Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жардамчысы Александр Прокофьевич Зинченко дүйнөдөн кайтты

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын жардамчысы Александр Прокофьевич Зинченко дүйнөдөн кайтты

27.07.15

2015-жылдын 26-июлунун таңында 68 жаш курагында Александр Прокофьевич Зинченко көз жумду.

Ал акылы ар дайым курч, кажыбас кайраттуу, мыкты инсан эле.

Александр Зинченко  өз өмүрүн башкаруу теориясын жана тажрыйбасын иштеп чыгууга арнаган жана россиялык усулдук мектептин бирден бир жаркын өкүлдөрүнүн бири болгон.

В.Б. Христенконун командасында 15 жылдан ашык ар кандай позицияда эмгектенүү менен ал, акыркы жылдары Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын орун басары катары евразия экономикалык долбоорунда иштеп келген.

Александр Зинченко – башкаруу методологиясы маселелери боюнча жүздөн ашык китептин жана статьялардын автору, «Башкаруунун методологиялык мектеби» аталган сегиз томдук басылманын авторлошу.

 Александр Прокофьевич өз өмүрүнүн көбүн билим  берүүгө арнаган. Ал балдар жана жаштар менен иштегенди өтө сүйгөн, аларды гана коомдун дайыма көңүл бөлүп турууга татыктуу бөлүгү деп билген.

Александр Зинченко өтө тартиптүү адам боло турган жана өзүнө алган бардык милдеттенмелерди ар дайым так аткарган.

 Жакында эле ал кичүү уулун үйлөнтүп, өтө бактылуу болуп турган эле.

 Александр Зинченконун жаркын элеси түбөлүк биздин эсибизде калат.