптагыдай өндүрүш тажрыйбасынын эрежелерине ылайыктыгын инспекциялоонун жүрүшүндө колдонулат.  Колдонмодо дары каражатынын "жашоо циклинин" аралыгында анын сапатын камсыздоо үчүн иш-аракеттердин ырааттуулугу катары өндүрүш процессин валидациялоого карата бирдиктүү ык-амалдарды камтыйт жана препараттын каттоо досьесинде тийиштүү дайындарды келтирүүнүн форматын аныктайт. Документ фармацевтикалык тармактагы өндүрүш процесстери биримдиктеги мыйзамдардын талаптарына шайкеш келүүсүн баалоодо колдонулат.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин "Өрт коопсуздугун жана өрт өчүрүүнү камсыздоо каражаттарына карата талаптар жөнүндө" техникалык регламентин колдонуу боюнча өткөөл жоболорду аныктады, ал 2020-жылдын 1-январында күчүнө кирет.  Өткөөл жоболор өндүрүүчүлөр өздөрүнүн өндүрүш базасын биримдиктик документтин ченемдерине ылайык келтирүүгө жетишүүсү үчүн зарыл.

Техрегламент ЕЭК Кеңеши тарабынан быйылкы жылдын июнунда кабыл алынган жана өрт өчүрүү автоматикасынын, өрт өчүргүчтөрдүн, көбүк пайда кылуучулардын, дем алуу органдарын жекече коргоо каражаттарынын жана башка  өрт өчүрүү жабдууларынын жана механизмдеринин коопсуздук системасына талаптарды аныктайт. Документтин жоопту иштеп чыгаруучусу - Россиянын ӨКМи.

ЕАЭБтин техникалык регламенти күчүнө киргенден кийин дагы 18 ай Биримдик өлкөлөрүнүн ишкерлери өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт өчүрүү каражаттарын жүгүртүмгө чыгара алышат, эгерде аларда 2020-жылдын 1-январына чейин берилген шайкештикти баалоо жөнүндө документтер бар болсо. Техрегламент күчүнө кирген датадан баштап 12 айдын аралыгында, техрегламент күчүнө кирген күнгө чейин шайкештикти милдеттүү баалоого жатпаган продукцияны чыгарууга жол берилет. Мындай продукция анын кызмат мөөнөтүнүн жана/же пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде жүгүртүлүшү мүмкүн.

ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү ЕАЭБтин "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке карата стандарттардын тизмесине өзгөртүүлөрдү жактырышты. Тизме эл аралык (ISO, IEC) жана европалык (EN) документтердин жаңы версияларынын негизинде иштелип чыгарылган беш мамлекеттер аралык стандарттар менен толукталган. Жети улуттук стандарт жаңы иштелип чыгарылган мамлекеттер аралык версияларга алмаштырылган. Мындан тышкары, тизмеге гигиеналык коопсуздуктун талаптарын көзөмөлдөөнүн ыкмаларын аныктаган 33 документ кошумчаланып киргизилген.