Sign In
ЕАЭБга мүчө мамлекеттерде жумушсуздардын саны 2015-жылдын июнь айынын акырына карата экономикалык жигердүү калктын 1,3% түзгөн.

ЕАЭБга мүчө мамлекеттерде жумушсуздардын саны 2015-жылдын июнь айынын акырына карата экономикалык жигердүү калктын 1,3% түзгөн.

27.07.15

Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерде калкты жумуш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 2015-жылдын июнь айынын акырына карата 1 212,1 миң адамды же экономикалык жигердүү калктын 1,3% түзгөн. 2014-жылдын июнуна салыштырганда Арменияда катталган жумушсуздардын саны 19,6%, Беларусияда – 2,2 эсеге, Казакстанда – 7,8%, Россияда – 10,9%, Кыргызстанда – 2,5% азайган.

2015-жылдын июнунда өткөн айга салыштырганда жалпысынан алганда ЕАЭБ боюнча катталган жумушсуздардын саны 32,3 миң адамга же 2,6% төмөндөгөн.

Мынданары окуңуз​